Гимн

Википедия дан

Гимн - программалык мүнөздө жазылган салтанаттуу ыр. Мамлекеттик, революциялык, аскердик, диний, тарыхый окуялар менен баатырларга арналган гимндер белгилүү. Гимн жанры хор, опера жана симфония чыгармаларында да учурайт.

Байыркы Грецияда гимн кудайлардын урматына жазылган. Биздин заманга чейин 7-5 кылымда Алкей, Алкман, Пиндар сыяктуу акындар гимн жазган. Алардан бизге «гимн» деген ат менен эпикалык баяндоо түрүндөгү ыр чыгармалар келип жетти. Улуу француз революциясы жаңы революциячыл гимнди («Марсельеза») революциячыл пролетариат өз гимнин («Интернационал») жаратты.

«Интернационал» 1944-жылдын 1 –январына чейин СССР мамлекеттик гимн болуп келди. СССРдин гимни 1944 ж. жазылган жана 1977 ж. кайрадан редакцияланган (текст С. Михалков менен Г. Эль-Регистандыкы, музыка – А.В. Александровдуку).

Кыргыз Кыргыз ССРдин мамлекеттик гимндин сөзүн Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, М. Токобаев, Кубанычбек Маликов, музыкасы – В. Власов, Абдылас Малдыбаев, В. Фере жазышкан.

Азыркы Кыргызстандын мамлекеттик гимнин сөзүн Жалил Садыков, Ш.Кулуев, музыкасын Насыр Давлесов, К.Молдобасанов жазышкан.

Шилтемелер: