Баскетбол

Википедия дан
Баскетбол ойночу топ
Баскетбол аянтчасы

Баскетбол(англ. basket — себет, ball — топ) - бул беш оюнчудан турган эки команданын арасында отуучу спорттун бир туру.

Оюндун эрежелери[оңдоо | булагын оңдоо]

Баскетбол узундугу 26 м, туурасы 14 м болгон төрт бурчтуу атайын аянтчада ойнолот. Оюнчулар атаандашынын корзинкасына топту кол менен ыргытып түшүрүшөт. Оюн ар кандай кыймылдардан (чуркоо, секирүү, топту тосуп алуу, ыргытуу) турат жана тактикалык абалдардын тез алмашуусу менен мүнөздөлөт.жана мен

Оюндун пайдалары[оңдоо | булагын оңдоо]

Баскетбол ойноо адамдын таяныч-кыймыл аппаратын өнүктүрөт жана бекемдейт. Дем алуу, жүрөк-кан тамыр системасынын функциясын, кыймыл координациясын жакшыртат. Организмдин күчү жана чыдамкайлыгы өсөт. Баскетболду балдарга үйрөтүүнү 9—10 жашынан, атайын машыгууларды 11 —12 жашынан баштаса болот. Ал эми мелдештерге катышууга 1 —1,5 жыл машыгуудан кийин уруксат берилет. Баскетбол ойноодо кызыл ашык муундарынын чоюлушу, кол манжаларынын муундан чыгып кетиши жана башка травмалар болушу ыктымал. Кырсыктардын алдын алууда оюн аянтынын туура түзүлүшү, оюндун эрежелерин сактоо, бутка чак, ыңгайлуу спорттук бут кийим кийүү маанилүү. Баскетболдун элементтери айыктыруу физкультурасында колдонулат. Баскетбол — дене тарбиянын жана активдүү эс алуунун мыкты каражаты.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. слэм-данк

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8