Индонезия

Wikipedia дан

Индонезия, Индонезия Републикасы – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Малайя архипелагында (Чоң жана Кичи Зонд аралдары, Молукка аралы) жана Жаңы Гвинея аралынын батыш бөлүгүндө (Батыш Ириан) жайгашкан. Аралдары түндүгүнөн жана борбордук бөлүгүнөн Тынч океан жана анын деңиздери (Бали, Банда, Молукка, Саву, Серам, Сулавеси, Флорес, Түштүк Кытай, Ява), түндүк-батышынан, батышынан жана түштүгүнөн Инди океаны жана анын деңиздери (Андаман, Арафура, Тимор) менен чулганат. Кургактык аркылуу Малайзия (Калимантан аралында), Папуа-Жаңы Гвинея (Жаңы Гвинея аралында) жана Чыгыш Тимор (Тимор аралында) өлкөлөрү менен чектешет. Аянты 1,9 млн км2. Батыштан чыгышты карай (экваторду бойлой) 5,1 миң кмге (3 саат алкагы), түндүктөн түштүктү карай 1,8 миң кмге созулат. Калкы 224,9 млн (2007). Борбору Жакарта шаары (Ява аралында). Расмий тили индонезия тили (бахаса индонесиа). Акча бирдиги Индонезия рупийи. Административдик-аймактык жактан 31 провинцияга (2 автономия кошо) жана 2 өзгөчө административдик округга (Чоң Жакарта борбордук округуна жана Жокьякарта округуна) бөлүнөт (к. таблицаны). Индонезия БУУнун (1950), ЭВФтин (1954), Эл-аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1954), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (1962), АСЕАНдын (1967), Ислам конф-я уюмунун (1969), Азия-Тынч океан регионунун коопсуздугу боюнча кызматташуу кеңешинин (1993), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү. Админисграциялык-аймакгык бөлүнүшү (2007)

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Индонезия – унитардык республика. Азыркы конституциясы 1945-ж. кабыл алынган. Мамлекеттин жана өкмөттүн башчысы – президент, ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн да башкы командачысы. Мыйзам чыгаруу бийлиги Элдик кеңеш конгрессине таандык. Ал эки палатадан Эл өкүлдөр кеңешинен жана Аймактык өкүлдөр кеңешинен турат. Саясий партиялары: Голкар, Индонезия Демократиялык партиясы, Бириккен өнүгүү партиясы, Улуттук ойгонуу партиясы жана башкалар 50гө жакын партия катталган.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Индонезия экватордук кеңдиктерде, атмосферанын муссондук циркуляция зонасында жайгашкан. Экватор аймагында жана аралдарда жайгашкандыгы дайыма жылуу режимдин түзүлүшүнө шарт түзөт. Чулгаган деңиздерге суусунун жылуулугу (27°Сден жогору), агымынын сезон боюнча өзгөрүлмөлүүлүгү жана деңиз жаныбарларынын көптүгү мүнөздүү. Индонезия 3 миңден ашык аралда жайгашкан (ирилери Ява, Суматра, Калимантан менен Сулавесинин басымдуу бөлүгү, Жаңы Гвинеянын батыш бөлүгү). Түздүктөр менен тоолор (бийиктиги 5029 мге чейин, Жая чокусу; Жаңы Гвинея аралында) болжол менен бирдей аянтты ээлейт; жанартоолор көп (400дөй жанартоо бар, анын аракеттегиси 100дөн ашык). Аракеттеги ири жанартоолору: Керинчи (бийиктиги 3800 м, Суматра аралында), Ринжани (3726 м, Ломбок аралында), Семеру (3676 м, Явада) жана башкалар Индонезия нын басымдуу бөлүгү кайнозой тектогенезине, Суматранын түндүк-чыгышы жана Калимантандын түштүкбатышы мезозой, Жаңы Гвинеянын түштүк бөлүгү жана Ару аралдары мезозойго чейинки бүктөлүштөргө кирет. Ургаалдуу вулканизм, өтө сейсмдүүлүк жана оордук күчүнүн ири аномалиясы аймактын тектоникалык активдүүлүгүн тастыктайт. Индонезия кен байлыктарга бай; алардын ирилери: нефть, газ, жез, алтын, күмүш, калай, никель, темир, алюминий (боксит), күкүрт, көмүр жана башкалар Климаты экватордук жана субэкватордук, түздүктөрдө абанын температурасы жыл бою 26-28°С, тоолордо салкыныраак. Жылдык жаан-чачыны 2000-4000 мм (өлкөнүн көп бөлүгүндө текши жаайт). Жаанчачын эң көп жааган (6000 ммге чейин) жери Суматра аралынын батышындагы тоолор. Субэкватор алкагында жайгашкан аймактарында (Яванын басымдуу бөлүгү, Кичи Зонд аралы) климаттын сезондуулугу байкалат: декабрь-март жаанчыл, июнь-сентябрь кургакчыл болот; жылдык жаан-чачындын өлчөмү 2000 ммге, өлкөнүн четки түштүк-чыгышында 600-700 ммге чейин азаят. Дарыяларынын суусу мол жана жыш, негизинен кыска; эң узун дарыясы Капуас (узундугу 1000 кмден ашык), Калимантан аралында. Көлдөрү көп, алар негизинен тектон. кыймылдан жана жанар тоодон пайда болгон. Индонезия жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурстарынын зор запасына (2838 км3) ээ. Чарбада агын суунун 3%и гана пайдаланылат, анын 90%и айыл чарбанда, 8%и коммуналык-тиричиликте, 1%и өнөр жайында керектелет. Дарыяларынын гидроэнергиялык потенциалы өтө зор (15,5 млн кВт), бирок ал аз гана өздөштүрүрүлгөн. Негизинен кызыл-сары ферралит топурактары басымдуу; орто бийик тоолордун капталдарында күрөң тоо топурактары жана тоо-шалбаа, жанартоолуу аралдарга күрдүү жанартоо (андосолдор), түздүктөргө тропиктик аллювий жана саз топурактары мүнөздүү. Кылымдар бою шалы өстүрүлгөн түздүктөрдө жана тектирленген тоо боорлорунда өзгөчө «күрүч» топурагы пайда болгон. Жапыз жээктерде өтө кычкыл мангр топурагы өөрчүгөн. Флорасы өтө ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт, анда татаал өсүмдүктөрдүн 27,5 миңден ашык (андан ичкери дарактардын 17,5 миң) түрү бар. Токой өлкөнүн аймагынын 60%ин, саванна менен бадал 8%ин ээлейт. Түздүктөрүндө жана тоо капталдарында1300-1500 м бийиктикке чейин нымдуу дайыма жашыл экватордук токой (гилея) басымдуулук кылат; андагы негизги дарак түрлөрү: диптереокарпустар, фикустар, расамала, панданустар, нан дарагы, ошондой эле пальмалар, дарак сымал папоротниктер, бамбуктар. Лиандар, эпифиттер көп. Тоо капталдарын андан жогору дайыма жашыл жана аралаш токой, жазы жалбырактуу (эмен, каштан, бук) жана ийне жалбырактуу токой (подокарпус), ийри-буйру өскөн өсүмдүктөр токою, бадалдар жана шалбаа ээлейт. Өлкөнүн түштүк-чыгышына жалбырагын күбүүчү токой (тик, зараң, казуарина), саванна (бийик өскөн аланг-аланг, жапайы бал камыш) таралган. Жапыз жээктерге жана дарыя чаттарына мангр токою мүнөздүү. Токой аянты жыгач иштетүүдөн, өрттөн, айдоо аянттарын кеңейтүүдөн, кен байлыктарын казып алуудан өтө азайган (1990-2000-ж. токойдун 14%и жок кылынган). Сүт эмүүчүлөр менен куштардын жарымына жакыны Индонезиянын эндемиктери. Индонезиянын батыш бөлүгүнүн фаунасына орангутан (Калимантан, Суматра), гиббон, кындыгый маймыл, ява жана суматра кериги, индия пили, бантенг бодосу, тапир (Суматра), малайя аюусу (Калимантан, Суматра), суматра жолборсу жана башкалар мүнөздүү. Орнитофаунага бай; сойлоочулардан крокодилдер (андан ичкери таракчан крокодилдердин узундугу 9 мге чейин жетет), чаар питон; Комодо аралында эң ири комодо эчки эмээри корголот. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүнө баштыкчандар (кускустар, даракчыл бөрсө мүнөздүү. Индонезияны чулгаган деңиздер биологиялык ресурстарга өтө бай: суу астындагы шалбаа, ихтиофауна; чыгышында кораллдар, коралл рифи. Деңиздин ири айбанаттарынан кашалот, дюгонь, дельфин, деңиз таш бакасы, акула жана көөкөрчөк кездешет; жыландар көп; балыкка бай. Индонезиянын биологиялык көп түрдүү бөтөнчө экосистемасын коргоо максатында жалпы аянты 23,7 млн га коргоого алынган 956 аймак, ошондой эле аянты 13,5 млн га коргоого алынган 122 деңиз акваториясы уюшулган. Гунуне-Геде-Пангранго (Ява аралында), Гунунг-Лесер (Суматра), Лоре-Линду, Танжунг-Путинг (Сулавеси), Комодо, Сиберут (аты окшош аралдарда) улуттук парктары биосфералык резерват статусуна ээ. Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине Комодо, Ужунг-Кулон (Ява аралында), Лоренц улуттук парктары (Жаңы Гвинея аралында), ошондой эле Суматрадагы тропикалык жамгыр токою кирген. Дүйнөдөгү эң ири ботан. бактардын бири Богор шаарында (Ява аралында) жайгашкан. Ява аралындагы «Жанар тоо парктары» дүйнөгө белгилүү; Калимантан аралында корук жана орангутандарды изилдөө борбору бар.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Индонезия калкынын саны боюнча дүйнөдө 4орунда (Кытай, Индия, АКШдан кийин). Калкынын 96%и индонезиялыктар, тили, маданияты жана турмуш-тиричилиги окшош 150дөн ашык эл жана этностук топ (явалыктар, сундан, мадура, батак, малайя, балиликтер жана башкалар), ошондой эле кытай, араб, Түштүк Азиядан келгендер, голланддар да жашайт. Төрөлүү 1000 адамга 19,7 бала, өлүм-житим 6,25 (2007). Өлкөнүн калкынын 28,7%ин 15 жашка чейинки балдар, 65,6%ин эмгек курагындагылар (15-64 жаштагылар), 5,7%ин улгайгандар (65 жана андан өткөндөр) түзөт. Калктын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы 70,2 (эркектер 67,7; аялдар 72,8). Көбү ислам динин (87%), калгандары христиан, индуизм, буддизм, конфуцийчилик, жергиликтүү диндерди тутат. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 120 адам (2007). Индонезиянын калкынын 60%и Ява, Мадура жана Бали аралында жашайт. Шаар калкы 48,5% (2006). Ири шаарлары: Жакарта (18,3 млн), Бандунг (6,0 млн), Медан (4,1 млн), Сурабая (4 млн), Палембан (2,1 млн), Макасар (1,7 млн), Чиребон (1,6 млн), Жокъякарта (1,6 млн), Семаранг (1,5 млн), Бандар-Лампунг (1,4 млн) жана башкалар Экономикалык активдүү калкы 106,3 млн; анын 44%и айыл чарбасында жана балык уулоодо, 38%и тейлөө чөйрөсүндө, 13%и өнөр жайында, 5%и курулушта иштейт.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Индонезиянын аймагы азыркы типтеги адам (питекантроп, явантроп, кийин вадьяк) пайда болгон борборлордун бири. Анда төмөнкү палеолиттин эстеликтери (патжитан индустриясы) табылган. Жогорку палеолитте жана мезолитте Индонезиянын басымдуу бөлүгүндө континенттик бакшон-хоабинь маданияты нын түштүк варианты тараган. Биздин замандын башталышында Ява, Суматра жана Калимантан аралында класстык коом түзүлө баштаган; ал болсо Индиядан эмигранттардын массалык киришине туура келип, алар менен кошо брахманизм дини жайылган. Индонезияда пайда болгон алгачкы мамлекеттер: Ява аралында Тарума жана Калинга; Чыгыш Калимантанда Мулавармажа, Суматрада Малойю, Шривижайя. Индонезия жеринде 6-кылымдан брахманизмден сырткары, индуизм жана буддизм диндери жайыла баштаган. 7-кылымдын аяк ченинде Суматранын чыгышын, Яванын батышын, Батыш Калимантанды, ошондой эле Малакканы камтыган Шривижайя мамлекети пайда болгон. Борбордук Явада 8-кылымдарда Матарам мамлекети түзүлгөн. Бул эки мамлекеттин ортосундагы бийлик үчүн тынымсыз күрөш алардын алсырашына жана кыйроосуна алып келген. 13-кылымдын аяк ченинде Яванын чыгышында Индонезия тарыхында маанилүү роль ойногон Мажапахит мамлекети пайда болгон. 1112-кылымдарда мусулман соодагерлери жана миссионерлери келе баштап, 300 жыл ичинде ислам дини аймакка тараган. 14-кылымдарда Мажапахит империясы гүлдөп өскөн. Бирок, бул мезгил узакка созулбастан, 15-кылымдын аяк ченинде өлкөнүн абалы начарлап, Ява, Суматра жана башкалар аймактарда бир катар мусулман шаар-мамлекеттеринин пайда болушуна алып келген. 1509-ж. Индонезия жээктерине келе баштаган португалиялыктар соода жолдорун колго алууга аракеттенип, 1511-ж. Малакканы, 1512-ж. Молукка жарым аралынан ээлеп алган. 1596-жылдан Индонезияга нидерланддар келе баштаган. 1602-ж. Нидерланддын Ост-Индия компаниясы негизделип, португалиялыктардын жана 17-кылымдын башында бул жерлерде бекемделүүгө аракеттенген англистердин ордуна алардын үстөмдүгү орногон. Аймак Нидерланддык Ост-Индия деп аталып, борбору Батавия шаары (азыркы Жакарта) болгон. 1800-ж. компаниянын жоюлушу менен колония Нидерланддын карамагына өтөт. 1926-27-ж. Ява жана Суматра аралында көтөрүлүштөр чыгат. Сукарно жана интеллигенция өкүлдөрү тарабынан 1927-ж. Индонезия улуттук партиясы түзүлгөн. 1942-45-ж. Индонезияны япон аскерлери басып алган. 1945-ж. Япония капитуляцияланган соң, Индонезиянын көз каранды эместиги жарыяланып, Сукарно өлкөнүн президенти болуп калган. Голланддардын 1947-ж. кайрадан бийлигин калыбына келтирүү аракети ийгиликсиз аяктап, Нидерланд 1949-ж. Индонезиянын көз каранды эместигин таанууга аргасыз болот. 1950-ж. август айында Индонезия унитардык республика болуп жарыяланган. Өлкө ичиндеги оң жана сол күчтөрдүн тирешүүсү «1965жыл 30-сентябрдагы окуяларга», башкача айтканда терең кризиске алып келген. Анын жүрүшүндө мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болуп, натыйжада партиянын мүчөлөрүн жана жактоочуларын куугунтуктоо башталган. 1967-ж. Сукарно бийликтен четтетилип, генерал Сухарто президенттин милдетин аткаруучу, 1968-жылдан президент болуп калат. Өлкөдө авторитардык режим орногон. Саясий кризистин натыйжасында, 1998-ж. Сухарто отставкага кетүүгө аргасыз болуп, президенттик кызматты мурдагы вице-президент Б. Ю. Хабиби ээлеп калат. 1999-ж. өлкөнүн президенти болуп, көрүнүктүү мусулман ишмери Вахид Абдрахман, вице-президенттикке Сукарнонун кызы Сукарнопутри Мегавати шайланат (2001-жылдан президент). 2004-жылдан өлкөнү жалпы элдик добуш берүү менен шайланган президент Юдхойоно Сусило Бамбанг башкарат.

Чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Индонезия көп тармактуу жана көп укладдуу чарбасы бар, өнүгүп жаткан ири өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү (сатып алуу мүмкүнчүлүгү боюнча 935 млрд доллар) боюнча дүйнөдөгү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ичинен (Кытай, Индия, Бразилия жана Мексикадан кийин) 5-орунду, Түштүк-Чыгыш Азияда 1-орунду ээлейт. ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 3800 доллардан туура келет. Көз карандысыздыкка жеткенден кийин колониялык калдыктарды жоюу, чет өлкөлүк капиталга күнкорлуктан арылуу багытындагы чаралар (голл. жеке менчик объектилерин мамлекеттештирүү, мамлекеттик секторду түзүү жана ушундай сыяктуу) ишке ашырылган. Бирок мамлекеттештирилген же мамлекеттин көзөмөлүнө алынган ишканалар менен плантациялар 1965-жылдан кийин мурдагы ээлерине кайтарылып берилип, Индонезиянын чет өлкөлүк (негизинен АКШ) капиталга болгон көз карандылыгы кайра артып, чарбанын өнүгүшүндө диспропорция күчөгөн. Ошондой болсо да Индонезиянын экономикасы 1997-ж. чейин бир кыйла өнүгүп, Индонезия агрардык-индустриялуу өлкөлөрдүн деңгээлине жакындаган. 1997-жылдын 2-жарымында Азия өлкөлөрүнүн көбү дуушарланган финансылык кризис Индонезияга өтө оор таасирин тийгизген. 1998-ж. ИДП 15-20%ке кыскарган; рупийдин курсу кескин (6 эсе) төмөндөп, инфляция процесси күчөгөн (100%ке чейин); Жакарта фонд биржасында баалуу кагаздын курсу кыйла төмөндөгөн; чакан жана орто ишканалар банкрот болгон; жакырчылык чегинен төмөн жашаган адамдардын саны 40%ке жеткен (ал 1997-жылдын башталышында 6% гана болгон); алтын-валюта запасы (1997-жылдын аягында 18 млрд доллардан 1998-ж. мартта 16,3 млрд долларга чейин) азайган. Азыркы учурда көпкө созулган стагнацияны (узакка созулган экономикалык депрессия) жеңип, акырындык менен негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү көтөрүлө баштады. Индонезия запасы мол отун (нефть, табигый газ, суббитуминоз көмүрү) жана кенташ (жез-никель, калай, боксит, алтын жана башкалар) сырьёлоруна бай болгондуктан, 21-кылымдын башында суюлтулган табигый газды, калай, көмүр, жез жана алтынды экспортко чыгаруу боюнча дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн бири болуп калды. Индонезия тропиктик айыл чарба продукциясын (накта каучук, какаонун мөмөсүн, кофе, пальма майын, копра жана башкалар), ошондой эле текстиль буюмдарын тигүү, кийимди дүйнөлүк рынокко чыгаруу боюнча башкы өлкөлөрдүн бирине айланды. Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизин сырьёлук ресурстарга байлыгы, жумушчу күчүнүн арзандыгы жана толук пайдаланылбаган ички рыногунун зор потенциалы түзөт. ИДПнин структурасынын 45%ин өнөр жай жана курулуш, 42%ин тейлөө чөйрөсү, 13%ин айыл чарба жана балыкчылык, 11%ин нефть-газ сектору (мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешенин 24% ин) түзөт (2005). Чарбанын стратегиялык маанилүү тармактарын (нефть ажыратуу өнөр жай, электр-энергетика, күрүч сатуу жана башкалар) негизин мамлекеттик сектордун ишканалары түзүп, улуттук жеке менчик капиталынын мааниси өсүүдө.

Өнөр жайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлкөнүн өнөр жайына ИДПнин көлөмүнүн 39%и туура келет. Өнөр жайынын негизги тармактары: кен байлык казып алуу (нефть жана табигый газ кошо), машина куруу жана металл иштетүү, нефть жана газ иштетүү, тамак-аш жана тамеки, жеңил (негизинен текстиль жана кийим тигүү), химия жана химия-фармацевтика, жыгач иштетүү жана целлюлоза, түстүү металлургия. Отун-энергетикалык баланстын структурасында нефть жана нефть продуктуларга 37% , негизинен калк даярдаган жана тиричиликте пайдаланылуучу, калыбына келүүчү энергия ресурстарына (жыгач отун, биомасса жана башкалар) 27%, табигый газга 19%, көмүргө 13%, жана башкалар калыбына келүүчү энергия булактарына (гидроэнергия, геотермия энергиясы жана башкалар) 4% туура келет. 2005-ж. 55 млн т нефть (дүйнөлүк нефтинин 1,4%и; Калимантан, Суматра, Ява жана башкалар а-да казылып алынат), 77 млрд м3 табигый газ (2,7%и; Чыгыш Калимантан, Ачех, Чыгыш жана Батыш Ява провинцияларында), 135 млн т көмүр (2,8%и; дүйнөдө Австралиядан кийинки 2-орунда; Суматрада, Чыгыш жана Түштүк Калимантан провинцияларында ачык жол менен) казылып алынган. 123 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлүп, анын 86%и ЖЭСке, 8%и ГЭСке, 6%и геотермия электр станцияларына таандык. Кара металлургия өнөр жай ички рыноктун муктаждыгын канааттандырууга багытталган. Темир, марганец, хромит жана башкалар кенташтарды казып алып, чоюн, болот жана башкалар өндүрөт. Түстүү металлургия экономиканын маанилүү экспорттук тармагы болуп саналат; анын продукциясынын негизги бөлүгү Сингапур, Япония, АКШ жана Кытайга чыгарылат. Калай (казып алуу боюнча Кытайдан кийинки 2-орунда), боксит, жез, алтын, күмүш, никель (дүйнөдө 4-орунда), коргошун-цинк жана башкалар кенташтар казылып алынат. Машина куруу өнөр жайынын продукциясынын 1/2инен ашыгы транспорттук машина курууга туура келет; анда автомобиль, кеме, ошондой эле велосипед, мотоцикл жана моторикша чыгарылат. Прибор куруу, электроника, темир жол машиналарын куруу, авиация, аскердик машина куруу өнөр жай да өнүккөн. Химия өнөр жайында азот жана фосфор жер семирткичтери, накта каучук, химиялык була, синтездик чайыр, пластмасса, бензол, этилен, полиэтилен, полипропилен, метанол, кир кетирүүчү каражаттар, автомобиль шинасы, резина-техникалык буюмдар даярдалат. Индонезия кебез кездеме чыгаруу жана андан кийим тигүү боюнча дүйнөдө Кытай, Индиядан кийинки 3-орунда турат. Чакан кол өнөрчүлүк ишканаларында белек буюм жасоо маанилүү (батик, күмүшкө чегүү, оймо-чийме түтүрүү, карапа буюм, жыгачтан жана таштан жонуп буюм жасоо). Токой, жыгач иштетүү жана целлюлоза-кагаз өнөр жай да алдыңкы орундандан ичкери материалдарды жана тропик дарактарынан (казуарина, камфора, эбен, тик дарактары, сейба жана башкалар) тилинген тактай жана фанера экспорттоочу дүйнөдөгү ири мамлекет. Тамак-аш өнөр жайынын маанилүү тармактары пальма майын (дүйнөдө Малайзиядан кийинки 2-орунда), консерваланган мөмө-жемиш жана кант чыгаруу. Тамеки менен чеге гүлдүн уругун аралаштырып жасаган «кретек» сигаретин чыгаруу салтка айланган. Курулуш материалдары өнөр жайынын маанилүү тармагы цемент өндүрүшү; ошондой эле гранит, мрамор, акташ теги, гипс, доломит, табигый битум, айрым жерлеринен асыл таштар, алмаз (30 миң кар) казып алынат. Айыл чарбасында эмгекке жарамдуу калктын 45%ке жакыны иштейт. Анын ИДПдеги үлүшү 11% (2004). Айыл чарбанда ири жеке жана мамлекеттик плантация чарбалары менен катар чакан дыйкан чарбалары да басымдуу. «Жашыл революциянын» натыйжасында, 1980-жылдардын ортосунан Индонезия азыктүлүккө болгон муктаждыгын өзү камсыз кылат. 21-кылымдан баштап тропиктик дыйканчылык продукцияларын экспорттоочу дүйнөдөгү ири өлкөгө айланды. Жылына 2 жолу түшүм алынат. Дыйкандардын 1/3инен ашыгы жерди ижарага алат. 30,7 млн га жер айдалып, анын 7,7 млн гасы сугарылат. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: шалы (8 млн гадан ашык жерге эгилет; бүткүл сугат жеринин 4/5үн ээлейт; 2005-ж. 54,0 млн т акталбаган күрүч жыйналган, бул боюнча дүйнөдө Кытай, Индиядан кийинки 3-орунда), жүгөрү (12 млн т), маниок же кассава (19,5 млн т, Нигерия, Бразилиядан кийинки 3-орунда), батат, жер жаңгак, соя, ямс жана башкалар. Экспорттолуучу негизги өсүмдүк продукциялары: накта каучук (дүйнөдө Таиланддан кийинки 2-орунда), кокос пальмасы (бардык жеринде, көбүнчө дыйкан чарбаларында; дүйнөдө 2-орунда), май пальмасы (негизинен Түндүк Суматранын плантацияларында), чай, кофе (Ява, Суматра), тамеки, какао, калемпир, сейба (капок), агава (сизаль), мускат жаңгагы, чеге гүл, хина дарагынын кабыгы (дүйнөдө даярдалган хина кабыгынын негизги бөлүгүн Индонезия берет), пахта жана балкамышаары 2005-ж. 11 500 миң бодо мал (уй), 2428 миң буйвол (негизинен унаа катары пайдаланылат), 405,5 миң жылкы, 13 182 миң эчки, 8307 миң кой, 6267 миң чочко, 1300 млн үй кушу болгон. Балык, ошондой эле краб, креветка, крокодил кармалат, бермет алынат. Тейлөө чөйрөсү өлкөнүн экономикасынын маанилүү сектору. Анда дүң жана чекене соода, финансылык тейлөө жана камсыздандыруу, мамлекеттик башкарууну тейлөө, жеке кызмат көрсөтүүлөр жана транспорттук тейлөө, мейманкана бизнеси жана коомдук тамактануу, байланыш, электр энергетикасы, суу жана газ менен жалпы камсыз кылуу өзгөчөлөнөт. Банк-кредит системасына Индонезия банкы, мамлекеттик жана жеке менчик 170 банк кирет. Жакарта фонд биржасы (1977-жылдан иштейт) соода жүргүзүү боюнча Түштүк-Чыгыш Азияда Сингапурдан кийинки 2-орунду ээлейт. 2005-ж. Индонезияга 5,5 млндон ашык турист келген; туризмдин негизги түрлөрү: дарылоо-ден соолук чыңдоо (аралдардагы кумдуу пляждар), спорткөңүл ачуу (дайвинг, виндсёрфинг), экологиялык, тарыхый-маданий эстеликтер, элдердин жашоосу, кол өнөрү фольклору менен таанышуу. Башкы туристтик району Бали аралы; туризмдин маанилүү борборлору Ява аралынын шаарлары: Жакарта, Богор, Жокъякарта, Суракарта, Бандунг, Пангандаран. Транспортунун негизги түрү – деңиз жолу. Жалпы деңиз портторунун жүк айлануусу 524,0 млн т (2005). Деңиз портторунун жана гавандардын жалпы саны 3650. Ири универсал порттору: Танжунг-Приок (Джакартада), Танжунг-Перак (Сурабаяда), Палембанг (Түштүк Суматра провинциясында), Белаван (Медандын аванпорту), Банжармасин (Түштүк Калимантан), Макасар (Түштүк Сулавеси), Батам (Кепулауан-Риау), Телукбаюр (Батыш Суматра) жана башкалар 824 деңиз соода кемеси бар. Темир жолунун жалпы узундугу 6,5 миң км, автомобиль жолунуку 362 миң км. Магистралдык куур өткөргүчтөрүнүн жалпы узундугу 19 394 км, анын 9175 кми газ куурунуку, 7684 кми нефть куурунуку, 1367 кми нефть продукция өткөргүчүнүкү жана башкалар (2006). Маанилүү газ куурлары: Арун-Думай (Суматра а.), Бонтанг-Баликпапан (Калимантан а.); Трансява нефть кууру иштейт. Индонезияда 662 аэропорт бар (2006); эл аралык ири аэропорттору: Сукарно-Хатта (Жакарта), Нгурах-Рай (Денпасар, Бали аралында), Полония (Медан), Жуанда (Сурабая), Адисучинто (Жокьякарта), Ханг-Надим (Батам аралы). Хасануддин (Макасар). Өлкөнүн экономикасында чет өлкөлүк капитал салымынын мааниси зор. 2004-ж. сырткы сооданын өлчөмү 93 млрд доллардан ашкан, анын 64 млрд долларын экспорт, 32 млрд долларын импорт түзгөн. Индонезиянын сырткы карызы 2005-ж. 134,9 млрд доллар (дүйнөдө Бразилия, Мексикадан кийинки 3-орунда); анын 77 млрды мамлекеттик, калганы жеке менчик секторуна таандык. Экспортко табигый газ, нефть, электроника өнөр жайынын продукцияларын, жыгач, тактай жана кагаз, текстиль жана тигүү өнөр жай продукцияларын, пальма майын, көмүр, жез жана жез концентраттарын, накта каучук, балык жана деңиз продукцияларын, никель, калай жана башкалар чыгарат. Сырттан нефть жана нефть продуктуларын, автомобиль транспорт каражаттарын, станок жана өнөр жай жабдууларын, болот прокат жана трубаларды, орг. химия продукцияларын алат. Негизги соода шериктери: Япония, АСЕНга кирген мамлекеттер, Европа союзуна кирген өлкөлөр, АКШ, Сингапур, Түштүк Корея, Кытай, Таиланд, Сауд Арабиясы, Австралия.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

40-жылдары Индонезиянын жергиликтүү калкынын 6%и гана сабаттуу болгон. 1950-ж. жалпы билим берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган соң, мамлекет тарабынан мектептерге ири инвестициялар берилген. Натыйжада, 7-12 жаштагы балдардын 95%, 13-15 жаштагылардын 77% жана 16-18 жаштагы өспүрүмдөрдүн 48%и билим алууда (1997). Калктын 10%и гана сабатсыз. Билим алуу негизинен мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Ири жогорку, орто окуу жайлары: Индонезия, Тербука, Гажа-Мада, Пажажаран университеттери, Бандунг, технологиялык институттары жана башкалар бар. Булардын ичинен, айрыкча Жакартадагы Индонезия илимий из. иштери ар кыл тармактагы көптөгөн илимий из. мекемелеринде жүргүзүлөт. Улуттук жана башкалар китепканалар, Улуттук тарых (1778), ваянга (куурчак) жана башкалар музейлер. Индонезияда 597 гезит-журнал чыгат (2007). Борбордук негизги гезиттери: Индонезия тилиндегилери «Компас», «Суара пембаруан», «Суара карья»,«Брита буана», «Мердека»; англис тилиндегиси «Жакарта пост». «Антара» улуттук маалымат агенттиги, көптөгөн мамлекеттик жана жеке менчик радиожана телекөрсөтүү станциялары иштейт. Индонезиянын алгачкы жазма эстеликтери (байыркы малай жана ява тилдеринде) 7-8-кылымдын акырына таандык. 8-13-кылымдарда ява, 16-18-кылымдарда сундан, мадур жана аче адабияты өнүгүп, 20-кылымдын 2-жарымынан Индонезия адабиятына кошулуп, анын калыптанышына өбөлгө түзгөн. М. Картодикромо (1878-1928), М. Русли (1889-1968), аралы Муис (1886-1959) нидерланд реалисттеринин таасиринде жазса, аралы Хамзах (1911-46), Р. Эффенди, М. Ямин (1903-63) патриоттук лирикалары менен белгилүү. 1945-ж. Индонезиянын боштондукка чыгышы акын Х. Анвар (1922-49), Р. Апин, Идрус, В. С. Рендра, М. Боэзи сыяктуу акын-жазуучулардын чыглыгынын артышына зор түрткү болгон. 1908-ж. негизделген «Балэй Пустака» («Адабият үйү») бүгүнкү күнгө чейин ишмердүүлүгүн улантууда. 1933-ж. суматралык үч жаш жазуучу Сутан Такдир Алишахбан, Армайн Пане жана Амир Хамзах өлкөнүн рухий дүйнөсүн чагылдырган көркөм-адабий жана коомдук-саясий «Пуджанга бару» («Жаңы жазуучу») аттуу журнал ачып, анда жаш индонезиялыктардын эркиндикке жана прогресске умтулушуна тоскоол болгон көйгөйлүү маселелер чагылдырылган чыгармалар жарыяланып турган. 20-кылымдын 2-жарымында адабиятта акындар Хайрил Анвар, Ситуморанга, прозачылар Идрус, Тур Прамудья Ананта, Мохтар Лубис жана башкалар, «66-жылдын муундары» тобунун өкүлдөрү (Саматупанг Иван жана башкалар) эмгектенишкен. Индонезиянын пластикалык өнөрү алгачкы коомдук түзүлүш доорунда пайда болгон. 7-8-кылымдардагы диний курулмалардын калдыктары, Ява аралында 1819-кылымдардагы индус жана будда храмдары (чанди), төмөнкү бөлүгү тепкичтүү Диенг бөксө тоосундагы чанди, Каласан чандиси, архитектуралык комплекстер, Сева чандиси менен Жонгранг чандиси, залкар жана татаал композициялуу будда храмы Боробудур курулган. 13-15-кылымдарда Ява менен Бали аралында индус храмдары курулуп, алар укмуштай көркөм оймолор менен кооздолгон. 1516-кылымдарда мусулман архитектурасы өнүккөн. Эң алгачкы көп көп ярустуу мечит (1477-79) Борбордук Явадагы Демак шаарында. Индуизм салттары Индонезиянын Бали аралындагы храм комплекстеринде сакталган. Индонезиянын көптөгөн аралдарында көркөм кол өнөрчүлүктүн ар кандай түрлөрү өнүккөн: колодон куюу (кудайлардын чакан бедиздери), токуучулук (батик, набойка), бамбуктан жана кокос пальмасынын жалбырактарынан эшүү (желпүүр, бойро) жана башкалар Турак жай түрдүү типте (кепе, жыгач менен бамбуктан жасалган каркас үйлөр) салынган. 18-20-кылымдарда шаар курулушунда европалык салттуулуктун таасири байкалат. Сүрөт тартуунун Европалык үлгүсүн үйрөнгөн биринчи индонезиялык сүрөтчү Реден Салех болгон. 20-кылымдын башында пейзажга, натюрмортко, портретке көңүл бөлүнгөн. 2-жарымында жанрдык жана тарыхый сүрөттөрдү тартышкан. С. Сужайоно, аралы Жая, К. Аффанди, М. Апин, П. Искандер жана башкалар сүрөтчүлөр кубизм стилинде иштешкен. Индонезиянын музыкалык өнөрүнө эзелтен элет калкынын турмуш-тиричилигиндеги оозеки музыканын негизинде калыптанган көп үндүүлүк жана гетерофония мүнөздүү. Индонезия классикалык музыкасынын сереси Индонезия салттык аткаруунун тиби жана оркестр гамелан (көбүнчө урма аспаптардан турат). Индонезия азаттыкка чыккан соң (1945) улуттук мад-ттын өнүгүшүнө жаңы өбөлгөлөр пайда болуп, Сужасмина, аралы Пасарибу жана башкалар комп-лордун чыгармалары элге таанымал боло баштаган. 1952-жылдан Жокьяркартада мамлекеттик музыкалык мектеп, 1960-ж. Суракартада консерватория кийин (Жогорку музыкалык мектеп) уюштурулуп, 1968-ж. Жакартада симф. оркестр түзүлгөн. Индонезиянын театр өнөрүнүнүн башаты элдик майрамдардан жана диний үрп-адаттардан башталат. Театрлашкан оюндардын байыртан уланган ар кыл түрлөрү бар. Эң кеңири таралганы пантомима жана бий каражаттарын пайдаланган бет кеп театры ваянг-топенг (ваянг театр, топенг бет кеп) жана актёр театры ваянг-оранга. Булардын драматургиялык негизи байыркы инди эпосу «Рамаяна», «Махабхарата», ошондой эле индонезиялык жомоктордон жана хроникалардан алынган. Спектаклдер гамелан оркестри менен коштолот. 19-20-кылымдын чегинде бий-драма театрлары лудрук, кетопрак пайда болгон, белгилүүлөрү: «Мархаэн», «Триснокантен». 1950-жылдарда европалык үлгүдөгү спектаклдерди койгон алгачкы труппалар пайда болгон. 20-кылымдын аягында улуттук жана европалык салттарды бириктирүү багыты күч алган. Индонезиядагы алгачкы фильмдерди 20-кылымдын ортосунда голландиялык режиссёрлор тарткан. «Парех» (1935, режиссер М. Франкен), «Ачык ай» (1937, режиссер И. Балинк) фильмдеринде элдин жашоосу чагылдырылып, индонезиялык актёрлор Р. Мохтар, Р. Картоло, Рукиях тартылган. Көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин улуттук кинематография калыптанган.1950-ж. Жакартада көркөм жана документ фильмдерди чыгаруучу «Перусахан фильм Негара» мамлекеттик кинофирмасы түзүлөт. 1950-жылдарда социалдык тематикадагы фильмдер «Туранг» (1954, режана башкалар Сиагин), «Коменданттык сааттан кийин» (1955, режиссер аралы Сани), 70-жылдары «Издегениң эмне, Палупа?» (режиссер аралы Сани) жана башкалар 20-кылымдын аягында 1980жылдардын башында айылдык бала жөнүндө «Си Уньил» (режиссер К. Сухардиман) куурчак фильминин сериясы чыккан. «Жаз келгенде» (1987, режана башкалар Сэнди), «Си Кабаян» (1989, режиссер М. Фирмансиаха), «Акыйкаттыкты талап кылабыз» (2002, режиссер С. Рахарджо), «Аял» (2001, режиссер Н. Дината) жана башкалар кинофильмдери тартылган. Көрүнүктүү киноактёрлор: Ч. Деви, Р. Мелати, Ф. Аферо, Ф. Аррияни, М. Каршила, Б. Херманто.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]