Калимантан

Википедия дан
Борнео.

Калимантан, Борнео — Малайя архипелагындагы эң ири арал; Чоң Зонд аралынын курамында. Чоңдугу боюнча Жер шарындагы Гренландиядан кийинки 2-арал; аянты 143,3 миң км2, жакынкы аралдары менен 746,5 миң км2. Түштүк Кытай, Сулу, Сулавеси, Ява деңиздери, Макасар жана Каримата кысыктары менен чулганат. Басымдуу бөлүгүн Индонезия, түндүгүн жана Түндүкбатышын Малайзия жана Бруней мамлекеттери ээлейт. Борбордук жана Түндүкчыгыш бөлүктөрүндө кырка (эң бийик жери 4101 м, Кинабалу чокусу) жана бөксө тоолор, Түштүк жана батышында дөңсөөлүү түздүктөр жана саздак ойдуңдар жайгашкан. Тектон. жактан Альп — Гималай жана Батыш Тынч океан кыймылдуу областынын кошулган жеринде жайгашкан. Нефть, газ, көмүр, боксит, темир-никель-кобальт, ошондой эле жез, сурьма, алтын, күмүш, алмаз кендери бар. Экватордук алкакта жайгашкандыктан, дайыма ысык жа нымдуу климат өкүм сүрөт. Жылдык орточо температурасы түздүктөрдө 25—27˚С ; жаан-чачыны жылына 2000—4000 мм, тоолордо 5000 ммге чейин жаайт. Дарыяларынын суусу мол, жыш; ирилери: Капуас, Барито, Махакам. Калимантан — биологиялык ар түрдүүлүктүн дүйнөдөгү борборлорунун бири; өсүмдүктөрдүн 15 миңдей түрүнүн 3 миңдейи дарак өсүмдүктөрү (260 түрү диптерекарп тукумундагылар), анын 155 түрү — эндемиктер. Аралдын көп аймагынын ½ бөлүгүн токой ээлейт. Фаунага бай көп ярустуу дайыма жашыл тропик токою басымдуу. Шалы, кассава, каучуктуу өсүмдүктөр, кокос пальмасы өстүрүлөт. Ири шаарлары: Понтианак, Банжармасин, Самаринда (Индонезия), Кучинг, Кота-Кинабалу (Малайзия), Бандар-Сеги-Бегаван (Бруней). Аралдын токою адамдын таасиринен тез темп менен суюлууда. Индонезия Танджунг-Питунг биосфералык резерваты, Гунунг-Палунг, Бентуанг-Каримум, Кутаи, БукитБака, Букит-Райя жана башка улуттук парктар, эл аралык маанидеги Данау-Сентарум суу-саз аймагы, Малайзияда Кинабалу (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген), Крокер кырка тоосу, Бако, Гунунг-Мулу, Ниах улуттук парктары, Табау тоо паркы бар. Айрым улуттук парктардын курамына деңиз акваториялары, жээкке жакын жайгашкан чакан аралдар, коралл рифтери да кирет. Калимантанда сейрек кездешүүчү жана жоголуп бараткан айбанат түрлөрүнүн популяциясы корголот: орангутан, суматра кериги, кабылан, индия пили, малайя аюусу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]