Тутум

Википедия дан

Тутум ― бир бүтүндүктү түзгөн бир канча өз ара байланышкан нерселер же кубулуштар. Мисалы: тикбурчтуу координаталар тутуму.

Система түшүнүгү узак тарыхый өнүгүш мезгилинде кыйла өзгөрүүлөргө учуроо менен, 20-к. жарымынан баштап негизги философия-методологиялык жана атайын илимий түшүнүктөрдүн биринен болуп калды. Азыркы учурда Система конструкциялоо жана изилдөө иштери менен байланышып, кибернетикада, системалык техникада, системалык талдоолордо, ж. б. колдонулат.

Байыркы грек. философиясы жана илиминде (Евклид, Платон, Аристотель, стоиктер) билимдин системалуулугу (ырааттуулугу) жөнүндөгү ой-пикирлер пайда болгон (логика, геометрия. аксиомалык түзүлүштөр). Система жөнүндө билимди 17–18-к. Спиноза, Лейбниц, К. Линней, Кондильяк, И. Г. Ламберт 19–20-к. немис классик философия өкүлдөрү Кант, Гегель, Шеллингдер өркүндө-түшкөн.

Система иш жүзүндө бардык нерсе, түшүнүктөрдө, көрүнүштөрдө (жаратылышта, коомдо) кездешкендиктен, ал илимде мазмун да, форма да жагынан ырааттуу түзүлүшкө ээ бүтүндүккө (биримдик, топ, жамаатка) мүнөздүү негизги принциптерди табууда, аныктоодо эң чоң мааниге ээ. Мында: бүтүн аркылуу бөлүктүн, бөлүк аркылуу бүтүндүн касиеттери жана алардын өз ара карым-катышы, байланышы белгилүү болот. Мезгилдин өтүшү менен статикалык Система өзгөрүүгө учурабайт да, кыймылдуу (динамикалык) Система өзгөрүүгө учурайт. 20-кылымда Системалык изилдөөлөрдүн өнүгүшү менен, анын максат жана милдеттери, логика-методологиялык принциптери так аныкталууда.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]