Бокс

Википедия дан
Бокс Олимпия ойюнунда

Бокс — (от англ. box- куту,ящик,ринг ) спорттун түрү, спортсмендердин жекеме-жеке чыгып, атайын эреже боюнча мушташуусу. Оюн тегереги аркан менен курчалган (6 х 6 м) аянтта (ринг) өткөрүлөт.

Боксёрлор атайын жасалган жумшак тери мээлей кийип мушташат. Белден ылдый согууга уруксат берилбейт. Бокс боюнча мелдештерди өткөрүү катышуучулардын салмагына, жашына жана спорттук даярдыгына карата бөлүштүрүлөт. Бокс ден соолукка зыян келтирбөө эрежелерин сактоо менен 3 раундда өткөрүлөт.

Бокс менен машыгуу кишини ар тараптан өөрчүтөт, ден соолугун чыңайт; нерв, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын функцияларына жакшы таасир берет. Кишинин ыкчамдыгын, тең салмактуулугун, чечкиндүүлүгүн, чыдамкайлыгын арттырат. Бокс менен машыгууда бет, кол травмаларга учурашы ыктымал. Бокска мүнөздүү травманокаут (кыска убакытка акыл-эсин жоготуу). Нокаут болгондо мушташ токтотулат, спортсмен жабыр тартуу оордугуна карата ар кандай мөөнөткө мелдешке катышпайт.

Туура жүргүзүлгөн окуу-машыгуу процесстер, коргонуу ыкмаларын туура колдонуу, мушташуу эрежелерин так аткаруу, ошондой эле спортсмендерге такай догдурдун көзөмөлү травмалардын алдын алууга жана азайышына түрткү берет. Травманын алдын алууда боксёрлордун кол чеңгелин таңуу, оозуна каучук кеп, башына атайын шлем кийүү талап кылынат. Өспүрүмдөр 14—15 жашынан баштап тажрыйбалуу тренерлердин жетекчилигинде бокс менен машыгууга болот. Ал эми 16—17 жаштан баштап мелдештерге катышууга уруксат берилет. Бокс менен машыгууну баштоодон мурун догдурдан текшерүүдөн өтүп, анда айрыкча нерв системасына, угуу жана көрүү органдарына өзгөчө көңүл бурулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8