Лахор

Википедия дан
Лахор.

ЛахорПакистандын түндүк-чыгышындагы шаар. Пенжаб провинциясынын административдик борбору. Рави дарыясынын жээгинде жайгашкан. Калкы 7,1 млн (2010; калкынын саны боюнча өлкөдөгү Карачиден кийинки 2-шаар). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаарда Пакистандагы ири компаниялардын (банк, фонд биржасы) штаб-квартиралары жайгашкан. Текстиль (кебез-кездеме, жүн, кийим-кечек), тамак-аш, химия (кездеме боёктору даярдалат), резина-техника, металл иштетүү жана машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (алтын, күмүштөн зер буюмдарды жасоо, сайма саюу, оймочийме түшүрүү) өнүккөн. Университеттер (анын ичинде аялдар, техника жана технология жана башка), китепканалар, театрлар, музейлер бар. Биздин замандын башында пайда болгон. 1799–1849-ж. сикхтердин мамлекетинин борбору болгон. Шаардын тарыхый борборунда калың дубалдар менен курчалган Кызыл форт (16-к.), бермет чөгөрүлүп кооздолгон мунаралуу мечит менен ак сарай комплекси (17-к.) жана Шалимар багы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Бул фортко улай 13 дарбазалуу Эски шаар жайгашкан. Анда 16–17-кылымга таандык мечиттер (Нивин, Шах-Бегум, ВазирХан), мавзолейлер (философ Абу-ль-Хасандын, Муса Ахангардын жана башка) сакталган. Лахор – Пакистандын илимий жана маданий ири борбору. Университеттер, ИИИлер, жогорку мектептер, коллеждер, китепканалар, музейлер (анын ичинде курал-жарак) бар. Кино индустриясынын ири борбору. Бүткүл дүйнөлүк жана эл аралык фестивалдар (куурчак жана башка) өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7