Макао

Википедия дан

Атайын административдик
аймагы Макао (Аомынь)

кыт. улут. 澳門特別行政區
, жең.
, пиньинь: Àomén Tèbié Xíngzhèngqū
порт. Região Administrativa Especial de Macau

Герб
Туу Герб
Мамлекеттик Гимни
Файл:Macau locator map.svg, Macaosar w2 locator.svg и China Macau.svg
Негизделген 1557: португалдык колониясы;

13 августа 1862: португалдык колониясы;


20 декабря 1999: суверенитета

Расмий тили кытайча ,
Португалча
Борбор шаары -
Ири шаарлар
мамлекеттик аткаруу
бийлиги
Фернандо Чуй
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
224 - дүйнөдө
27,2 км²
0
Калкы
• Бааланган (2014)
Жыштыгы

541 200[1] адам (165)
20 044 ад./км²
Акча бирдиги Патака
Домени .mo
ISO коду MO
ЭОК коду MAC
Телефон коду +853
Убакыт аралыгы UTC +8

Атайын Административдик аймагы Мака́о (порт. Macau) же Аомы́нь (кыт. улут. 澳門, жең. 澳门, пиньинь: Àomén, палл.: Аомынь, Аомэнь; йель. Oumun, кант. Оумунь) — автономдук аймак Макао - Чыгыш Азиядагы аймак. Кытайдагы өзгөчө административдик район.

Түштүк Кытай деңизинин жээгинде, Сицзян дарыясынын чатында жайгашкан. Аомынь жарым аралын, Ханьцзыдао (Тайпа), Цзюадао (Колоане) аралын камтыйт. Аянты 25 км2. Калкы 482,5 миң (2005); анын ичинен 95% кытайлар, 3% португалдар. Будисттер 45%, католиктер 7%, 1% протестанттар. Калкынын 46%ке жакыны эч кандай дин тутпайт. Административдик борбору - Аомынь шаары. Расмий тили - португал жана кытай тилдери. Акча бирдиги - патака.

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аомынь (2013).

...

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аймагында байыртадан эле кытайлар отурукташып, Кытай империясынын бир бөлүгүн түзүп келген. 16-кылымдын башында 1557-жылы Аомындын жээгине кемелер менен португалиялык көпөстөр келишип, Кытай өкмөтүнүн уруксаты менен ижарага жер алышып, бекем фактория түзүшкөн. Андан соң иезуиттер келип, миссионерлик менен гана алектенишпестен, пайдалуу жагы көп жибек сатууга киришкен. Португалия мамлекети Аомынь аймагын сүргүнгө айдалчу жай катары да пайдаланышкан, 1550-жылдын 2-жарымынан португал акыны Л. Камоэнс сүргүндө болгон. Англия-кытай согушунан кийин (1840-42) Кытай мамлекетинин начарлашынан пайдаланып, Португалия 1848-жылдан ижара акысын төлөөнү токтотушуп, аймакты ээликке айланткан. 1941-45-жылы Япония басып алган. 1951-жылы Португалиянын «алыскы деңиз провинциясы» деген статус алган. 1987-жылы КЭР менен Португалия өкмөтүнүн биргелешкен макулдашуусунан кийин 1999-жылдын аягынан Аомынь аймагы Кытайга өткөн. Кытай өкмөтү Гонконгдогудай «бир өлкөдө - эки система» саясатын жүргүзүп келүүдө.

Административдик бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички дүң продукциясы 7,9 млрд долларды (киши башына бөлүштүргөндө 17,8 миң доллардан туура келет; 2003) түзөт. Андагы тейлөө чөйрөсүвүн үлүшү - 87% , өнөр жайыныкы - 12%, айыл чарбасы 1%. 1980-жылдан ИДП тез темп менен өсө баштаган. Ага аймактын географиялык абалы, соода кылууга ыңгайлуу шарттары, өндүрүштөрүнүн экспорттук товарларды чыгарууга багытталышы экспорттук, импорттук товарларга тарифтин жоктугу, салыктын төмөндүгү түрткү болду. Экономикасында калктын 62,3% (а. и. 18,3% - өнөр жайда, 29,5% - башкарууда жана тейлөө чөйрөсүндө, 27%ы соодада, мейманкана жана ресторан бизнесинде, 8,9% финансы сферасында, 8% курулушта, 7% транспорт менен байланышта, 1,3% айыл чарбасында) эмгектенет. Экономикасынын негизин - туризм, текстиль буюмдарын, электрондук компоненттерди, оптика, оюнчук жасоо жана башка түзөт. Туристтерди өзүнө тарткан (жылына 12 млндой турист келет; анын 48% Кытайдан, 39% Сянгандан, 9% Тайвандан) кызыктуу кумар бизнеси (3,7 млрд доллар, ал бюджеттик кирешенин 1/3ин түзөт; 2003) өнүккөн. Аомынь Азиянын негизги офшордук финансы борборлорунун бири. Валютаны либералдаштыруу боюнча мыйзамдуулук капитал жана валюта алмаштыруу операцияларын эркин жүргүзүүгө шарт түзөт; 20дан ашык банк (анын ичинен эл аралык ири банктардын бөлүмдөрү), 20дан ашык камсыздандыруу компаниялары иштейт. Университет (1991-жылдан), Политехникалык институт (1991), Азия эл аралык ачык университети, Туризм институту, Илим жана технология жеке менчик университети иштейт. Ама храмы (16-кылым), музей, көптөгөн парктар бар. Темир жол жок. Аомынь жарым аралы, Ханьцзыдао жана Цзюадао аралы көпүрө аркылуу байланышат. Автомобиль жолунун узундугу 345,2 км (2003). Деңиз порту (Аомынь жарым аралында). Эл аралык аэропорту (Ханьцзыдао аралында) бар. Сыртка бут кийим, электроника, фарфор, оюнчук, хим. продукциялар, кустардык буюмдар чыгарылып, сырттан сырьё, полуфабрикат, тиричилик товарлары, машина жана жабдуу алат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Кытай, Европа союзуна кирген өлкөлөр, Сянган.

Транспорту[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
  1. Estimates of population. Statistics and Census Service (DSEC) of the Macau Government. Текшерилген күнү 10 -ноябрь (жетинин айы) 2009. Түп булактан архивделген күнү 4 -февраль (бирдин айы) 2012.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]