Бейсбол

Википедия дан

Бейсбол АКШда эң белгилүү эки оюндун бири болуп саналат. Алгач качан, кайда пайда болгону тууралуу так маалымат болбосо да, 19 кылымдын орто ченинен баштап кеңири ойноло баштаган. 1871-жыл Улуттук Лигасы (National League) жана 1901-жыл Америка Лигасы (American League) уюштурулган. Ошол 1905-жылдан бери жыл сайын бул эки лиганын чемпиондору сезон аягында дүйнө чемпиондугу үчүн ат салышышат. Жогорудагы эки лига биригип келип, эң чоң лига “Major League Baseball (MLB)” жаратат. Жыл сайын Апрелдин алгачкы Жекшембисинде башталып, Октябрь айынын алгачкы Жекшембисине чейин созулган лигада командалар жалпысынан 162 оюн ойношот. Улуттук лигада командалар Чыгыш, Батыш жана Борбордук тайпа болуп бөлүнүп, жалпы 14 команда жарышат. Ал эми Америка Лигасында Чыгыш, Батыш жана Борбордук тайпага бөлүнүп 16 команда ойнойт. Ар бир лиганын үчтөн тайпасынан жеңүүчүлөрү жана ар бир эки лиганын эң мыкты деп табылган экинчи орунду алган командалардан (wild card) куралган 8 команда “division series” деп аталган плей-офф оюндарын ойношот. “Division series” оюндарында атаандашын женген экиден команда өз лигасынын чемпиону атануу үчүн Чемпиондук серияда беттешишет. Чемпиондук серияда жеңген командалар Америка Лигасынын же Улуттук Лиганын чемпиону наамын алат. Кийинчерээк бул эки чемпион команда жети оюндан (матч) турган “World Series”те дүйнөнүн эң мыкты бейсбол командасы атануу үчүн беттешишет. Бейсболдун негизги эрежелери Бейсбол оюну, “umpire” деп аталган бир же андан көп арбитрдин көзөмөлүндө ар бир командада тогуздан оюнчуну камтыган эки команданын ортосунда өтөт. Америка Лигасында (MLB) негизинен төрт арбитр көзөмөлдөйт. Оюн, ар бир команданын бирден чабуул жана коргонуу позициясында 9 мөөнөт (inning) болуп ойнолот. Ар бир мөөнөттүн баштапкысы ‘top’, ал эми кийинкиси ‘bottom’ деп аталат. Бейсбол талаасындагы төрт бүрчөктүн ар бири бурчунун узундугу 27 метрди, ал квадраттын/чарчынын ичинде төрт “base(дарбаза)”жайгашкан. Топту ыргыткан (pitcher) оюнчу менен топту урган (batter) оюнчунун арасындагы аралык 18,4 метр. Топ атардын аркасындагы бет капчан/маскачан оюнчунун аты “catcher” деп аталат. Бейсболдо топту ыргыткан оюнчу менен топту тутаардын максаты топту урган оюнчуну оюндан сырткары калтыруу. Ал эми топту урган оюнчунун максаты болсо топту оюн талаасынан сыртка чыгарып упай топтоо. Чабуулдагы команданын ар бир мүчөсү кезек менен топ кармоочунун астына туруп, топ атаардын аткан тобун таяк менен урууга аракет кылышат. Ыргытылган топтун туура же натууралуулугун (catcher) топ тутаардын аркасында турган калыс көзөмөлдөп турат. Топту урган (batter) оюнчу туура келген топту ура албаса ал – strike (страйк) деп аталат. Катары менен үч жолу страйк (strike) кылган оюнчу страйкаут (strikeout) болуп, оюнду улантуу укугунан айрылып, оюндан четтетилет. Бир тайпада үч оюнчусу четтетилген чабуулчу команда өзүнүн чабуулчулук укугун жоготуп, коргонуучу командага айланат. Топ атаардын тобу туура эмес ыргытылса “ ball” (болл) деп аталат. Топ атаар төрт жолу болл (Ball) абалына түшсө, каршы тараптагы топ уруучу оюнчу кийинки дарбазага өтүүгө укук алат. Топ атаар топту туура ыргытып, аны урган оюнчу да туура урса/узута билсе “base steal” (бейс стил) дап аталган марага чуркоо жарышы башталат. Топту урган оюнчу колундагы таягын таштап, өзүнөн кийинки дарбазаны көздөй чуркайт. Каршы тарап болсо, ыргытылган топту кармап, топту урган атаандашынан мурда дарбазага жеткирүүгө аракет кылышат. Эгерде атаандаш команданын мучөсү ыргытылган топту, ыргыткан оюнчугу дарбазага жете электе кармап алса граундаут (groundout) болуп, топ атаар оюндан чыгат. Топ атаар өзү урган топ марага кайтып келгенге чейин кийинки дарбазага жеткенде гана андан кийинки оюнчу топ атаар позициясына өтөт. Эгерде топтун кайтып келиши кечиксе, топ атаар экинчи же андан кийинки дарбазаларга барып жайгашып алса да болот. Топ атаар бардык дарбазаларды басып өткөндө гана команда упайга ээ болот. Топ ыргытылгандан кийин атаандаш команда жерге түшүрбөй кармап калса, анда топ атаар флайаут (flyout) болуп оюндан четтилет. Бейсболдо эң мыкты ыргытылган топ “home run” (хом ран) деп аталат. Хом ран же эң мыкты топ атуу болушу үчүн топ атаар бир ыргытуу менен топту оюн талаасынын сыртына чыгарышы керек. Мындай алыс аралыкка ыргыта алган топ атаар дароо төрт дарбазаны басып өтүү менен командага упай алып келет. Эгерде алдыдагы дарбазаларда мурунку ыргытылган топтон калган командалаштары болсо, алардын баарын куткарып кете алат. Мындай жол менен хом ран (Home run) ыргыткан оюнчу дарбазаларда канча оюнчу болсо, командага ошончо упай алып келе алат.