Түштүк Корея

Википедия дан
Корея Республикасы‎»‎ барагынан багытталды)

Корея Республикасы
кор. 대한민국

Герб
Туу Герб
Урааны: «널리 인간 세계를 이롭게 하라 (Адамзатка пайда алып келүү, 弘益人間
Гимн: «애국가
Мекенчилдиктин ыры»
Ачык жашыл түс Корея Республикасы талап кылган КЭДРдин аймагын көрсөтүп турат
Эгемендүүлүк күнү 15 август 1948-жыл
Расмий тили корейче
Борбор шаары Сеул
Ири шаарлар Сеул, Тегу, Пусан, Инчхон, Сежон
Башкаруу формасы Президенттик республика
Президент
Премьер-министр
Мун Жэ Ин
Чон Хон Вон
Калкы
• Бааланган (2012)
Жыштыгы

50 004 441[1] адам (25)
480 ад./км²
Акча бирдиги Түштүк Корея вонасы (KRW, код 410)
Домени .kr
ISO коду KR
ЭОК коду KOR
Телефон коду +82
Убакыт аралыгы UTC +9

Корея Республикасы (кор. 대한민국 [tɛːhɐnminɡuk̚] тэхан мингук) — Чыгыш Азиядагы Корей жарым аралында жайгашкан өлкө. Түштүк Корея — массалык маалымат каражаттарында кеңири колдонулган расмий эмес аталышы.

Аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Кореянын аталыштары

Корея Республикасы корейче Тэха́н мингу́к (대한 민국угуу ), 大韓 民國 – деп аталат. Көбүнчө толук аталышынын кыскартылган түрү колдонулат — Хангук (Калып:Lang-ko2), 韓國. Кээде «Түштүк Хан» деген маанидеги Намхан (Калып:Lang-ko2) сөзүн да колдонушат, тескерисинчеси Пукхан (Калып:Lang-ko2, 北韓), «Түндүк Хан» (Түндүк Корея), башкача айтканда Түндүк Корея үчүн. Хан деген сөз Корей жарым аралында жайгашкан Самхануруулар бирлигине тиешелүү. Ал эми «Корея» деген сөз Корей жарым аралында биздин замандын 9181392 жж. болгон Корё мамлекетинин аталышынан келет. Өз кезегинде Корё мамлекетинин аталышы, өзүнүн өнүгүү учурунда Корей жарым аралынын түндүк бөлүгүн, ошондой эле азыркы Кытайдын түндүк-чыгыш бөлүгүн жана Орусиянын аймактарын ээлеген Когурё мамлекетинен келет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

KTX-II поезди

Корей Республикасы 1948-ж. 15-августта түзүлгөн. Ли Сын Ман президенттикке шайланган. 1948-ж. ноябрда ал улуттук коопсуздук жөнүндө мыйзам кабыл алып, Конституциянын (1948-ж. 17-июлда кабыл алынган) айрым жоболорун алып салып, солчул, жумушчу ж. б. уюмдардын ишмердүүлүктөрүнө тыюу салган. Ошол эле жылы өзү түзгөн Либералдык партия башкаруучу партияга айланган. 1948-ж. түзүлгөн келишимдердин негизинде АКШ өкмөтү Корей Республикасына экономикалык жардам берип турган.

Корей согушунун (1950—53) бүтүшү менен АКШ жана Корей Республикасы өз ара коопсуздукту камсыз кылуу (1954), ядролук энергияны тынчтык максаттарга колдонуу (1956) жөнүндө келишимдерге кол коюшуп, АКШ аскерлери Кореянын аймагында туруктуу негизде калышкан. 1940-жылдардын аягы — 1950-жылдардын башында Корей Республикасынын экономикасы төмөндөп, өлкөдө массалык жумушсуздук пайда болгон. 1950-ж. Корея өкмөтү АКШнын колдоосу менен жер реформасын жүргүзүп, ири жер ээлеринин ашык жерлерин сатып алып, дыйкандарга берген. 1952-ж. августта президенттик шайлоодо Ли Сын Ман кайрадан жеңишке ээ болгон. 1954-ж. ноябрда ал Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, президентке чексиз укуктарды ыйгарып, парламенттин айрым бийлигин чектеген. Мындай иш чаралар, ошондой эле инфляциянын өсүшү жана жумушсуздук өлкөдөгү ички саясий абалды курчуткан. 1960-ж. 15-мартта өткөрүлгөн президенттик шайлоодогу катачылыктар Апрель көтөрүлүшүнө (1960) алып келген. 1960-ж. 26-апрелде Улуттук чогулуш (парламент) президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылуу жана шайлоонун жыйынтыктарынын жараксыздыгын таануу жөнүндө резолюция кабыл алган. 1960-ж. июнда парламент Конституцияга оңдоолорду киргизип, президенттин бийлиги чектелген (мындан ары президент эки палатадан турган парламент тарабынан шайланууга милдеттүү), солчул, жумушчу партиялар жана уюмдардын ишмердиктерине тыюу салуулар алып салынган. 1960-ж. августта Демократиялык партиянын лидери Юп Бо Сон президенттикке шайланган. 1960-ж. 1-октябрда өкмөт Корей Республикасында Экинчи республикасы орногондугун жарыялаган. Экинчи республика өкмөтүнүн жакырчылык, коррупция жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүксүздүгү, элдин турмуш деңгээлинин начарлашы ж. б. элдин жаңы массалык чыгууларына шарт түзгөн. 1961-ж. 16-майда Пак Чон Хи баштаган офицерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш жасаган. Өлкөнү башкаруу Мамлекетти кайра куруунун жогорку кеңешине (МККЖК) өтүп, өлкөгө согуштук абал киргизилип, парламент, саясий партиялар жана коомдук уюмдар таркатылып, революциялык соттор түзүлгөн. 6-июлда МККЖК Конституцияны Чукул чаралар жөнүндө мыйзам менен алмаштырган. МККЖК расмий түрдө бийликтин жогорку органы болуп калган (Пак Чон Хинин жетекчилиги менен). 1960-жылдардын ортосунда АКШнын жардамы менен өлкөнүн экономикасы кризистен чыккан. Өкмөт «экспорт аркылуу индустриялаштыруу» саясатына өткөн. 1963-ж. октябрда Пак Чон Хи президенттик укукка ээ болуп, 17-декабрда Үчүнчү республика жарыяланган. 1970-ж. Пак Чон Хи социалисттик мамлекеттер менен болгон соода байланыштарын чектеген. 1968-ж. 1-июлда Корей Республикасы Ядролук куралдарды таратпоо жөнүндө келишимге кошулуп, өзүнүн ядролук программаларын МАГАТЭнин көзөмөлүнө койгон. 1972-ж. 4-июлда Корей Республикасы жана КЭДРдин өкүлдөрү улуттук консолидациянын негизинде эки өлкөнү тынчтык жол менен бириктирүүнү ишке ашыруу жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан. Бирок, Корей Республикасынын башкаруучу чөйрөлөрү жетишилген макулдашууну жүзөгө ашырууга жолтоо болуп, 1974-ж. эки өлкөнүн ортосундагы мамиле курч мүнөзгө өткөн. 1972-ж. Пак Чон Хи согуш абалын киргизип, парламентти жана саясий партияларды таркатып, Конституциянын ишин токтотуп, «Юсин» деген аталыштагы саясий реформаларды баштаган. 1972-ж. 21-ноябрда жалпы улуттук референдумда Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттин ыйгарым укугу кеңейип, Төртүнчү республикасы мезгили башталган. Пак Чон Хинин демилгеси менен Бириктирүүчү чучей (өз алдынча) элдик чогулушу (БЧЭЧ) түзүлүп, 1972-ж. 23-декабрда Пак Чон Хи кайрадан президенттикке шайланган. Пак Чон Хинин саясатына каршы 1979-ж. өлкөдө нааразычылыктар күч алган. Натыйжада Пак Чон Хи атылып өлтүрүлүп, мамлекет башына премьер-министр — Цой Гю Ха шайланган. 1980-ж. генерал Чон Ду Хван жетектеген аскерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш жасап, Цой Гю Ха бийликтен кетип, парламент таркаган. 1981-ж. Чон Ду Хван өлкөнүн президенттигине шайланган. Бешинчи республиканын мезгилинде экономика жогорулап, өнөр-жай жана тышкы соодада өзгөрүүлөр байкалган. 1987-ж. демократиялык оппозиция өкүлдөрү Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү талаптарын койгон. 1988-ж. Демократиялык акыйкат партиясынын лидери, генерал — Ро Дэ У Алтынчы республиканын президенттигине шайланган. Алтынчы республиканын өкмөтү СССР (1990), КЭДР (1991), КЭР (1992) ж. б. социалисттик мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди түзүп, 1991-ж. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон. 1991-ж. эки корей мамлекетинин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бири-бирине кол салбоо, тажрыйба алмашуу жана кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган. 1993-ж. Ким Ён Сам президенттикке шайланып, коррупцияга каршы активдүү күрөш жүргүзгөн. 1997-ж. президенттик шайлоодо демократиялык оппозиция лидери — Чжун жеңишке жетип, КЭДР менен болгон мамилелерди жөнгө салууга аракеттенген. 2000-ж. 13—15-июнда Пхеньянда корей мамлекеттеринин лидерлери Түндүк жана Түштүк Биргелешкен декларациясына кол койгон. Ким Дэ Чжундун тышкы саясатын кийинки президент — Но Му Хён (2003-жылдан) уланткан. Өлкөнүн президенти 2013-жылдан Пак Кын Хе.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Корей Республикасы — унитардык мамлекет. Конституциясы 1948-ж. 17-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы — президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы — президент, 5 жылдык мөөнөткө шайланат (кайра шайланууга укуксуз). Президент өкмөт мүчөлөрүн дайындайт жана Куралдуу күчтөрдүн жогорку башкы командачысы болуп саналат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы — бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш), 299 депутаттан турат, 4 жылга шайланат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Корей Республикасында көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары: Улуу өлкөлөр партиясы, Биздин ачык партия, Демократиялык партия, Демократиялык эмгек партиясы.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жээк сызыгынын узундугу 2500 кмден ашык. Жапон деңизинин жээги негизинен тоолуу, начар тилмеленген, Сары деңиздики жана Корей кысыгыныкы — риас тибинде, булуңдар, жарым аралдар жана аралдар көп. Ири аралдары: Кожедо, Чежудо, Чиндо. Корей Республикасынын түштүк бөлүгүндө табигый гавандар бар, алардын жээги тайыз, суу киргенде 10 мге чейин көтөрүлүп, ташкын-тартылуу ылдамдыгы тез болгондуктан, кемелердин кирүүсүн татаалдатат. Айыл-чарба жерин кеңейтүү максатында түштүгүн жээктей сайроондорду кургатуу иштери жүргүзүлүүдө. Өлкөнүн рельефи негизинен тоолуу. Чыгышында субмеридиан багытында Чыгыш Корей тоолору созулуп жатат. Түштүгүндө бийиктиги 1915 мге жеткен Норён, Собэк кырка тоолору жайгашкан. Эң бийик жери Чежудо аралындагы — Халласан өчкөн жанар тоосу, анын кратеринде көл жайгашкан. Түздүктөр өлкөнүн аймагынын 1/3 бөлүгүн ээлейт; алар негизинен Кореянын батыш бөлүгүндөгү ири дарыялардын төмөнкү агымдарында, деңиз жээктеринде жайгашып, калк жыш отурукташкан жана өтө өздөштүрүлгөн. Кореянын аймагы Кытай платформасынын түндүк-чыгыш чет-жакасындагы байкал бүктөлүүсүндө жайгашкан. Кореяда курамында висмут бар, вольфрам-молибден кен ташынын ири кени жайгашкан; ошондой эле жез, коргошун, цинк, алтын, күмүш, темир, уран, кадмий ж. б. кендери бар. Негизги көмүр кендери (негизинен антрациттер) өлкөнүн борбордук бөлүгүнүн чыгышында жана түштүк-батышында, күрөң көмүр кендери өлкөнүн түштүкчыгышында жайгашкан. Графит, пирофиллит, тальк, цеолит, барит, кварцит, слюда, каолин, цементтүү акиташ теги, диатомит, сал туз, кум ж. б. кендердин өнөр-жайлык мааниси бар. Сары деңиздин шельфинен табигый күйүүчү газдын кени табылган. Басымдуу бөлүгүнүн климаты муссондук, түштүк четинде субтропиктик муссондук. Эң суук айынынын (январь) орточо температурасы түндүгүндө — 7°Сден түштүктө 4°Сге чейин. Кышында түндүктөн, Азия антициклонунан кирген муздак абадан кыска мөөнөткө (10—20 күн) суук аба ырайы түзүлөт. Эң жылуу айынын (август, айрым жерлерде июнь же июль) орточо температурасы 25—26°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1000— 1400 мм. Жайкы деңиздик муссонго байланыштуу жаан-чачындын көп жааган мезгили (июндан октябрга чейин) даана байкалат. Жайдын аягында жана күзүндө аймак тайфундун таасиринде да болот; түштүк-батышы мезгил-мезгили менен кургакчылыкка дуушарланат. Дарыя тармагы жыш; ирилери бүт Сары деңиз менен Корей кысыгына куят. Ири дарыялары: Нактонган (узундугу 520 кмден ашык), Ханган (514 км), Кымган (400 кмден ашык). Негизинен жамгыр же кар-жамгыр сууларынан куралат. Суу сактагычтар курулган. Жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурстары 70 км3, жыл ичинде суу менен камсыз болуусу 1,5 миң м3/адам. Суу ресурстарынын 36%и пайдаланылат.

3 миң түрдү камтыган флорасынын 220 түрүнөн ашыгы — эндемиктер. Жергиликтүү токоюнун дээрлик бардыгы 20-кылымда кыйылып жок болгон. Азыркы токойлуулугу 63%, токой массивдери негизинен тоолуу аймактарда сакталган. Токойдун кыйылуусунан кыртыш эрозиясы жана суу ташкыны күчөгөн. Токойду калыбына келтирүү үчүн көбүнчө тез өсүүчү кызыл карагай отургузулууда. Чыгыш Корей тоолорунун жазы жалбырактуу токоюнда эмен, жөкө дарак, ак чечек, кара жыгач, грабдын түрлөрү өсүп, манжур жаңгагы, баркыт дарагы, зараң кездешет. Токой дарактары лианалар менен чырмалган. Женьшень өсөт. Токой астында куба күрөң топурак (бурозём) өөрчүгөн. Өлкөнүн түштүк чет-жакасында 300—400 м бийиктикте субтропиктик аралаш дайыма жашыл токой өсүп, астында кызыл топурак өөрчүгөн. Дарактуу ярусунда дайыма жашыл эмен, магнолия, кастанопсис, кагаз дарагы үстөмдүк кылат, кызыл карагай кездешет. Бадалдуу ярусун япон камелиясы жана бересклети, бамбук түзөт. Каптал өрдөй жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу токой (граб, каштан ж. б.) кездешет. Түздүктөрдө маданий өсүмдүктөр басымдуулук кылат. Аллювий топурактуу түздүктөрү кылымдар бою шалы ж. б. эгиндер тынымсыз өстүрүлүп келгендиктен, өтө өзгөрүүгө дуушарланган.

Сүт эмүүчүлөрдүн 90 (анын 12 түрү жоголуу коркунучунда турат, мисалы, ак төш аюу), уялоочу куштардын 150 (анын 19 түрү жоголуу алдында), сойлоочулардын 20, жерде-сууда жашоочулардын 14 түрү бар. Жээк суулары биологиялык ресурстарга, орнитофаунага бай. Өлкөнүн аймагынын 3,6%ин ээлеген 37 табигый аймак коргоого алынган. Анын 8и эл аралык маанидеги суу-саздуу аймак, 2 биосфералык резерват. Жанар тоолуу Чежудо аралы лавалуу туннелдери менен Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын басымдуу бөлүгү (99%и) корейлер; кытайлар 0,3%, калгандары — филиппиндиктер, америкалыктар, индонезиялыктар, малаялыктар, моңгол, вьетнам, япон, орус ж. б. улуттар. Төрөлүүнүн басаңдашынан калктын саны акырындап азаюуда. Төрөлүүнүн жана өлүм-житимдин азайышынан калктын курамы «картаюуда». 15 жашка чейинки өспүрүмдөр калктын 17,5%ин (1960-ж. 42,9% болгон), эмгекке жарамдуу курактагылар (15—64 жаштагылар) 72,1%ин (53,8%), 65 жана андан ашкан курактагылар 10,5%ин (3,3%) түзөт. Орто эсеп менен 100 аялга 99,5 эркек туура келет. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 78,6 жыл (эркектерде 75,3, аялдарда 82,2 жаш). Сырткы миграция анча көп эмес, оң сальдо мүнөздүү. 21-кылымдын башында жыл сайын өлкөдөн орто эсеп менен 3,2 миң адам сыртка (негизинен АКШ, Японияга жана Батыш Европа өлкөлөрүнө окууга) кетет. 1990-жылдардан баштап, Кореяда иштөө үчүн (Кытай, Вьетнам, Филиппин, Таиланд ж. б. өлкөлөрдөн) келгендердин саны өсүүдө; ири шаарларда, айрыкча Сеулда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн (анын ичинде АКШ, Япония, Батыш Европа өлкөлөрүнөн) келген жогорку квалификациялуу адистер иштөөдө. Кореяда америкалык аскер контингенти бар. Калкынын орточо жыштыгы боюнча дүйнөдө эң алдыңкы өлкөлөрдүн бири; 1 км2 жерге 488 адам туура келет. Калк эң жыш жайгашкан провинциялары (2009): борбордук Кёнгидо (1 км2 жерде 1193 адам), Чежудо аралында (298), Түштүк Кёнсан (297); ал эми Канвондо провинциясында эң сейрек (86) отурукташкан. Урбанизация жана субурбанизация процесстери ургаалдуу өнүгүүдө. Шаар калкы 81,5%ти түзөт (2008). Ири шаарлары: Сеул (калкы 9660,5 миң; 2009), Пусан (3352,0), Инчхон (Чемульпо; 2602,3), Тэгу (2413,6), Коян (1518,3), Тэжон (1431,1), Сувон (1374,5), Кванжу (1360,2), Ульсан (1073,6), Соннам (1023,2). Эң ири шаар агломерациясы — Сеул аймагы, анын калкы 22 456,2 миң, өлкөнүн калкынын 46%тен ашыгы; 2009). Экономикасында иштегендердин жалпы саны 24,2 млн; анын 75,2%и тейлөө чөйрөсүндө, 17,3%и иштеп чыгуучу өнөр-жайында жана курулушта, 7,5%и казып алуу өнөр-жайында, айыл жана токой чарбаларында, балык уулоодо эмгектенет.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Корей Республикасы дүйнөдөгү өтө өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Ички Дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 1278 млрд доллар (дүйнөлүк дүң продукциянын көлөмүнүн 1,7%и; дүйнөдө 10-орунда), аны киши башына бөлүштүргөндө 26 миң доллардан туура келет (2008). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,928 (2006; дүйнөдөгү 179 өлкөнүн жана региондун ичинен 25-орунда). КРдин үлүшүнө дүйнөлүк иштеп чыгаруу өнөр-жай продукциясынын 3,3%и (2007), анын ичинде кеме куруу продукциясынын 1/3 ине жакыны, жарым өткөргүч өндүрүшүнүн 14%и, дүйнөлүк болот эритүүнүн 4%ке жакыны туура келет. ИДПнин реалдуу өнүгүүсү 2008-ж. 2,5%ти түзгөн. Өлкөнүн экономикасынын 20-кылымдын 2-жарымы — 21-кылымда тез өнүгүүсүнө ИДПнин өсүүсүнүн 1/2 ине жакынын камсыз кылган мамлекеттик жана жеке капиталдык салымдын динамикалык өнүгүүсү өбөлгө түздү. Чет өлкөлүк инвестициянын чогулган көлөмү 120 млрд доллар (2007). Чет өлкөлөрдөн түз түшкөн капиталдык салым 2008-ж. 10 млрд доллардан ашкан, анын 1/2 инен ашыгы АКШга, Улуу Британияга жана Японияга туура келет. Корей Республикасынын компанияларынын чет өлкөлөрдө топтолгон инвестицияларынын суммасы 27,6 млрд долларды түзөт (2007); анын 29,2%и Кытайдын, 15,7%и АКШнын, 9,2%и Вьетнамдын экономикасына коюлган. 1980-жылдардан өлкөнүн экономикасында мамлекеттин ролу кыскара баштаган. Мамлекеттик компаниялардын үлүшүнө ИДПнин 8%тен азы гана таандык. Орто жана чакан чарбаларда жумушчу күчүнүн 80%тен ашыгы иштейт. Алардын көбү субподряддын негизинде ири корпорациялардын өндүрүштүк тармагына кирип, өз продукциясынын 95%ин аларга өткөрөт. Корей Республикасынын экономикасынын уюштуруу структурасынын негизин үй-бүлөлүк көп профилдүү ири компаниялардын топтору («чеболдор») түзөт. Өлкөнүн экономикасына чет элдик инвестицияны тартуунун жана илим сыйымдуу тармактардын маанисин көтөрүүнүн негизги жолу — экономикасына өзгөчө режим киргизилген аймактарды түзүү болуп саналат (мындай аймактар 2005-ж. 37 болгон). 8 эркин соода зонасы иштейт; аларга «Кунсан» (автомобиль куруу ж. б. машина куруу тармактары ж. б.), «Дэбул» (автомобиль куруу, металл иштетүү ж. б.), «Масан» (электр-техникалык, электроника өнөр-жай, байланыш каражаттары жана оптикалык аспаптар өндүрүштөрү) кирет. Эркин экономикалык зоналары (2003): «Инчхон» (информациялык технология, биологиялык технология, финансы-банк ишмердиги, туристтик бизнес, деңиз порттору менен эл аралык аэропотторду траспорт менен тейлөө), «Чежудо» (аты окшош аралда; туризмдин жана оюн-зооктун борбору, финансы-банк кызматы, кеме жүрүү), «Пусан» (эл аралык соода борбору, финансы-банк ишмердиги, туристтик бизнес, кеме куруу ишканалары), «Кваньян» (деңиз порту, туризм борбору). Чет өлкөлүк инвестицияда иштеген 14 зона («Асан» ж. б.) бар. Эл аралык транспорттук тейлөө чөйрөсүнө инвестиция тартуу максатында салыксыз соода жүргүзүүчү 4 зона жана эл аралык аэропорт (Инчхондо) уюшулган (2004). Стратегиялык маанилүү өнөр-жай тармактарынын өнүгүүсүн тездетүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү үчүн 2002-жылдан 3 типтеги (улуттук, жергиликтүү башкаруудагы, агрардык-индустриялык) индустрия комплекстери уюшулууда. Улуттук индустрия комплексине караган ишканалар негизинен электроника өнөр-жайынын татаал технологиялык буюмдарын (жарым өткөргүч, суюк кристаллдык дисплей, CDMA мобилдик телефону, оптикалык приборлор ж. б.) чыгарууга адистешкен. ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсү 71,5%ти, өнөр-жай 25,5%ти, айыл жана токой чарбалары, балык уулоо 3,0%ти түзөт. Өлкөнүн өнөр-жай продукциясынын наркынын 92,4%и иштеп чыгаруучу өнөр-жай тармагына туура келет (2006). Башкы тармактары: машина куруу, металлургия, химия. Корей Республикасы деңиз кемелерин, автомобиль, электрондук тиричилик приборлорун, телекоммуникация, металл иштетүү жабдууларын ж. б. чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Энергетика комплексинин ишканалары ИДПнин 2,1%ин өндүрөт. Энергия пайдалануу структурасында нефтиге 47,0%, табигый газга 13,4%, көмүргө 24,4%, атомго 15,2% туура келет. Нефтиге болгон муктаждык толугу менен импорттон камсыз болот (2008-ж. 118 млн т ). Нефтинин негизги бөлүгү Жакынкы Чыгыш (Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери), ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азия жана Африка өлкөлөрүнөн келет. Өндүрүлгөн нефть продуктуларынын (2008-ж. 129,4 млн т; газойл, мазут, лигроин, авиация керосини, бензин) көбү экспорттолот. 2007-ж. 2,89 млн т көмүр (антрацит) казылып алынган. Электр станцияларынын аныкталган запасы 68,27 миң МВт (2007). Өндүрүлгөн электр энергиясынын (425,2 млрд кВт.с) 60,0%и ЖЭСке, 33,6%и АЭСке, 1,2%и ГЭСке, 5,2%и энергиянын альтернативалуу булактарына (күн, шамал, геотерм. энергиялары, ошондой эле биоотун, өнөр-жай жана тиричилик калдыктары) таандык. Ири ЖЭСтери отун катары көмүр пайдаланат. Корей Республикасынын атом электр станциялары негизинен (97%и) чет өлкөлөрдөн (Канада, Австралия, Улуу Британия, Франция, Россия, АКШ,ТАРдан) алган ядролук отунга байланыштуу. 20 АЭС иштейт; жалпы кубаттуулугу 9400 мВт болгон дагы 8 атомдук энергия блогу курулууда (2009); Корей жарым аралынын түштүк учунда Күн энергиясын пайдаланган дүйнөдөгү ири курулмалардын бири иштейт (20 МВт). Ансан шаарына жакын дүйнөдөгү ири ташкын электр станциясы бар (254 МВт) бар. Металлургия иштеп чыгаруу өнөр-жай продукциясынын наркынын 7%ин түзүп, негизинен импорттук сырьё менен иштейт.

Машина куруу — өнөр-жай тармагынын маанилүү комплекси. Анын башкы тармактары: транспорттук машина куруу жана электроника өнөр-жай; кыймылдаткыч жана турбина, металл иштетүүчү станок жана аспаптар, тоо-кен, айыл-чарба, муздаткыч, химиялык, медициналык жабдуулар ж. б. өндүрүштөрү өнүккөн. Кеме куруу — транспорттук машина куруунун маанилүү тармактарынын бири. Корей Республикасы — деңиз кемелерин куруучу дүйнөдөгү ири өлкөлөрдөн. Түштүк Кореянын кеме куруу компаниялары 2007-ж. кеме куруу боюнча жалпы дүйнөлүк заказдын 38,9%ин алган (тоннажы боюнча; Корей Республикасынын негизги атаандашы Кытайдыкы 37,2%ти түзгөн); продукциясынын экспорттук наркы 2008-ж. 27,8 млрд долларга жеткен. Өлкөдөгү 9 ири кеме куруу компаниясынын жетөө дүйнөдөгү алдыңкы он компаниянын катарына кирет. Транспорттук машина куруунун маанилүү тармактарынын бири — автомобиль өнөр-жайы. Автомобиль чыгарган дүйнөдөгү 5 ири өлкөнүн катарына кирип, экспорттук продукциясынын көлөмү (37,3 млрд доллар) боюнча дүйнөдө 6-орунда. 2007-ж. 4,1 млн автомобиль чыгарган, анын ичинде жеңил автомашина 3,7 млн. Негизинен 4 автомобиль компаниясы иштейт. Автомобиль чыгаруучу эң ири «Нyundai Kia Automotive Group» концерни (1998) продукциясынын көлөмү боюнча Азияда 2-орунда (Япониянын «Toуota Motors» корпорациясынан кийин), дүйнөдө автомобиль чыгаруучу 5 ири компаниянын катарына кирет. Автомобиль чыгаруучу кийинки «GM Daewoo Auto and Technologo Co.» компаниясына өлкөдө чыгуучу автомобилдин 23,1%и таандык. «Renault Samsung Motors» компаниясынын үлүшү өлкөдө чыгарылган автомобилдин 4,4%и, «Ssang Yong Moton Co.» компаниясына 3%и туура келет. Машина куруунун маанилүү тармагы — электроника жана электр-техникалык өнөр-жайы. Корей Республикасынын жарым өткөргүчтөрдү (90%и чиптер); компьютердин тез эске тутуу модулун (микросхема), анын ичинде видео-карта процессор чиптери үчүн микросхемалар, катуу диск (HDD); СК-дисплей (монитор); СК жана плазма телевизорлорун; GSM, CDMA, 3G, WiMAX стандартындагы тез телефондорду; ноутбук, принтер жана көп функциялуу түзүлмөлөрдү (мисалы, сканер+принтер); IPтелефония жана 3-, 4-муундагы зымсыз байланыш тармактары үчүн жабдуу чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Информатикалык технологиялык продукцияларына өлкө экспортунун көлөмүнүн 30%ке жакыны туура келет. Роботтехникасын (баасы боюнча дүйнөдө 6-орунда), тиричилик электр приборлорун (муздаткыч, микротолкун мештери, кир жуугуч машина, кондиционер, чаң соргуч ж. б.) чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда; белгилүү компаниялары: «Samsung Group», «LG Group», «Samsung Electronics» ж. б. Өнүккөн медициналык жабдууну өндүрүү тармагында 1652 компания иштеп, 7 миңден ашуун наамдагы (татаал диагностика приборлорун жана жабдууларын, электр массаждагыч ж. б.) жабдууларды чыгарат. Химия өнөр-жайынан импорттук сырьёнун (фосфат, калий тузу, табигый газ ж. б.) негизинде иштеген минералдык жер семирткич өндүрүүдө эң натыйжалуу комплекстүү жер семирткичтер (азот-фосфор, фосфор-калий, азот-фосфор-калий) басымдуулук кылат. Нефть-химия өнөр-жай — химия индустриясынын маанилүү тармагы. Пластмасса жана синтездик (полиэтилен, поливинилхлорид, АБСпластик, полипропилен, полистирол, синтездик була, синтездик каучук ж. б.) чыгаруу өнүккөн. Автомобиль куруунун өнүгүүсүнө байланыштуу шина чыгаруу өндүрүшүнүн мааниси жогорулоодо. Химия-фармацевтика жана микробиология өнөр-жайы— 21-кылымдын башында өлкөнүн экономикасынын ылдам өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Продукциянын 26 миңден ашык түрүн чыгарат. Вакцина өндүрүшүнүн көлөмү боюнча (дүйнөлүк өндүрүштүн 1,4%ке жакыны, наркы 9,7 млрд доллар, 2008) Республика дүйнөдө 11-орунду ээлейт. Жеңил өнөр-жай кытай товарлары менен өтө катуу атаандаштык шартында өнүгөт. Текстилинде синтездик буладан (бир аз накта була кошулуп) жасалган кездеме басымдуу. Тигүү өнөр-жайынын атаандаштыкка чыгуусуна ошондой эле жогорку технол. материалдардан (керектүү маалыматтарды, мисалы, аба ырайын, валюта курсун ж. б. берип туруучу цифралуу электрондук приборлору кошо) тигилген салыштырмалуу кымбат атайын касиетке ээ цифралуу кийимдердин да мааниси зор. Ички рынокто аялдардын улуттук костюму — «ханбок» көп талап кылынат. Спорттук кийимдерди жана парик чыгаруунун экспорттук мааниси зор. Текстиль, кийим тигүү фабрикалары (негизинен чакан жана орто) өлкөнүн жалпы өнөр-жай ишканаларынын санын 14,2%ин түзөт. Компаниялары кийимдин түрдүү предметтерин (60ка жакын бренд), синтездик була, кийим (анын ичинде спорттук, балдардын кийимдери, аялдардын ич кийими, байпак, бут кийим ж. б.) чыгарат. Дүйнөлүк агрардык продукциянын наркындагы Корей Республикасынын үлүшү 1,85% (2007; дүйнөдө 11-орунда). Агрардык өндүрүштүн өсүүсүн (21-кылымдын башында орто эсеп менен 2%) айыл-чарбага жарактуу жеринин аздыгы кыйла чектейт. Айыл-чарбага жарактуу жеринин аянты өлкө аймагынын 18,6%ин түзөт (2007-ж. 1,82 млн га); анын ичинде айдоо жери 16,6%, көп жылдык маданий өсүмдүктөр 2%тей. Сугат жери 0,88 млн га. Дыйканчылыгында чакан дыйкан (ферма) чарбалары басымдуу. Негизги азык-түлүк эгини — шалы. Өлкө күрүчкө болгон өз муктаждыгын толук камсыз кылат. Шалы 1,08 млн га жерге эгилет. 2007-ж. 5,9 млн т акталбаган күрүч жыйналган. Шалынын вегетациялык мезгили муссондук жаан-чачындуу мезгилге (июлдун аягы — сентябрдын башталышына) туура келгендиктен, шалы палдары сууга толгуча, июлдун ортосуна чейин ал жерлерге арпа, буудай, ошондой эле жашылча өстүрүп алышат. Кайрак жерлердин басымдуу бөлүгүнөн жылына 2 жолу түшүм алынат. Алгач арпа, чанда буудай эгилип, алар жыйналып алынгандан кийин шалы, таруу, ак жүгөрү, жүгөрү, буурчак өстүрүлөт. Май өсүмдүктөрү (кунжут, жер жаңгак, рапс ж. б.), техникалык өсүмдүктөр (тамеки, пахта), бардык жеринде жашылча, картөшкө, мандарин, шабдаалы, алмурут, алма ж. б. өстүрүлөт.

Айыл-чарбасынын эң тез өнүгүп жаткан тармагы — мал чарбасы. 2007-ж. 9850 миң чочко, 2580 миң уй, 527 миң эчки, 22 миң жылкы, 121 000 миң тоок жана жөжө, 8600 миң өрдөк, 15 миң күрп, 9 миң каз жана цесарка асыралган. Аарычылык да өнүккөн. Экспорт үчүн токой козу карындары жана каштан мөмөсү жыйналат. Балык уулоо жана суу промысели өлкөнүн экономикасынын маанилүү тармагы. Калктын тамак-ашындагы жаныбар белокторунун 1/2и балык жана молюска продуктуларына туура келет; тамак-ашта витаминге жана микроэлементтерге бай деңиз балырлары кеңири пайдаланылат. Деңиз аквакультура продукциясынын 55%ке жакынын балыр (вакаме, нори, хидзаки, комбу), 35%ин молюска (устрица, мидия ж. б.), 9,8%ин балык, 0,2%ин креветка түзөт.

Өлкөнүн экономикасынын эң ири сектору — тейлөө чөйрөсү. Анын маанилүү тармактары: кредит-финансы жана камсыздандыруу иштери, дүң жана чекене соода, коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси жана тиричилик жактан тейлөө, кыймылсыз мүлк операциясы, транспорт жана байланыш, административдик тейлөө, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж. б. Кредиттик мекемелердин системасы 14 коммерциялык банкты (анын 8и улуттук масштабда), 5 миңге жакын филиалы менен, камтыйт. Рекреациялык тейлөө ургаалдуу өнүгүүдө. 2007-ж. өлкөгө 6,5 млн чет өлкөлүк турист келген. Көбү Япониядан (34,7%и), Кытайдан (21,8%и; Тайвань кошо), АКШдан (11,0%и) жана Европа союзуна кирген өлкөлөрдөн (8,7%и) келет. Чет өлкөлүк туризмден түшкөн киреше 5,23 млрд доллар, анын 2,31 млрд доллары ишкердик туризмге таандык. Чет өлкөлүк туристтер негизинен эл аралык Инчхон аэропорту аркылуу келет.

Заманбап транспорт коммуникациясы өнүккөн. Темир жолунун жалпы узундугу 3381 км, анын 1843 кми электрлештирилген (2008). 79 маршруту бар. Башкы темир. жол түйүнү — Сеул. Сеул — Тежон — Тэгу— Кёнжу — Пхохан — Пусан — Тэжон — Кванжу — Мокпхо тармагы бар) ылдам (саатына 300 кмдей) жүрүү темир жолу иштейт. Сеул, Тэгу, Инчхон, Тежон, Кванжу шаарында метрополитен бар. Автомобиль жолунун узундугу 103,0 миң км (2008), анын 3,4 миң кми — көп тилкелүү ылдам жүрүүчү автомагистраль. Магистралдык труба транспортунун узундугу 2250 км (2008), анын 1423 кми газ, 827 кми нефть куурлары. Деңиз транспорту эл аралык жүктүн негизги бөлүгүн тейлейт. Эң ири деңиз портторунун жүк айлануусу: Пусан (243 млн т; ошондой эле Япония менен Кореянын ортосундагы жүк ташуунун негизги бөлүгүн тейлейт), Кваньян (198 млн т ), Ульсан (169 млн т ), Инчхон (138 млн т ; Кытай порттору менен байланышты тейлейт), Пхохан (62 млн т). Паром аркылуу Пусан Япониянын Симоносеки, Фукуока, Осака порттору, ошондой эле Цусима аралынын порттору, Инчхон Кытайдын Дальян, Тяньцзин, Вэйхай, Циндао ж. б. порттору, Сокчхо порту Россиянын Зарубино посёлкасы, Владивосток шаары менен байланышат. Ички паромдук байланыш да өнүккөн. Корей Республикасынын желеги менен 812 деңиз соода кемеси катталган (анын 31и чет өлкөлүк кеме ээлерине таандык). Авиация транспорту эл аралык жүргүнчүлөрдүн негизги бөлүгүн ташыйт. Өлкөдө 150 аэропорт иштейт. Эл аралык аэропорттору: Инчхон, Кимпхо, Чежу, Кимхэ (Пусанга жакын), Муан, Яньян. Тэгу жана Чхонжу шаарында.

Сырткы соодасынын көлөмү 728,3 млрд доллар (2007), анын ичинде экспортунуку 371,5 млрд доллар, импортунуку 356,8 млрд доллар. Товардык экспортундагы маанилүү орунду электрондук жана электр-техникалык өнөр-жай продукциялары (жарым өткөргүчтөр, телекоммуникация жабдуулары, компьютер, электр-тиричилик приборлору ж. б.), автомобиль жана анын тетиктери, агрегаттары, деңиз кемелери, нефть продуктулары, пластмасса жана синтездик чайыр, болот прокат. Товарларын негизинен — Кытайга (Сянганга кошо, 27,1%), АКШга (12,4%), Японияга (7,1%) чыгарат. Негизги импорту: өнөр-жай жана транспорт жабдууларынын ар кандай түрлөрү, электрондук приборлор жана компьютер, нефть, болот, орг. химиянын продуктулары, анын ичинде пластмасса. Товарларды Кытайдан (17,7%), Япониядан (15,8%), АКШдан (10,5%), Сауд Арабиясынан (5,9%) алат.

Билим берүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1945-жылдан баштап Кореяда эски мектептер жоюлуп, билим берүүнүн жаңы системасы түзүлгөн. 1950-жылдан баштап жалпыга милдеттүү 4 жылдык окууну киргизүү каралып, ал 1956—57-жылдары гана ишке ашырылган. 1958-ж. акы төлөп окуу жоюлган. 1958—59-жылдары жалпыга милдеттүү 7 жылдык билим берүү киргизилген. 1959-ж. билим берүү системасы кайра түзүлүп, башталгыч мектепте 4, толук эмес орто мектепте 3, техникалык мектепте 2 жана жогорку техникалык мектепте 2 жылдык окуу киргизилген. 1967—68-окуу жылында жалпыга милдеттүү 9 жылдык билим берүү киргизилген. 1973-ж. жалпыга милдеттүү 10 жылдык билим берүү жана мектепке чейинки бир жылдык тарбиялоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Окутуунун жаңы системасы 4 жылдык башталгыч жана 6 жылдык орто мектеп. 1974—75-окуу жылында жалпыга милдеттүү 10 жылдык орто билим алууга мектеп окуучуларынын 95%и тартылган.

Политикасы жана мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Президент[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түштүк Кореяда президент өлкө башчысы болуп саналат.Азыркы президент , Мун Чжэ Ин

Парламент[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Парламентти шайлоо 1948 жылдан баштап өткөрүлө баштаган. 1988 жылга чейин парламентти шайлоо түштүк-корей президенттери Калып:Lang-ko2 Пак Чон Хи жана, кийинчирээк, Калып:Lang-ko2 Чон Ду Хван тарабынан демократиялык боштондукту чектөөлөр менен өткөн. 1988 жылы биринчи көзкарандысыз шайлоо өткөн.

2008 жылдын көрсөткүчү боюнча парламент түзүмү.

Партия Добуштардын саны Пайыз +/- Бир мандаттуу округдар боюнча
орундардын саны
Партия тизмеси боюнча
орундардын саны
Баардык орундардын саны +/-
Ханнара 6,421,654 37.4 +1.6 131 22 153 +32
Бириккен демократиялык партиясы 4,313,111 25.1 −20.3 66 15 81 −80
Пак Гынхэ коалициясы 2,258,726 13.1 +13.1 6 8 14 +14
Көзкарандысыздар 1,391,392 8.1 +7.8 25 0 25 +22
Алдыңкы-либералдык партиясы 1,173,452 6.8 +6.8 14 4 18 +18
Бириккен прогрессивдик партиясы 973,394 5.6 −7.4 2 3 5 −5
«. Корея »партиясы 651,980 3.8 +3.8 1 2 3 +3
Всего 17,183,709 100.0 245 54 299
Источник: Adam Carr

Географиясы жана климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Файл:Ю. Корея.png
Корея Республикасынын административдик түзүлүшү.

Административдик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илим жана билим[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөдө илим жана билим менен жогорку деңгээлде, билим Министрлиги менен илим жана техника Министрликтеринин биригүүсүнөн 2008 жылы түзүлгөн [(Корея Республикасынын) билим, илим жана техника Министрлиги|(Корея Республикасынын) билим, илим жана техника Министрлиги]] алектенет. Кёнхи астрономиялык обсерваториясы биринчи улуттук астрономиялык обсерватория болду

Транспорту[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Korail поезди

Түштүк Кореядагы транспорт темир жана унаа жолдору, аба жана деңиз магистралдары сыяктуу өлкөнүн транспорттук коммуникациялар системасын түзөт.

Аскери жана тышкы алакалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дибезни[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Спорту[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түштүк Кореяда өздөрү үчүн салттуу деп саналган бир нече оюндар бар, алардын ичинен тхэквондо жана хапкидо сыяктуу согуш маданияты да бар. Бирок батыш өлкөлөрүнүн спорт түрлөрү аябай өнүккөн. Спорттун эң популярдуу түрлөрү — альпинизм, футбол, бейсбол, баскетбол, сүзүү, жеңил атлетика , бокс жана муз үстүндөгү бий. 2010 жылы биринчи улуттук Формула 1 Гран-Приси өткөн.

Киберспорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түштүк Корея видео-оюндар боюнча спорттук мелдештердин — киберспорттун негиздөөчүсү катары саналат. Өлкөдө Starcraft оюну улуттук маданияттын элементи болуп, гиганттык популярдуулукка ээ болду. Расмий саноолор боюнча, оюну бар лицензиялуу диск ар бир оюунчу кореялыкта бар.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1945-ж. Түштүк Корея япон баскынчылыгынан бошотулгандан кийин 1950-жылдардын башына чейин Түштүк Корей адабиятында улуттук көз карандысыздык үчүн күрөш жана Түштүк Корей табиятынын кооздугу жөнүндө жазышкан (Юн Тон Жу, Пак Ту Жин, Пак Мог Воль). Кээ бир жазуучулар адабият аркылуу идеологиялык жана таптык карама-каршылыктарды көрсөтүүгө умтулушса (Ли Тхэ Жун), башкалары адам жашоосунун маани-маңызын түшүнүүгө аракеттенишкен (Ким Тон Ни ж. б.). 1950-жылдардагы прозада Түндүк менен Түштүктүн ортосундагы согуш (1950—53), анын терс таасири (Хван Сун Вон ж. б.) жана улуттук салт унутулуп бараткандыгы (Со Ки Вон) чагылдырылган. Поэзияда согуш темасына арналган (Чо Чи Хун, Ку Сан). 1960—70-жылдардагы прозалык чыгармаларда жаңы пессимисттик мотивдер пайда болгон (Чхве Ин Хун, Ким Сын Ок). Поэзия өзүнө батыш модернизм менен салттуу лиризмди (Ли Хён Ги) айкалыштырылган. 1970—80-жылдардагы (индустриялаштыруу жана саясий куугунтуктоолор мезгили) адабияттын негизги темалары — байлык менен жакырлыктын ортосундагы айырмалар, инсандын деградациясы, ата-эне менен баланын ортосундагы мамилелер (Чо Се Хи, Чхве Ин Хо, Пак Ван Со ж. б.). Поэзияда өкмөткө каршы маанай басымдуулук кылган (Ким Чи Ха ж. б.) 1980—90-жылдары прозада адам менен саясий системанын өз ара мамилеси, адамдын руханий, идеологиялык жана саясий зомбулуктарга каршылык көрсөтүүсү, корей элинин өткөндөгү, учурдагы башынан кечирип жаткан окуялары жөнүндөгү (Хван Со Гён, Чо Чон Нэ, Пак Кён Ни) тарыхый романдары жазылган. Поэзияга эмгек темасы (Пен Но Хе), урбанизация мотивдери (Чхве Сып Хо) мүнөздүү болгон. 1990—2000-жылдардагы адабиятта корей жазуучуларынын корей улутунун экиге бөлүнүшү, салттык дөөлөттөр менен индустриялыктан кийинки коомдун идеалдарынын ортосундагы келишпестик мамилеси чагылдырылган (Ли Мун Ёль ж. б.), акындар тарыхка (Ко Ын ж. б.), ошондой эле корейлердин заманбап жашоосуна (Чон Хён Джон) кайрылышкан. Корей Республикасынын поэзиясында адамдын руханий (буддисттик) тазаруу мотиви көрүнүктүү орунга ээ. Архитектура жана сүрөт искусствосу. 1950жылдарда түзүлгөн Корей Республикасында оор экономикалык жагдай 1960-жылдарда архитектуранын жаңы өнүгүү этабы чет өлкөлүк архитектуранын тажрыйбасын өздөштүрүүгө модернизм архитектурасынын жетишкендиктерин байланыштуу таасирленүү менен өнүгө баштаган. Чет өлкөдөн билим алган арх. Ким Чхунг Он. Ле Корбюзенин эмгектерине Сеулда Франция элчилигинин имараты (1962), «Самилло Билдинг» асман тиреген имаратын (1968—70) — корей архитектурасынын салттык элементтерин колдонуп, интернационалдык стилде долбоорлогон. Ким Су Гун экспрессионизм жана брутализм агымындагы архитектуралык курулуштарды долбоорлогон: Сеулдагы «Эркиндик Борбору» ансамбли (1962—65), Олимпиадалык стадион (1977—84), Чхонжудагы Улуттук музей (1979—87) салттык корей архрасына жакын. 1980-жылдарда Кореяда негизинен постмодернизм Түштүк Чхунчхон провинциясындагы «Көз карандысыз залы» комплекси ж. б., стилиндеги курулуштар долбоорлонгон: Роден Музейи (1997). Самсунг Лиум искусство музейи (2004, архитекторлор М. Ботта, Ж. Пувель, Р. Колхаз), Сеулдагы кампусунун борбору Ихва аялдар университетинин (2008, Д. Перро) ж. б. 1950-жылдары көркөм сүрөт искусствосунда бир нече агымдар өкүм сүргөн. Салттык тушь живописинде иштеген сүрөтчүлөр пейзаж жана «гүл-чымчык» жанрында реалисттик батыш искусствосунун ыкмаларын колдонушкан (Но Су Хён, Хо Паек Нён) 1957-ж. түзүлгөн «Жаш сүрөтчүлөрдүн ассоциациясы» бирикмесине абстракттык экспрессионизмге ыктаган живописчилер кирип, кийинчерээк «Формалдуу эмес искусство» көркөм кыймылына кошулушкан (Пак Со Бо, Ким Чхан Йол, Юн Мён Но) алар Корей Республикасынын искусствосун 1960-жылдардагы өнүгүүсүн аныктаган ошондой эле салттык багыттагы сүрөтчүлөргө таасир берген. Скульптура да өнүккөн, көрүнүктүү өкүлдөрү: Юн Хе Жун, Квон Жин Гю, Ким Ген Сын. 1970-жылдары Кореянын сүрөт искусствосунда «Монохром» бирикмеси чоң роль ойногон. 1980-жылдары Сон Су Нам жана Хон Сок Чан жетектеген «Сумукхва» («Тушь») кыймылы тушь живописи техникасына ыкташкан. Музыкасы. Музыкалык маданияты негизинен батыш үлгүсүнө багытталган. Театр сахналарында европалык классикалык опералар коюлган (1948, «Травиата», Ж. Верди). Көптөгөн кореялык музыканттар чет өлкөдөн (АКШ, 1980-жылдары СССР, Россия) билим алышкан. 1980—90-жылдары мамлекеттин колдоосунда салттык классикалык жана элдик музыкалык маданият кайрадан жаралган. Элдик музыканын мурастарын сактоо жана өнүктүрүү иштерин Сеулдагы Мамлекеттик салттык музыка жана бий борбору жүргүзөт (1951-ж. классикалык музыканын Улуттук институту катары түзүлгөн); музыкалык окуу жайларында корей кпассикалык аспаптарында ойноого үйрөтүшөт. Салттык аткаруучулардын арасынан ырчылар Ли Чу Ван, Ан Пи Чхви, Ким Ок Сим; аспапчылар Сон Кым Рен, Син Кве Дон (цитра каягым), Ли Сон Ге (чоор тэгым). 1960—70-жылдары Кореяда жаз музыкасы таралган, америкалык үлгүдөгү электргитара жана рок-музыка, электрондук аспаптар жана синтезаторлор колдонулган, поп-музыканын өзгөчө формасы өнүккөн. 1980-жылдары Кореянын музыкалык маданиятына заманбап япон музыкасы таасир берген. Көп сандаган театрлар, ар кыл коллективдер, концерттик, илимий жана билим берүү мекемелери жайгашкан Сеул — музыкалык маданиятын очогу. Седжон атындагы Маданият борборунун концерттик залында чоң орган орнотулган (1978). Ири музыкалык маданият борборлору: Сеул искусство борбору (1988— 93); Опера үйү (Опера театры, чоң жана кичине концерттик залдары менен); ошондой эле Корей Республикасынын Улуттук театры, 30дан ашуун симфониялык оркестрлер иштейт. 1993-ж. Улуттук музыкалык мектеп (батыш тибиндеги биринчи консерватория) ачылган. Жыл сайын музыка, театр фестивалдары өтүп турат.

Театры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1945-ж Сеулда театр бирикмеси уюшулуп, ага коммунисттик идеологияны карманган коллективдер кирген. Ушул жылы Ли Кван Ре «Улуттук сцена» театрын түзгөн. 1950-ж. Сеулда Корея Улуттук театры уюшулган. Анын негизги репертуарын заманбап драмалар, тарыхый пьесалар жана дүйнөлүк классика түзгөн (У. Шекспир, Мольер, Ф. Шиллер). 1958-ж. Сеулда «Вонгакса» театры ачылып, анда эксперименттик труппалар заманбап батыш драмаларын коюшкан (Т. Ульямс, Ж. Осборн). 1962-ж. драма борбору, 1973-ж. ошол кездеги Борбордук Азия боюнча эң ири театр борбору — улуттук маданиятты кайра жаратуу сарайы ачылган. 1970-ж. башында Мадангык театры өнүккөн (маданг — ачык аянт). Актуалдуу маселелерди козгогон спектаклдер ачык асман алдында жасалгасыз, бийи музыкалык коштоосу жок өтөт. 21-кылымдын башындагы театр ишмерлери: Пак Ге Бе, Чоң Вун Бонг, Джо Хен Гон ж. б. Ар жыл сайын эл аралык театр фестивалдары Сеулда (1977-жылдан), Кочханда (1989), Сувондо (1996), «Сеул фринж фестивал»(1998) өтүп турат. 1980—2000-жылдары Сеулда «Конган Саранъ» театрынын Кичи залында, «Сэмто Паренсе» жана «Кумнаму» театрларында профессионал куурчак труппалары иштейт. Сеулда жана Пусанда эл аралык куурчак театрларынын фестивалдары өтөт.

Киносу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1940-жылдардын Корей кинематографиясынын өнүгүшүнө Түштүк менен Түндүктүн ортосундагы согуш тоскоолдук кылган. Киноиндустрия 1953-ж. кийин жандана баштаган. Негизги жанры мелодрама болгон. «Чхунхай жөнүндө аңгеме» (1955, режиссор Ли Гю Хван) фильми ийгиликке жетишкен. Көпчүлүк фильмдердин негизги каармандары өз тагдырын өзү аныктаган эрки күчтүү аялдар болгон. 1960-ж. фильмдердин жанрдык диапазону кеңейип, турмуштук комедиялар, жоокердик өнөрдүн элементтерин камтыган курч окуялуу фильмдер, аскердик драмалар чыгарылган. Корей кинематографисттери Голливуддун жана италиялык неореализмдин тажрыйбасын үйрөнүшкөн. 1960-жылдардагы алдынкы режиссёрлор: Ким Ки Ен («Кызматчы аял», 1960), Кан Де Жин («Арабакеч», 1961, ЭКФ сыйлыгы, Батыш Берлин), Ю Хен Мок («Жаздым тийген ок», 1961) Ким Су Ен («Деңиз жээгиндеги кыштак», 1965) ж. б. 1970-жылдары кинематография кризиске учураган. 1980-жылдары көңүл бурулуп, көпчүлүк фильмдердин авторлору динге — буддизмге, руханий изденүүгө, салттык тажрыйбага кайрылышкан («Мандала», 1981, режиссор Им Квон Тэк; «Эмне үчүн Бодхидхарма чыгышка кетти», 1989, режиссор Пе Ен Гюн). 1990—2000-жылдары Корей Республикасынын фильмдери улуттук прокатта Голливуддун фильмдери менен теңтайлашкан. Көп фильмдер 1950—53-жылдардагы согушка, Кореянын бөлүнүп калуу трагедиясына арналган. 20—21-кылымдагы Корея кино тармагынын чеберлери: Пак Хван Су («Күндүн чыгышы», 1999, ЭКФ сыйлыгы, Локарно), Чан Сон У («Калп», 1999), Ли Чхан Дон («Оазис», 2002, ЭКФ сыйлыгы, Венеция), ж. б. 1996-жылдан Пусанда, 2000-жылдан Чонжоуда жыл сайын Эл аралык кинофестивалдар өтүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 50-millionth Korean citizen registered, Korea Times (23.03.2012).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]