Логика илими

Википедия дан

Өзүнүн логика жөнүндөгү окуусун Гегель «Логика илими» (Чоң логика деп аталган), «Философиялык илимдердин энциклопедиясы», биринчи бөлүк (кенже логика деп аталган) жана «Философиялык пропедевтика» (мында ал популярдуу баяндалат) деген чыгармаларында баяндайт.

Гегелдин философиялык системасынын негизги бөлүмдөрү төмөнкүлөр: логика, жаратылыш философиясы жана дух философиясы, кийинкисине укук философиясы, тарых философиясы, эстетика, диний философиясы, философия тарыхы кошулат. Логика бүткүл гегелдик системанын түпкү жана эң маанилүү бөлүгү болуп саналат, анткени логика абсолюттук идеяны талдап карайт, ал эми абсолюттук идея болсо бүткүл чындыктын негизин (существо) түзүү менен, логикада өзүнүн категорияларын жайылтат. Гегель ойлом менен бытиенин бирдейлиги (тождество) жөнүндөгү идеалисттик принципке таянат. Бирок бул принцип гегелге историзм жолуна түшүүгө жана логикалык категорияларды мазмундуу түшүнүктөр катарында талдап-кароого мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге логикалык категориялар менен тарыхый категориялардын биримдиги Гегель тарабынан тарыхыйлыкка карата алганда логикалыкка биринчиликти ыйгаруу духунда түшүнүлөт. Логикалык категорияларды Гегель бири-бири менен өз ара байланышкан жана бири-бирине өтүп турган категориялар катарында түшүнөт, ал эми бул диалектиканын негизинде нерселердин, чындыктын диалектикасы жаткандыктан Гегелдин диалектикасы терең мааниге ээ.

Гегелдин логикасын бытие, маңыз (сущность), түшүнүк жөнүндөгү окууларга бөлүшөт. Баарынын түпнегизи — таза жок нерсе (чистое ничто) жана ал ошону менен бир эле мезгилде таза ой. Мындай болгондо ал кандайдыр бир аныктама берүүгө болбой турган жок нерсе. Бытие менен жок нерсе (ничто) өз ара бири-бирине өтөт да, пайда болуу (жаралуу) процесси жүрөт, бул процессте бытие менен жок нерсе алынып ташталат, б.а. алар бир эле мезгилде жок да кылынат жана сакталып да турат. Бул процессте бытиенин негизги үч учуру, анын триадасы жарыя чыгат: бытие (тезис), жок нерсе (антитезис), пайда болуу (синтез). Триаданын бул принцибин Гегель категорияларды талдоо аркылуу ишке ашырат.

Пайда болуу (становление) дух үчүн гана мүнөздүү, ал эми жаратылыш болсо мезгил койнунда жашап турганы менен, мейкиндикте гана ар түрдүүлүккө ээ болот. Триададагы ишке ашырылган алып таштоо (снятия), тануу (отрицания) процесси — бул Гегель тарабынан аныктамаланган диалектиканын мыйзамдарынын бири — танууну тануу мыйзамы. Пайда болуунун (жаралуунун) натыйжасында недир бир белги — сапатка ээ болгон реалдуу бытие келип чыгат. Сан белгилүү бир чектерге чейин сапаттык өзгөрүүгө алып келе албайт. Сапат менен сандын биримдиги ченемди (меру) пайда кылат, бул ченемден өтүү секирик (скачка) түрүндө ишке ашуучу өзгөрүүгө алып келет. Мына ошентип, Гегель сандын сапатка өтүү мыйзамынын аныктамасын тапкан. Логиканын экинчи бөлүмүндө — маңыз жөнүндөгү окууда — Гегель карама-каршылык проблемасын карап чыгат. Ал «карама-каршылык ар кандай кыймылдын негизи» дейт. Гегель карама-каршылыкты өздүк кыймылдын (самодвижение) жана өздүк өнүгүүнүн (саморазвитие) булагы катарында карайт. Ал карама-каршылыктарды элдештирүүгө болот деп эсептейт. Гегель Канттын «өзүндө нерсесин» сынга алып, аны көңдөй абстракция деп эсептейт жана өзүндө нерселер дегенибиз — ал өсүп-өнүгө элек предмет, ал эми ал өсүп-өнүккөндө өзү үчүн предметке айланат деп болжолдойт. Гегель мыйзам категориясынын мазмунун ачып көрсөткөн, Гегель үчүн бул маанилүү көрүнүш катарында чыгат. Андан ары Гегель башка категорияларды: олуттуу мамиле, мүмкүндүк, зарылдык жана кокустук, себептүүлүк, өз ара аракет, эркиндик категорияларын талдап караштырат. Эркиндикти ал түшүнүктөгү аңдалып-билинген зарылдык катарында билет. Логиканын үчүнчү, түшүнүк жөнүндөгү бөлүмүндө Гегель традициялык логиканы башкача түшүндүрүп, традициялык логика тарабынан аныктама берилген ойлом мыйзамын сынга алат, мында ал негизинен вольфианчылардын логикасына токтолот. Өзүнүн логикасында чындыкты идеалисттик негизде абсолюттук идеянын категорияларында кеңири жайылтылган түрүндө калыбына келтирет. Гегель тарабынан тартылган сүрөт тышкы дүйнөнүн реалдуу жактарын жана байланыштарын чагылдырат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников. Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine