Корея Республикасынын тарыхы

Википедия дан

Корей Республикасы 1948-ж. 15-августта түзүлгөн. Ли Сын Ман президенттикке шайланган. 1948-ж. ноябрда ал улуттук коопсуздук жөнүндө мыйзам кабыл алып, Конституциянын (1948-ж. 17-июлда кабыл алынган) айрым жоболорун алып салып, солчул, жумушчу ж. б. уюмдардын ишмердүүлүктөрүнө тыюу салган. Ошол эле жылы өзү түзгөн Либералдык партия башкаруучу партияга айланган. 1948-ж. түзүлгөн келишимдердин негизинде АКШ өкмөтү Корей Республикасына экономикалык жардам берип турган.

Корей согушу (1952).

Корей согушунун (1950—53) бүтүшү менен АКШ жана Корей Республикасы өз ара коопсуздукту камсыз кылуу (1954), ядролук энергияны тынчтык максаттарга колдонуу (1956) жөнүндө келишимдерге кол коюшуп, АКШ аскерлери Кореянын аймагында туруктуу негизде калышкан. 1940-жылдардын аягы — 1950-жылдардын башында Корей Республикасынын экономикасы төмөндөп, өлкөдө массалык жумушсуздук пайда болгон. 1950-ж. Корея өкмөтү АКШнын колдоосу менен жер реформасын жүргүзүп, ири жер ээлеринин ашык жерлерин сатып алып, дыйкандарга берген. 1952-ж. августта президенттик шайлоодо Ли Сын Ман кайрадан жеңишке ээ болгон. 1954-ж. ноябрда ал Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, президентке чексиз укуктарды ыйгарып, парламенттин айрым бийлигин чектеген. Мындай иш чаралар, ошондой эле инфляциянын өсүшү жана жумушсуздук өлкөдөгү ички саясий абалды курчуткан. 1960-ж. 15-мартта өткөрүлгөн президенттик шайлоодогу катачылыктар Апрель көтөрүлүшүнө (1960) алып келген. 1960-ж. 26-апрелде Улуттук чогулуш (парламент) президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылуу жана шайлоонун жыйынтыктарынын жараксыздыгын таануу жөнүндө резолюция кабыл алган. 1960-ж. июнда парламент Конституцияга оңдоолорду киргизип, президенттин бийлиги чектелген (мындан ары президент эки палатадан турган парламент тарабынан шайланууга милдеттүү), солчул, жумушчу партиялар жана уюмдардын ишмердиктерине тыюу салуулар алып салынган. 1960-ж. августта Демократиялык партиянын лидери Юп Бо Сон президенттикке шайланган. 1960-ж. 1-октябрда өкмөт Корей Республикасында Экинчи республикасы орногондугун жарыялаган. Экинчи республика өкмөтүнүн жакырчылык, коррупция жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүксүздүгү, элдин турмуш деңгээлинин начарлашы ж. б. элдин жаңы массалык чыгууларына шарт түзгөн. 1961-ж. 16-майда Пак Чон Хи баштаган офицерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш жасаган. Өлкөнү башкаруу Мамлекетти кайра куруунун жогорку кеңешине (МККЖК) өтүп, өлкөгө согуштук абал киргизилип, парламент, саясий партиялар жана коомдук уюмдар таркатылып, революциялык соттор түзүлгөн. 6-июлда МККЖК Конституцияны Чукул чаралар жөнүндө мыйзам менен алмаштырган. МККЖК расмий түрдө бийликтин жогорку органы болуп калган (Пак Чон Хинин жетекчилиги менен). 1960-жылдардын ортосунда АКШнын жардамы менен өлкөнүн экономикасы кризистен чыккан. Өкмөт «экспорт аркылуу индустриялаштыруу» саясатына өткөн. 1963-ж. октябрда Пак Чон Хи президенттик укукка ээ болуп, 17-декабрда Үчүнчү республика жарыяланган. 1970-ж. Пак Чон Хи социалисттик мамлекеттер менен болгон соода байланыштарын чектеген. 1968-ж. 1-июлда Корей Республикасы Ядролук куралдарды таратпоо жөнүндө келишимге кошулуп, өзүнүн ядролук программаларын МАГАТЭнин көзөмөлүнө койгон. 1972-ж. 4-июлда Корей Республикасы жана КЭДРдин өкүлдөрү улуттук консолидациянын негизинде эки өлкөнү тынчтык жол менен бириктирүүнү ишке ашыруу жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан. Бирок, Корей Республикасынын башкаруучу чөйрөлөрү жетишилген макулдашууну жүзөгө ашырууга жолтоо болуп, 1974-ж. эки өлкөнүн ортосундагы мамиле курч мүнөзгө өткөн. 1972-ж. Пак Чон Хи согуш абалын киргизип, парламентти жана саясий партияларды таркатып, Конституциянын ишин токтотуп, «Юсин» деген аталыштагы саясий реформаларды баштаган. 1972-ж. 21-ноябрда жалпы улуттук референдумда Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттин ыйгарым укугу кеңейип, Төртүнчү республикасы мезгили башталган. Пак Чон Хинин демилгеси менен Бириктирүүчү чучей (өз алдынча) элдик чогулушу (БЧЭЧ) түзүлүп, 1972-ж. 23-декабрда Пак Чон Хи кайрадан президенттикке шайланган. Пак Чон Хинин саясатына каршы 1979-ж. өлкөдө нааразычылыктар күч алган. Натыйжада Пак Чон Хи атылып өлтүрүлүп, мамлекет башына премьер-министр — Цой Гю Ха шайланган. 1980-ж. генерал Чон Ду Хван жетектеген аскерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш жасап, Цой Гю Ха бийликтен кетип, парламент таркаган. 1981-ж. Чон Ду Хван өлкөнүн президенттигине шайланган. Бешинчи республиканын мезгилинде экономика жогорулап, өнөр-жай жана тышкы соодада өзгөрүүлөр байкалган. 1987-ж. демократиялык оппозиция өкүлдөрү Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү талаптарын койгон. 1988-ж. Демократиялык акыйкат партиясынын лидери, генерал — Ро Дэ У Алтынчы республиканын президенттигине шайланган. Алтынчы республиканын өкмөтү СССР (1990), КЭДР (1991), КЭР (1992) ж. б. социалисттик мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди түзүп, 1991-ж. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон. 1991-ж. эки корей мамлекетинин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бири-бирине кол салбоо, тажрыйба алмашуу жана кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган. 1993-ж. Ким Ён Сам президенттикке шайланып, коррупцияга каршы активдүү күрөш жүргүзгөн. 1997-ж. президенттик шайлоодо демократиялык оппозиция лидери — Чжун жеңишке жетип, КЭДР менен болгон мамилелерди жөнгө салууга аракеттенген. 2000-ж. 13—15-июнда Пхеньянда корей мамлекеттеринин лидерлери Түндүк жана Түштүк Биргелешкен декларациясына кол койгон. Ким Дэ Чжундун тышкы саясатын кийинки президент — Но Му Хён (2003-жылдан) уланткан. Өлкөнүн президенти 2013-жылдан Пак Кын Хе.