5 Апрель (Чын куран)

Википедия дан

апрель
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30    
2024-ж.

5-апрель - Григорий календары боюнча 95-күнү, жылдын аягына чейин 270 (толук жылда 271) күн бар.

Майрамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондой эле караңыз: Категория:5-апрель майрамдары

Окуялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондой эле караңыз: Категория:5-апрель окуялары

Дүйнөдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XVIII кылымга чейин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XVIII кылымда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XIX кылым[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1804-жылыНаполеонго каршы чабуулду уютургандардын башчысы делген француз генералы Шарль Пишегрю париждик түрмөдө белгисиз жагдайларда өлтүрүлгөн.
  • 1815-жылыИндонезиядагы Сумбава аралында жайгашкан Тамбора вулканы атып чыккан жана ал бир жумааг созулган. Бул адам баласынын тарыхындагы эң бир чоң вулкан атууларынын бири болуп эсептелинет (лава жана күлдүн көлөмү 180 куб километрге чейин жеткен). 92 миңдей адам өлгөн.
  • 1818-жылы:
    • Сантьяго шаарынын жанында (Чили) Хосе Мартинин түштүк америкалык аскерлери испан армиясын талкалаган.
    • Майпунун жанындагы бүткүл Чилиде испандыктардын бийлигин соңуна чыгарган согуш болгон.
    • Парижде барон Карл де Дрез велосипеддин баштапкы ойлоп табуусу болуп калган эки дөңгөлөктүү аралыкка жүрүү куралын элге көрсөткөн.
  • 1843-жылыГонконг Улуу Британиянын ээлиги катары жарыяланган.
  • 1895-жылыОскар Уайльд маркиз Куинсберри аны гомосексуалист деп жалаа жапкандыгы үчүн аны сотко берген жана ал сотто утулуп калган.
  • 1896-жылыАфины шаарында азыркыдай заманбап Олимп Оюндары өтө баштаган (6-15 апрель аралыгында). Бул күнү америкалык Джеймс Конноли алыска секирүүдө биринчи Олимп Оюндарынын жеңүүчүсү болгон(13,71 м. көрсөткүчү менен).

XX кылым[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1913-жылыНильс Бор кванттык теориянын башаты болгон «Атомдор жана молекулалардын түзүлүшү» аталышындагы макаласын жазып бүткөн.
  • 1940-жылыКатынь шаарында массалык атуулар башталган.
  • 1941-жылы:
    • немисттик жана италиялык аскерлер Югославия жана Грециянын аймагына басып киришкен.
    • СССР жана Югославия ортосунда «Достук жана кол салбастык тууралуу» келишимге кол коюшкан.
  • 1942-жылы — япон аскерлери Цейлон аралындагы (Шри-Ланка) биринчи бомбалоосун баштаган.
  • 1943-жылы:
    • Кызыл Армиянын курамында «Нормандия» (кийинчерээк «Нормандия-Неман») француздук эскадрильясы кызмат өтөй баштаган.
    • Бразилиянын жээгинде балыкчылар англиялык моряк Пун Лимди алып чыгышкан. Ал өз кезегинде океанда устундан жасалган кайыкта рекорддук — 133 күн болгон.
    • АКШда Антуан де Сент-Экзюперинин эң таанымал чыгармаларынын бири болгон «Кичинекей шахзаада» (Маленький принц) чыгармасы англис тилинде чыккан.
  • 1945-жылы:
    • Советтик Союз Япония менен кол салышпоо келишимин жокко чыгарган.
    • Тексел аралында Грузиндик көтөрүлүш башталган.
  • 1951-жылыАКШнын Жогорку Соту СССРдин пайдасына атомдук шпионаж кылган Джулиус жана Этель Розенбергдерге өлүм жазасын буйруган.
  • 1955-жылыУинстон Черчилль Улуу Британиянын өкмөт башчылык кызматынан кеткен.
  • 1961-жылы — АКШнын президенти Дж. Ф. Кеннеди Кубага каршы аскердик операциясын баштаган.
  • 1970-жылы — СССР бийлигинин чечимине ылайык, Адольф Гитлер жана келинчеги Ева Браундун калдыктары Магдебургдан 11 км алыс аралыкта кремация жолу менен жок кылынган.
  • 1971-жылы — «Роллинг Стоунз» рок-тобу өзүлөрүнүн үн жаздыруу фирмасын ачышкан — Rolling Stone Records. Бул фирманын белгилүү өзгөчөлүгү болуп — сунулган тил болгон.
  • 1975-жылы«Союз-18-1» космостук кемени ишке киргизүүдө ракета-таратуучу жарылып кеткен.
  • 1977-жылы — «Нива» аталышындагы белгилүү жол тандабас — ВАЗ-2121 жарыкка чыккан.
  • 1980-жылы — Афганистан жана СССР — Ооганстандын аймагында советтик аскерлердин контингентин киргизүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.
  • 1991-жылы — РСФСРдин Жогорку Совети Борис Ельцинге ыйгарым укук тартуулаган.
  • 1992-жылы — Босния жана Герцеговина Югославиянын курамынан чыккандыгы тууралуу билдирген.

XXI кылым[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2004-жылы — Иракта Фаллуджа үчүн биринчи согуштук аракеттер башталган.

Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төрөлгөндөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондой эле караңыз: Категория:5-апрель күнү төрөлгөндөр
 Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.

Кайтыш болгондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондой эле караңыз: Категория:5-апрель күнү өлгөндөр
 Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.