Дем алуу

Википедия дан
Диафрагма. Адамдын ич көңдөйү менен дем алуу түрү

Дем алууорганизмдин айлана чөйрөдөн кычкылтекти алып, аны кычкылдануу процессине пайдалануу жана организмден көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруучу процесстердин жыйындысы. Бул процессте организмдин тиричилигине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Бир клеткалууларда жана жөнөкөй түзүлүштүү организмдерде дем алуу дененин үстүңкү бети аркылуу өтөт. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда жана кишиде сырткы дем алуу атайын дем алуу органдары, ткандык дем алуу кан аркылуу жүрөт. Кишиде сырткы Дем алуу өпкө аркылуу гана ишке ашат. Организм кабыл алган кычкылтектин 1 — 1,5% гана тери жана тамак сиңирүү жолу аркылуу сиңет.[1] Адамдын дем алуусу атмосфера абасы менен өпкө альвеола абасынын ортосундагы алмашууну (сырткы Дем алуу ), альвеола абасы менен кандын ортосундагы газ алмашууну, кан аркылуу газдарды ташуу, кан менен ткандын ортосундагы газ алмашууну жана клеткалык Дем алуунун механизмин камтыйт. Адам тынч турганда 1минутада (16—20 жолу Дем алуу кыймылын жасап) 6—9 л абаны дем алып, кайра чыгарат; ушундай эле көлөмдөгү кан (5л) бул мезгилде өпкөнүн майда кан тамырлары (капиллярлары) аркылуу өтөт. Өпкөнүн альвеолаларындагы кычкылтек өпкө капиллярындагы канга, ал эми көмүр кычкыл газ тескерисинче кандан өпкөнүн альвеолаларына, башкача айтканда өпкө альвеолаларында кычкылтектин концентрациясы өпкөгө келген (капиллярдагы) кандыкынан жогору болгондуктан кычкылтек канга өтөт, ал эми канда көмүр кычкыл газынын концентрациясы жогору болгондуктан өпкө капиллярынан альвеолага, андан сыртка чыгат. Андан кийин кычкылтек кандын агымы менен ткань жана органдарга келип, кандан бул ткандардын жана органдардын клеткаларына өтөт. Клеткалар тынымсыз иштегендиктен кычкылтекти тынымсыз талап кылат жана көмүр кычкыл газын бөлүп чыгат. Клеткадагы кычкылтек концентрациясы кандагы кычкылтек концентрациясынан дайыма төмөн, ал эми көмүр кислотасынын концентрациясы дайыма жогору болот. Ошентип кычкылтек өпкөдөн ткандарга чейин, жогорку концентрациялуу чөйрөдөн төмөнкү концентрациялуу чөйрөнү көздөй жылып, акыры клеткаларда керектелет. Ал эми көмүр кычкыл газы органдан концентрациясы аз канга өтүп, өпкөгө келет, андан сыртка чыгат. Мындан тышкары организмде дем алуу кошумча механизмдердин жардамы менен да ишке ашырылат. Кандын суюк чөйрөсүндө (кан сары суусу) газдар начар эрийт. Мындай кыйынчылыкты кандагы өзгөчө зат — гемоглобин жеңилдетет. Гемоглобин кан суюктугуна караганда кычкылтекти 70 эсе, көмүр кычкыл газды 20 эседен көп байланыштырат. Өпкөгө келген кычкылтек өпкө капиллярындагы канга, андан эритроцитке өтөт. Эритроциттеги гемоглобин кычкылтек менен кошулуп, оксигемоглобинди пайда кылат. Мунун натыйжасында эритроциттеги кычкылтек азайып, кычкылтектин жаңы молекуласынын келишине шарт түзөт. Ошентип кан өпкө капилляры аркылуу өтүп жаткан мезгилде эритроциттер кычкылтекти өзүнө тартып алып, канда кычкылтектин концентрациясы жогорулайт. Өпкөдө, башкача айтканда кычкылтек концентрациясы жогору жерде оксигемоглобин пайда болот. Ал эми кычкылтек концентрациясы төмөн ткандарда оксигемоглобин ажырап, бошогон кычкылтек ткандарга сиңет. Борбордук нерв системасындагы Дем алуу борбору Дем алуунун ылдамдыгын, тереңдигин башкарат. Сырткы Дем алууну организмдин талабына ыңгайлаштырат. Сырткы Дем алуунун натыйжалуулугу көп учурда кишинин кемтигине байланыштуу (бүкчүйүп жүргөндөрдө аз). Атайын машыгуунун, мисалы, дем алдыргыч гимнастика же башңа көнүгүүлөрдүн жардамы менен Дем алуунун натыйжалуулугун жогорулатууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]