Спорт

Википедия дан
Спорт

Спорт-биздин досубуз - ар кандай дене тарбиялык көнүгүүлөр боюнча окуу-машыгууну жана мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү системасы. С. адамдын ден соолугун чыңдоо , мелдеште жогорку көрсөткүчкө жана жеңишке жетүү максатын көздөйт; дене тарбиянын негизги бөлүгү. Спорттун ар кандай түрлөрү, оюндары, коомдору, комитеттери бар. Спорт — атайын дене тарбиялык көнүгүүлөр боюнча окуу-машыгууну жана мелдештерди уюштуруу, өткөрүү системасы. Спорт мелдешүү, жеңүү, эң жогорку спорттук жетишкендиктер — рекорддорго жетишүү максатын көздөйт. Советтик спорт ар бир кишинин ар тараптан өнүгүүсүн, ден соолукту чыңдоону камсыз кылат жана өзүнүн массалуулугу менен мүнөздөлөт. Спорттук мелдештерге жана машыгууларга катышуу ден соолукту чыңдоо, бош убакытты максаттуу пайдалануунун эң мыкты шарттарынын бири. Спорт чечкиндүүлүк, туруктуулук, тартиптүүлүк, коллективди сүйүү, жеңишке умтула билүү жана башкалар баалуу сапаттарды өнүктүрөт.

Спорт -биздин досубуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Спорт менен машыгуу нерв-психикалык, оор күч келүү менен байланыштуу болгондуктан ага ден соолугу чың, медициналык кароодон өткөн адамдар катыша алат. Такай машыккан кишилердин келбети сымбаттуу болуп, органдар менен системаларынын түзүлүшү, функциясы жакшырат. Машыгуулардын натыйжасында сөөктөр бышык болуп, булчуңдар чоңоёт, кыймыл-аракет жакшырат, сергек болот, түрдүү ооруларга туруктуулугу жогорулайт. Спорт менен машыгууда ага жумшалуучу күч машыгуучулардын күчүнө, жашына жана жынысына ылайык келүүгө тийиш. Узак убакыт, үзгүлтүксүз спорт менен машыгуу ден соолукка жакшы таасир берип, мезгилсиз картаюунун алдын алат. Бирок, жаш өткөн сайын оор күч менен байланыштуу машыгууларды азайтуу талапка ылайык. Күрөш, футбол, оордуктарды көтөрүү сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыгуу пайдасыз. Ал эми сууда сүзүү, жай чуркоо, лыжа тебүү, бадминтон, теннис, волейбол ойноо орто жаштагы жана улгайып калган кишилер үчүн жеңил болот.

Мелдештер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Спорттун бардык түрлөрү боюнча машыгуу жана атайын мелдештер өткөрүлөт. Спорттук мелдештер адегенде ишканалардын арасында, андан кийин райондук, областтык, республикалык жана союздук масштабда уюштурулат. Ар бир спортсменге спорттук мелдештерде көрсөткөн жетишкендиктеринин негизинде атайын спорттук разряддар жана наамдар ыйгарылат.

A

Б

К

О[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ф

Ш


Биринчи Олимпиада оюндары 1896-жылы өткөн (булак).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8