Түштүк Кытай деңизи
| Түштүк Кытай деңизи | |
| кыт. 南海, англ. South China Sea, вьетн. Biển Đông, тагал. Dagat Timog Tsina | |
| Түштүк Кытай деңизинин картасы | |
| Координаттар: 12°11′18″ с. ш. 113°13′35″ в. д.HGЯO | |
|---|---|
| Мүнөздөмөлөрү | |
| Аянты |
3 537 000 км² |
| Көлөмү |
3 907 000 км³ |
| Эң терең жери |
5560 м |
| Орточо тереңдиги |
1024 м |
| Туздуулугу |
32-34 ‰ |
| Тунуктугу |
20-40 м |
| Куйган дарыялар | |
| Максималдуу температурасы |
28-30 °С |
| Минималдуу температурасы |
20-25 °С |
| Өлкө | |
| Океан | |
Түштүк Кытай деңизи | |
Түштүк Кытай деңизи - Тынч океандын батышындагы жартылай туюк деңиз.
Түштүк-Чыгыш Азиянын жээктеринде, Индикытай ж. а. менен Калимантан, Палаван, Лусон жана Тайвань а-нын ортосунда жайгашкан. Аянты 3537 мин км2. Эң терең жери 5560 м. Ири булундары - Бакбо (Тонкин), Сиам. Чоң аралы - Хайнань.
Борбордук бөлүгү терең ойдуң, түндүк-батышы жана түштүгү рифтерден турган материктик тайыздык менен курчалган. Суунун температурасы үстүнкү бөлүгүндө февралда 20°Сден (түндүгүндө) 27°Сге (түштүгүндө) чейин, августта 28-29°С. Туздуулугу 32-34%о. Жайында, күзүндө тайфундар болуп турат. Суткада 1 жолу беймаал, эки жолу маалы менен ташкындайт, алардын бийикт. 4 -мге жетет. Балык кармалат.
Башкы порттору: Бангкок (Тайланд), Хошимин, Хайфон (Вьетнам), Сянган, Гуанчжоу (Кытай), Манила (Филиппин).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4