Система

Wikipedia дан

Система(гр. sistema – бөлүктөрдөн куралган бүтүн нерсе, биримдик) – бири-бири м-н өз ара байланышып турган элементтердин (бөлүкчөлөрдүн) белгилүү бир бүтүндүктү, биримдикти түзгөн жыйындысы.

Система түшүнүгү узак тарыхый өнүгүш мезгилинде кыйла өзгөрүүлөргө учуроо м-н, 20-к. жарымынан баштап негизги филос.-методологиялык ж-а атайын илимий түшүнүктөрдүн биринен болуп калды. Азыркы учурда С. конструкциялоо ж-а изилдөө иштери м-н байланышып, кибернетикада, системалык техникада, системалык талдоолордо, ж. б. колдонулат. Байыркы грек. философиясы ж-а илиминде (Евклид, Платон, Аристотель, стоиктер) билимдин системалуулугу (ырааттуулугу) ж-дөгү ой-пикирлер пайда б-н (логика, геометрия. аксиомалык түзүлүштөр). С. ж-дө билимди 17–18-к. Спиноза, Лейбниц, К. Линней, Кондильяк, И. Г. Ламберт 19–20-к. немец классик философия өкүлдөрү Кант, Гегель, Шеллингдер өркүндө-түшкөн. С. иш жүзүндө бардык нерсе, түшүнүктөрдө, көрүнүштөрдө (жаратылышта, коомдо) кездешкендиктен, ал илимде мазмун да, форма да жагынан ырааттуу түзүлүшкө ээ бүтүндүккө (биримдик, топ, жамаатка) мүнөздүү негизги принциптерди табууда, аныктоодо эң чоң мааниге ээ. Мында: бүтүн аркылуу бөлүктүн, бөлүк аркылуу бүтүндүн касиеттери ж-а алардын өз ара карым-катышы, байланышы белгилүү болот. Мезгилдин өтүшү м-н статикалык С. өзгөрүүгө учурабайт да, кыймылдуу (динамикалык) С. өзгөрүүгө учурайт. 20-к-да С-лык изилдөөлөрдүн өнүгүшү м-н, анын максат ж-а милдеттери, логика-методологиялык принциптери так аныкталууда.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8