Коом

Википедия дан

Коом — адам болмушунун мейкиндикте жайгашкан жана убакыт боюнча өнүгүп туруучу чөйрөсү, анын жашоосу менен ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү жана өндүрмөсү. Коом адамдардын материалдык турмушту өндүрүү жана кайра өндүрүү процессинде негизделген мамилелеринин суммасы болуп эсептелет.

Коомдун пайда болушу адамдардын өндүрүштүк иш-аракеттеринин зарыл натыйжасы. Өз ишмердүүлүктөрү аркылуу адамдар бири-бири менен коомдук мамилелер деп аталган алакаларды күтүшөт, коомдук мамилелердин жыйындысы адамдардын ишмердүүлүгүнүн социалдык мүнөзүн аныктайт. Өндүрүштүк-материалдыктан тартып интеллектуалдык жана көркөм ишмердүүлүккө чейинки ишмердүүлүктөрдүн түрдүк иерархиясы коомдук мамилелердин иерархиясына шайкеш келет. Өнүккөн коомдун негизги чөйөлөрү болуп өндүрүштүк (экономикалык), социалдык, саясий жана рухий чөйрөлөр эсептелишет.

Коомдун убакыт боюнча өнүгүшү тарыхты жаратат. Тарых муундар аралык тажрыйбаны, маданиятты, маалыматы топтоонун жана өткөрүп берүү сыяктуу социомаданий удаалаштыктын (орус. преемственность) негизинде өнүгөт. Тарыхта болуп жаткан өзгөрүүлөр ар кандай типтеги коомдун, маданияттын алмашышын, адамдын инсан катары өнүгүшүн шарттайт. Өндүрүү процессинде пайда болгон коомдук байланыштар менен мамилелер адамдардын табиятка болгон мамилесин аныктайт.

Коомдун турмушу табият менен тыгыз байланышта. Адамдар табиятты өзгөртүп түзүп, аны өз керектөөлөрүнө ылайыкташтырышат жана коомдун материалдык негизине айландырышат. Адам коомнун жашоосунун жана өнүгүүсүнүн негизин өндүрүш каражаттары жана материалдык байлыкты өндүрүү түзөт. Ошондуктан бардык коомдук мамилелердин ичинен өндүрүштүк, экономикалык мамилелерге башкы роль таандык.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8