Ливан

Википедия дан
Ливандын желеги
Ливан

Ливан (ар. – Лубнан), Ливан Республикасы (Аль-Жумхурия аль-Лубнания) – Батыш Азиядагы мамлекет, Жакынкы Чыгышта. Түндүгүнөн жана чыгышынан Сирия, түштүгүнөн Израиль менен чектешет. Батышын Жер Ортолук деңиз чулгайт (жээк сызыгынын уз. 225 км). Аянты 10,4 миң км2 (анын ичинде ички сууларыныкы 200 км2дей). Калкы 4,7 млндой (2009). Борбору – Бейрут шаары Расмий тили – араб тили (кабыл алынган мыйзам боюнча расмий тил катары – француз тили да колдонулат). Административдик-аймагы жактан 8 мухафазага (губернаторлукка) жана борборго бөлүнөт (к. таблицаны). Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009):

Мухафазалары Аянты, км2 Калкы, млн Адм. борборлору
Аакар 776,0 0,3 Хальба
Баальбек-Хирмиль 3009,0 0,3 Баальбек
Бейрут 19,6 0,5 Бейрут
Бекаа 1151,9 0,3 Захла
Набатия 1098,0 0,3 Эн-Набатия-этТахта
Тоолуу Ливан (Жебель-Лубнан) 1968,3 1,8 Баабда
Түндүк Ливан (Эш-Шамаль) 1248,8 0,6 Триполи
Түштүк Ливан (Эль-Жануб) 929,6 0,6 Сайда


Ливан – БУУнун (1945), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945), ЭВФтин (1947), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1947), Ислам конференция уюмунун (1969) мүчөсү; Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун байкоочусу статусуна ээ.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ливан – унитардык мамлекет. 1926-ж. 23-майда Конституциясы кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, 6 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Депутаттар палатасы). Аткаруу бийлигин президент менен Министрлер кеңеши ишке ашырат. Ливанда көп партиялуу саясий система орун алган. Кыймылдар жана саясий партиялар үч блокту түзөт (2009). 1-блокто «Мустакбаль» сүннөт кыймылы, друздук Прогрессивдүү социалдык партиясы, «Ливан күчтөрү» уюму (мурдагы христиандык куралдуу түзүмдөр, «Катаиб» маронит партиясы, «Корнет Шагван» оңчул христ. партиясы бириккен бар. 2-блок Христиандык эркин патриоттук кыймыл, «Марада» христиан партиясы, Ливан коммунисттик партиясынан турат. 3-блокко «Амаль» жана «Хезболлах» шиит уюмдары кирет.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жээктери негизинен жапыз, булуң-буйткалар аз, айрым аскалуу тумшуктар жана кум дөбө массивдери бар. Жеринин бети негизинен тоолуу. Жээк түздүгү (жазылыгы 1,5– 3 км, түштүгүндө 10 кмге чейин кеңийт) чыгышта Ливан кырка тоосунун этек тоолоруна өтөт. Мында Ливандын эң бийик жери – Курнет-эс-Сауда чокусу (бийиктиги 3088 м) жайгашкан. Ливан кырка тоосунун терең тилмеленген батыш капталы Жер Ортолук деңизди карай тепкичтенип, чыгышка тоо аралык Бекаа өрөөнүнө тик түшөт. Бекаа өрөөнү грабен түзүлүшүндө, жазылыгы 8– 14 км, түндүктөн түштүктү карай өлкөнүн бүт аймагы боюнча созулуп жатат. Анын таманы деңиз деңгээлинен 750–900 м бийиктикте жайгашкан. Ливандын чыгышын Антиливан кырка тоосунун (бийиктиги 2814 мге чейин) батыш капталы ээлейт. Ливандын аймагы байыркы платформанын жабындысында жайгашкан. Цемент, курулуш материалдары, сал туз, гипс, кум, шагыл кендери бар. Ливандын аймагынын климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик, жайы кургакчыл, кышы нымдуу. Январдын орточо температурасы 13ᵒС, июлдуку 27ᵒС, 1000 м бийиктиктерде 6ᵒСтан 22ᵒСка чейин. Жылдык жаан-чачыны жээк бөлүгүндө 750–1000 мм (негизинен октябрдан майга чейин нөшөр түрүндө жаайт), жайында абанын салыштырмалуу өтө жогорку нымдуулугу мүнөздүү. Тоолордо 1000 ммден ашык, Бекаа өрөөнүндө жана Антиливан кырка тоосунун капталдарында 400–800 мм жаайт. Жайы, айрыкча, тоо этектери жаан-чачынга өтө жарды. Жазында түштүктөн ысык шамал согуп, кумдуу бороонду пайда кылат. Дарыялары чакан, көбүнчө соолуп калат, сугатка кеңири пайдаланылат. Эң ири дарыясы – Эль-Литани Бекаа өрөөнүнүн түштүк бөлүгү аркылуу агат. Жер Ортолук деңизге куюучу көптөгөн суулар Ливан кырка тоосунун акиташ тектүү капталынан башталат. Жээк аймактарында жана тоо капталдарынын этектеринде күрөң топурактар, андан бийигирээк бөлүгүндө бозомук-күрөң таштак топурак басымдуу. Жергиликтүү токой өсүмдүктөрүн Ливан кырка тоосунун батыш капталындагы катуу жалбырактуу жер ортолук деңиздик дарак-бадалдар түзгөн, ал 20-кылымдын башталышында антропогендик таасирден өтө жапа чеккен. Өсүмдүктөрүндө экинчи жолку бадалдар (маквис, фригана) басымдуу, арасында токой калдыктары (эмен, чынар, ак чечек, алеп жана италян кызыл карагайы) кездешет. 1200–1400 м бийиктикти ливан бал карагайы (кедр), көк карагайлуу чакан токой массивдери ээлейт. 2400 м бийиктикте токой өсүмдүктөрүнүн жогорку чегин арча түзөт. Ливан кырка тоосунун чыгыш капталдарын жана Бекаа өрөөнүн эмен-жыгач мисте сейрек токою жана фригана аралаш өскөн кургак талаа ээлейт. Тоо капталдары тектирленип, анда дан эгиндери, мөмө-жемиш бактары өстүрүлөт. Ливанда өлкөнүн 0,7%ин ээлеген 24 коргоого алынган табигый аймак уюшулган; анын ичинде эл аралык маанидеги 4 суу-саздуу жер, бал карагай токойлуу Шуф биосфералык резерваты, Машгара улуттук паркы бар.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын басымдуу бөлүгүн арабдар (87,8%), ливандыктар (78,7%), палестиналыктар (13%), египеттиктер, сириялыктар, ирактыктар түзөт. Төрөлүү (1000 адамга 17,1 бала) өлүм-житимден (6 адам) дээрлик 3 эсе ашык. Өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 26%ти, эмгекке жарактуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 67%ти, 65тен ашкандар 7%тен ашыгын түзөт. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 73,7 жыл (эркектер 71,1, аялдар 76,3 жыл). 21- к-дын башталышында Ливанда 1,6 млн чет өлкөлүктөр – сириялыктар, палестиналык качкындар жана башкалар жашаган. 15 млндон ашык ливандыктар чет өлкөлөрдө, негизинен Франция менен АКШда жашайт. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 450 адам (2009); жээк зонасында жана Бекаа өрөөнүндө эң жыш отурукташкан. Шаар калкы 87% (2011). Эң ири шаары – Бейрут; башка ири шаарлары: Триполи, Жуния, Баальбек. Ливандыктардын 52%тейи ислам динин, 44,8%и христиан динин тутат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ливандын азыркы аймагын адамдар биздин заманга чейин 8–7-миң жылдыктан мекендеген. Биздин заманга чейин 4–3 миң жылдыкта Ливан аймагында финикиялык Библ (азыркы Жубайль), Тир (азыркы Сур), Сидон (азыркы Сайда), Берит (азыркы Бейрут) жана башка шаар-мамлекеттери пайда болгон. Дыйканчылык, кол өнөрчүлүк өнүгүп, Египет, Вавилон, Кавказ, Кичи Азия мамлекеттери менен соода жүргүзүшкөн. Биздин заманга чейин 875-ж. Ассирия, 7- кылымдын аягында Вавилония, 332-ж. Александр Македонский басып алып, анын державасы кулагандан кийин Ливан аймагы Птолемейлер бийлигине, биздин заманга чейин 3-кылымдын ортосунда Селевкиддер империясына караган. Биздин заманга чейин 64-ж. – биздин замандын 3- кылымында Ливандын азыркы аймагын Рим аскер башчысы Помпей басып алгандыктан, Рим империясына баш ийген. 4-кылымда Ливан аймагы Чыгыш Рим империясынын курамына кошулган. 7-кылымдын башында Ливанды ирандыктар, 636-ж. арабдар караткан. Натыйжада 7–8-кылымда Омейяддардын, 8–9-кылымда Аббасиддердин, 9–10- кылымда Тулуниддердин жана Ихшидиддердин, 10– 12-кылымда Фатимиддер халифатынын ээликтеринде калган. 1099-ж. Ливан кресттүүлөрдүн колуна өткөн. 13-кылымдын аягында Ливан Египет мамлюктарынын, 16–17-кылымда Осмон империясынын бийлигинде болгон. 1861-ж. европалык державалардын кысымы менен Тоолуу Ливанга Органикалык статус (автоном. район) берилип, ал Осмон империясы жана Ливан батыш державаларына (өзгөчө Францияга) көз каранды болуп калган. Порттор, банк иштери, транспорт, айрым өнөр жай өндүрүштөрү жана башка европалыктардын колуна өткөн. 1908-ж. Ливанда улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 1- дүйнөлүк согуш убагында (1914–18) түрк аскер губернатору бардык бийликке ээ болгон. Улуу Британия менен Франциянын ортосунда Осмон империясынын Азиядагы ээликтерин бөлүштүрүү жөнүндө түзүлгөн Сайкс-Пико келишиминин (1916) негизинде 1920-ж. апрелде Ливан Франциянын мандаттык аймагы статусун алган. 1920-ж. сентябрда Улуу Ливан мамлекети, 1926-ж. кабыл алынган конституция боюнча Ливан республикасы деп жарыяланган. Ливандын тышкы саясатына Франция көзөмөл жүргүзгөн. 2-дүйнөлүк согуш башталган соң, Ливанда чукул кырдаал киргизилип, конституциясы жоюлуп, парламент таратылып, компартияга тыюу салынган. Элдик боштондук кыймылдын кысымынан улам Франция 1943-ж. Ливандын көз карандысыздыгын таанып, 1946-ж. өз аскерлерин Ливан аймагынан алып чыгып кеткен. 1943-ж. 22-ноябрь Ливандын көз карандысыздык күнү деп белгиленген. Б. аль-Хури Л. Республикасынын президенти болуп шайланган. Ливан 1944-ж. августта СССР менен дипломатиялык мамиле түзгөн. 1945-ж. февралда Гитлерге каршы коалицияга кошулуп, Германия жана Японияга согуш жарыялаган. 1945-жылдан БУУга жана Араб өлкөлөрүнүн лигасына мүчө. 1948–49-ж. Ливан Араб мамлекеттери менен бирге Израилге каршы согушка катышкан. Социалдык карама-каршылыктардын курчушу, бийлик үчүн күрөш Ливан өкмөтүнүн тез-тез алмашылышына алып келген. Өлкөдөгү экономикалык абал, эл массасынын өкмөт саясатына нааразылыгы элдик-демократиялык кыймылды күчөткөн. 1952-ж. сентябрда Ливандагы жалпы элдик көтөрүлүштөн улам, Б. аль-Хури президенттиктен кетип, ордуна – К. Шамун шайланган. Ал бир катар реформаларды жүргүзүп, Араб жана батыш мамлекеттери менен кызматташкан. 1955–56-ж. премьер-министр Р. Караме жетектеген Ливан өкмөтү айрым чет элдик компанияларды мамлекеттештирип, Ливан жери аркылуу өтүүчү нефтиге төлөнүүчү акыны көбөйткөн. 1958-ж. ички жана тышкы саясат жүргүзүү үчүн Улуттук фронт түзүлгөн. 1958-ж. Шамун өкмөтүнүн курамына каршы башталган иш таштоолор куралдуу күрөшкө айланган. Бирок Шамун режимин АКШнын интервенциясы сактап калган. 1958-ж. генерал Ф. Шихаб президенттикке шайланып, өкмөттү Р. Караме башкарган. Жаңы өкмөт бейтарап, блокторго кошулбоо саясатын жарыялап, бир катар социалдык реформаларды жүргүзгөн. 1967-ж. Ливан өкмөтү чет элдик компаниялардын нефть өткөргүчтөрүн токтотуп, АКШ жана Улуу Британия менен дипломатиялык мамилелерин үзүп, америкалык аскер кемелеринин Ливан портторуна кирүүсүнө тыюу салган. Согуштан кийин Ливандын Израил менен мамилеси начарлаган. 1968-ж. Ливан аймагына палестиналык лагерлер жайгашкан. 1969-ж. 23-апрелден 25-ноябрга чейин Ливан ички саясий чөйрөлөрдүн келишпөөчүлүгүнөн өкмөтсүз калган. 1969-ж. Р. Караменин жаңы өкмөтү кайра түзүлүп, христиандык партиянын өкүлдөрү ачыкка чыккан. 1970-ж. 17-августта С. Франжье президенттикке шайланып, С. Салям өкмөт башына келген. Бирок жаңы өкмөт элдин нааразылыгын токтоткон жок. 1973-ж. израилдик баскынчылардын Ливанга жасаган куралдуу провокациялары, Ливан өкмөтүнүн аскерлери менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун (ПБЧУ) куралдуу күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар Ливандын абалын оордоткон. 1975-ж. апрелде ПБЧУнун куралдуу күчтөрү жана аны колдогон мусулман саясатчылары же улуттук патриоттук күчтөр (УПК) менен христиандык партиялардын кагылышуусунан чыккан жарандык согуш 1990-ж. чейин уланган. 1976-ж. январда ливандык христиан кошуундары палестиналык Дбайе лагерин жана Бейруттун мусулмандар жашаган Маслах жана Карантина райондорун басып алган. 10-апрелде парламент конституцияга оңдоо киргизип, мөөнөтүнөн мурда президенттикке шайлоо өткөрүүгө жол берген. 8-майда президенттикке Э. Саркис шайланган. 1976-ж. 16–18-октябрда Эр-Рияд шаарында Сауд Арабиясы, Египет, Сирия, Кувейттин өлкө башчыларынын конференциясы болуп, анда согуш аракеттерин токтотуу жана Арабдар аралык коопсуздукту сактоо күчү (ААКСК) түзүлүп, анын аскерлерин 30 миң адамга чейин көбөйтүү каралган. Бул чечимди Араб өлкөлөрүнүн башчыларынын кеңешмеси (26-октябрь, Каир) бекиткен. 1978-ж. июнда ливан армиясы жана христиан топтору менен сириялык аскер бөлүктөрүнүн ортосунда кагылышуулар башталган. 1978-ж. Ливанга Израил аскерлери кирип, Батыш Бейрутту басып алган. 1984-ж. февралда В. Жумблат жетектеген друздардын аскер күчтөрү жана «Амаль» шиит кыймылынын отряды Сириянын колдоосу менен Израилге каршы күрөшүп, Ливан армиясын талкалап, Батыш Бейрутту бошоткон. 1985-ж. Ливан аймагындагы Сириянын аскер күчтөрү Израилдин аскер күчтөрүн өлкөдөн чыгарган. 1990-ж. октябрда сириялык авиациянын соккусунан Ливандагы жарандык согуш аяктаган. Жарандык согушта (1975–90) 115 миң киши жарадар, 94 миңи курман болуп, 800 миңи чет мамлекеттерге качкан. 1990-ж. христиан менен мусулмандан бирдей санда өкүлдөр кирген жаңы өкмөт түзүлүп, О. Караме жетектеген. 2000- жана 2006-ж. Ливанда кырдаал кайрадан курчуган. Палестиналыктар менен Израил армиясы жана «Хезболлах» (ПБЧУ мүчөсү) отряддарынын ортосундагы кагылышуулардын натыйжасында Израиль Түштүк Ливандан аскерлерин чыгарып, «Түштүк Ливан армиясы» таркатылган. Израилдин көзөмөлүндөгү «Коопсуздук зонасы» Ливанга кошулган. 2005-ж. 26-апрелде Ливандан Сириянын акыркы аскер күчтөрү чыгарылган. 2006-ж. 14-августта БУУнун Коопсуздук Советинин резолюциясынан кийин конфликт жөнгө салынган. 2009-ж. 7- июндагы кезектеги парламенттик шайлоодо «Альянс» коалициясы жеңишке ээ болуп, С. аль-Харири өлкөнүн премьер-министрлигине шайланган.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ливандын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. ИДПнин көлөмү 44,2 млрд доллар (2008), аны киши башына бөлүштүргөндө 11,1 миң доллардан туура келет. 1975–90-жылдардагы жарандык согуштун натыйжасында өнөр жай объектилеринин басымдуу бөлүгү кыйраган, өндүрүштүк продукциялардын көлөмү 50%ке кыскарган. 1997-жылдан кийин чет өлкөлүк компаниялардын 900дөн ашык филиалы ачылган. 2002-жылдан энергетика, суу менен камсыз кылуу, транспорт, телекоммуникация компанияларынын объектилери менчиктештириле баштаган. 2006-жылкы куралдуу кагылышуу болор алдында өлкөнүн экономикасы өсүп жаткан. Куралдуу кагылыштан кийин Ливанга Сауд Арабиясы, Перс булуңунун жээгиндеги жана Европа союзуна кирген өлкөлөр экономикалык жардам берген. ИДПнин чыныгы өсүүсү 6,3%ти түзгөн (2008). ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 76,1%, өнөр жайыныкы 18,8%, айыл чарбасыныкы 5,1% (2008). ИДПнин 75%ке жакыны жеке менчик сектордо түзүлөт; чакан жана орто ишканалар негизинен экспорттук багытта иштейт. Өнөр жайынын негизги тармактары: электрэнергетикасы, минералдык сырьё өндүрүү, курулуш материалдар өндүрүшү, химия, жеңил, тамак-аш. 2007-ж. 9,0 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясын Сириядан (2007-ж. 972 млн кВт.с) алат. Нефть продуктуларына болгон муктаждыгын араб өлкөлөрүнүн нефтиси менен толуктайт. Бейрутта импорттук тетиктерден машина кураштыруу жана импорттук товарларды таңгактап, региондогу башка өлкөлөргө жөнөтүүчү ишканалар иштейт. Сал туз, акиташ теги, кум, гипс, шагыл аз өлчөмдө казылып алынат. Цемент экспорт үчүн да өндүрүлөт. Химия өнөр жай фосфор жер семирткичин, фосфор жана күкүрт к-таларын, кир кетирүүчү каражаттарды, пластмасса, косметика жана дары-дармектерди жана башкаларды чыгарат. Жыгаччылык, эмерек, зергерчилик, азем белек даярдоочу ишканалары бар. Жеңил өнөр жайынын эң маанилүү тармактары – текстиль жана тигүү ишканалары. Эзелтен шарап жасоо өнүккөн (негизинен экспортко чыгарат). Өлкөнүн жеринин 16%тен ашык аянты иштетилет. Күрдүү жерлери негизинен жээк тилкесинде жана Бекаа өрөөнүндө жайгашкан. Агрардык өндүрүштөрү ички муктаждыкты канааттандырат. Бекаа өрөөнүндө дан эгиндери (көбүнчө буудай, арпа), жашылча, картөшкө, мөмө-жемиш (апельсин, алма) жана тех. өсүмдүктөр (кант кызылча, тамеки), Ливандын түндүк бөлүгүндө зайтун, Жер Ортолук деңиздин жээгинде цитрус өсүмдүктөрү, банан, Жубайл шаарынын тегерегинде авокадо өстүрүлөт. Жүзүмзарлар негизинен Захла шаары тарапта. Эчки, кой, уй асыралат.

Банк сектору жана туризм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Банк секторунун жана туризмдин мааниси зор. Финансы жактан тейлөө банк-кредит секторун, камсыздандыруу бизнесин, биржаларды өзүнө камтыйт. 1950–70-жылдардын ортосунда Ливан региондогу ири финансы борбору болгон; жарандык согуш мезгилинде банк сектору экономиканын негизи бойдон калган. 1990-жылдары банк депозиттеринин тез өсүүсү байкалган (1992-ж. 6,5 млрд доллар, 1999-ж. 33,9 млрд доллар), Ливан банктары эл аралык рынокко чыккан. Финансы сектору Борбордук банкты (Ливан банкын), коммерциялык жана инвестициялык банктарды камтыйт. Туризмдин (маданий таанып билүү, экология, пляжда эс алуу) мааниси зор. Бейрут, Сайда, Тир, Триполи, Жуния, Захла, Баальбек жана башка шаарларда көптөгөн маданий мурастар жайгашкан. Туристтик инфраструктураларды калыбына келтирүү жана модернизациялоо ишке ашырылууда. Автомобиль жолунун узундугу 7000 кмдей; негизги автомагистралдары: Жээк шоссеси, Бейрут – Дамаск (Сирия). Темир жолунун узундугу 401 км. Деңиз транспорту сырткы соода жүктөрүн ташыйт. Ливандын 33 соода кемеси бар; башка өлкөлөрдүн желеги менен 55 кемеси жүрөт (2008). Негизги деңиз порттору: Бейрут, Триполи. Жети аэропорту бар; Бейрут шаарындагысы эл аралык.

Экспорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экспортко зер буюмдарды, химия өнөр жай продукцияларын, цемент, текстиль, керектелүүчү түрдүү товарларды, мөмө-жемиш, жашылча жана башкаларды чыгарып, сырттан негизинен автомобиль, электр жабдууларын, химикат, дары-дармек, кагаз жана башкаларды алат. Экспорттук шериктери (2008): Сирия, Бириккен Араб Эмирликтери, Швейцария, Сауд Арабиясы; импорттук шериктери: Сирия, Франция, АКШ, Италия, Кытай, Германия, Сауд Арабиясы.

Билим берүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону милдеттүү башталгыч, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 89,6%ти түзөт (2012). ЖОЖдору, илимий мекемелери, музейлери, китепканаларынын көбү Бейрут шаарында жайгашкан.

Массалык-маалымат каражаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«АльАмаль», «Аль-Анвар», «Ад-Дияр», «Аль-Лива», «Ан-Нида», «Ан-Нахар», «Ас-Сафир» сыяктуу ири гезиттери, «Ас-Сайяд», «Аль-Усбуа аль-Араби», «Ат-Тарик» жана башка коомдук-саясий жана адабий-көркөм журналдар чыгат. Радиоуктуруусу (1937), телекөрсөтүүсү (1959) иштейт. 32 радиостанциясы, 15 телеканалы, Улуттук маалымат агенттиги (1962) бар.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизинен араб тилинде, 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында француз тилинде өнүгүүдө. Орто кылымдагы Ливан адабияты – араб-мусулман маданиятынын бир бөлүгү. 1700-жылдары Түндүк Сирияда «Жүрөктөр жыргалы» («Нузхат альХаватир») деген элдик аңгемелер жана анекдоттор жыйнагы түзүлгөн. 1732-ж. Эш-Шувейр монастырында биринчи араб басмаканасы негизделген. Ливан адабиятын өнүгүшүнө жаңы арабдардын кайра жаралуусу зор өбөлгө болгон. 18-кылымдагы биринчи түшүндүрмө сөздүктүн («Берметтүү үчилтик» («Аль-мусалласат ад-дуррийя», 1705))жана биринчи грамматиканын («Исследование запросов» («Бахс аль-маталиб»), 1707) автору Г. Фархаттын чыгармачылыгы, заманбап жаңы араб тилинин поэтикалык «Тезкире» (1720) жыйнагы Ливан адабиятынын өнүгүшү үчүн зор түрткү болгон. 19-кылымдын 2-жарымында араб драматургиясы (М. Наккаш, Н. Наккаш жана башка), 19–20-кылымдын чегинде араб тарыхый романы (С. аль-Бустани, Ж. Н. Мудаввар, Ф. Антун жана башка) калыптанган. 20-кылымдын адабиятында агартуучулук багыт кеңири тараган. Агартуу багытында Н. аль-Хаддад («Баары тагдыр», 1903; «Жаңы Ева», 1906), Л. Кямилдин («Тоо жомогу», 1946), М. Абудд («Кызыл эмир», 1947, ж. б.), Ж. Ханндын («Чиркөө жрецтери», 1952; «Күчтүү Убейд», 1955 ж. б.), Т. Ю. Аввад («Токоч нан», 1938; «Бейрут тегирмендери» 1972), прозасы жана драматургиясы Р. аль-Хуринин («Байдабдын революциясы», 1950), М. Дакруб, Х. Мурув, Ю. Аль-Ид, М. Савай, А. Сувейд адабий сында жана башка белгилүү. 19-кылымдын 2-жарымы – 20-кылымдын 2-жарымында Ливан прозасынын жарандык согуш окуяларына жана Израиль интервенциясына, согушка чейинки мезгилди барктоого көңүл бурулган: Г. асСаммандын сюрреалисттик прозасы («Бейрут 75» жана башка), И. Хуринин («Кичине тоо» жана башка), И. адДейринин романдары. «Жаңы толкун» прозасына (1970–80-жылдар) чыгыш жана абсурддук мотивдердин айкалышы мүнөздүү (Э. Насрулла, Н. Мусалане жана башка). Ш. Корм 20-кылымдын 1-жарымында французча жазган мыкты акын катары таанылган, 2-жарымында француз тилиндеги адабияттын салттарын акындар А. Шедид, Н. Саламе, Х. Хауи, Н. Тувейнц, жазуучулар В. Нури, А. Маалав жана башкалар уланткан.

Архитектура жана сүрөт искусствосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ливандын аймагында байыркы искусствонун көптөгөн эстеликтери, анын ичинде биздин заманга чейин мезгилдеги Баалат Гебал храмынын калдыктары сакталган. Рим мезгилиндеги искусстводо антикалык жана чыгыш салттары айкалышкан: Баальбектеги жана Библдеги (азыр Жубейль) храм комплекстери (биздин замандын 1–3 к.). 4–7-кылымда Л. Византиянын курамында турганда монастырлар, чиркөөлөр, Араб халифатына кирген мезгилде мусулман имараттары курулган. Кресттүүлөр жортуулдарынын учурунда деңиз жээктеринде замоктор (Сен-Жиль, Триполиде, Сайдада, 13-, 17–18-к.), монастырлар, чиркөөлөр салынган. Мамлюктар доорунда (13–16-к. башы) курулуштар роман жана орто кылымдагы араб зодчийлигинин айкалышуусу менен мүнөздөлөт. Осмон империясынын мезгилинде мусулман архитектурасынын имараттары түрк архитектурасынын таасиринде кумпалуу, мунаралуу курулуп, ички жасалгасы көркөмдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн. Ливан көз каранды эместикке ээ болгондон кийин архитектурада интернационалдык стиль алдыңкы орунга чыккан. 1960-жылдардын аягынан постмодернизм келсе, 1990–2000-жылдарда хай-тек стилиндеги имараттар курулууда. 19–20-кылымдын башынан диний жана тиричилик темасындагы монументтик жана станоктук живопись өнүккөн. Сүрөт искусствосуна салым кошкон живописчилер А. Закир, Н. Тарабулси, Н. Ю. Шукри, Н. Файяд жана башкалар 1930– 40-жылдарда реалисттик багыт үстөмдүк кылган. 1970–80-жылдарда, ошондой эле карикатура жана китеп жасалгалоо өнүккөн. Ливанда жасалга-колдонмо жана искусствонун түрлөп токуу, сайма саюу, чий согуу, килемчилик, жыгачка, металлга кооз сүрөт түшүрүү өнөрү сыяктуу салттык түрлөрү өнүгүүсүн улантууда. Ливандын музыкалык маданияты ар түрдүү конфессиялык топтордун, айыл фольклорунун жана заманбап ар кандай музыканын салттарын бириктирип турат. Шаарларында батыштын үлгүсүндөгү музыкалык турмуш басымдуулук кылат. Негизин макам түзгөн классикалык араб музыкасы концерттерде угулат. Бейрутта 1910-ж. музыкалык мектеп (1925-жылдан улуттук музыка мектеби, 1929-жылдан Улуттук консерватория) ачылган.

Театры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ливан да диний мазмундагы тазийе мистерриялары (Түштүк Ливанда) жана көлөкө куурчак театры өнүккөн. 1848-ж. Бейрутта М. Накаштын үйүндө биринчи араб театрынын европалык үлгүгө салынган спектакли көрсөтүлгөн. Ливандын профессионал театр труппалары 20-кылымдын 2- жарымынан пайда болгон. 1960-ж. режиссёр М. А. Дебс Бейрутта театр студиясысын ачкан. Ал жерде У. Шекспирдин, И. В. Гётенин жана башка драматургдардын пьесалары коюлган. Профессионал театрдын жаңы өрүшү 1990-жылдарда башталган. 21-кылымдын башында жаңы көчмө труппалар пайда болгон, эксперименттик режиссёрдук театр өнүккөн. 2000-жылдардагы эң белгилүү труппа – Н. аль-Ашгар жетектеген шаардык театр, Бейрутта «Аль-Мадина» (1994-жылдан), «Монно» (1997-ж.) жана башка театрлар иштейт. 1955-жылдан Баалбекте музыкалык-театр фестивалы, 1999-жылдан Бейрутта жер ортолук деңиз өлкөлөрүнүн эл аралык куурчак театр фестивалы өткөрүлөт.

Киносу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1964-ж. Бейрутта мамлекеттик катышуусу менен Улуттук кино борбору негизделет. 1967-ж. толук метраждуу фильмдерди чыгаруучу киностудия ачылган. Б. Алавинин Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатакка арналган «Кафр Касем», М. Багдадинин «Бейрут, Бейрут» (1975) фильмдери зор маанилүү окуя болгон. Жарандык согуш темасына Р. Хажардын «Баш калка» (1981), «Жарылуу» (1983) фильмдери арналган. 2000-жылдардагы фильмдерден Р. Гахалдын «Кагаз чымчык» (2003) фильми өзгөчөлөнүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7