Шужа шах Дуррани
| Шужа шах Дуррани Пушту شاه شجاع درانی | |||
| |||
|---|---|---|---|
| 1803 — 1809 | |||
| Андан мурунку: | Махмуд шах Дуррани | ||
| Андан кийинки: | Махмуд шах Дуррани | ||
| |||
| 1839 — 1842 | |||
| Андан мурунку: | Дост Мухаммад хан | ||
| Андан кийинки: | Акбар хан | ||
| Дини: | Ислам | ||
| Туулган жылы: | 4-ноябрь 1785-жыл- | ||
| Каза болгон жылы: | 5-апрель 1842-жыл | ||
| Каза болгон жери: | Кабул, Ооганстан Эмирлиги | ||
| Уруусу: | Дуррани | ||
| Атасы: | Тимур шах Дуррани | ||
Шужа шах Дуррани (4-ноябрь 1785-жыл — 5-апрель 1842-жыл) — 1803—1809-жылдары Дуррани империясынын шахы, 1839-жылдан өлгөнгө чейин Ооганстандын эмири.[1]
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шуджа шах 1798—1801-жылдары Герат менен Пешавардын губернатору болгон. Ал 1801-жылы октябрда өзүн Дуррани империясынын шахы деп жарыялаган (бир тууганы Земан шах бийликтен алынгандан кийин)[2], бирок ал такка 1803-жылдын 13-июлунда гана отурган.
1809-жылы Шужа шах Франция менен Орусиянын баскынчылыгынан коргонуу каражаты катары Британия менен союзга кирген.
1809-жылы 3-майда Шужа шах өзүнөн мурунку Махмуд шах тарабынан бийликтен четтетилген жана ал Индияга сүргүнгө кетүүгө аргасыз болгон, ал жерде Яханда хан Бамизай тарабынан Аттокто (1811—1812), андан кийин Кашмирде ( 1812—1813).
Махмуд шахтын увазири Фатех хан Кашмирге кол салганда Шужа шах сикх аскерлери менен бирге барууну чечет. 1813-жылдан 1814-жылга чейин Лахордо болгон. Эркиндиги үчүн ал Махаража Ранжит Сингхке Кохинур алмазын берген. Андан кийин ал Земан шах менен адегенде Пенжабда, андан кийин Лудхианада калды.[3]

