Бангкок

Отурукташкан жай
Бангкок
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Таиланд
Координаттар 13°45′ с. ш. 100°31′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1782
Аянты 1568,737 км²
Убакыт аралыгы UTC+7
Калкы
Калкы 5 674 843 адам (2011)
Жыштыгы 3 617 адам/км²
Этнохороним бангкоктук, бангкоктуктар
Сандык идентификаторлор
Расмий сайты http://www.bangkok.go.th
 (тай.)  (англ.)

Бангкок (тай. กรุงเทพฯ, Крунгтхеп, же กรุงเทพมหานคร, Крунг Тхеп Маха Накхон) — Таиланд мамлекетинин борбор шаары. Калкы 6,7 млн (2005; агломерациясында 9,0 млн). Түштүк Кытай деңизинин Сиам булуңунан 30 км, Чаупхрая (Менам дарыясынын куймасы) боюнда жайгашкан. Өлкөнүн негизги деңиз. Шаардын деңиз жак жээги. жана дарыя порту (жылына 50 млн т жүк ташылат). Жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. 16-кылымдагы кыштактын ордуна 1782-ж. Пья Чакри (Рама I деген ат менен такка отурган) тарабынан негизделген. Тайлар Крунг-Тхеп («Периштелер шаары») деп аташкан. 18-кылымдын аягынан ири соода жана маданий борборго айланган. Рама II (1809-24) жана Рама III (1824-51) бийликте турган мезгилде көптөгөн будда храмдары (ваттар), мектептер, китепканалар, ооруканалар жана каналдар курулган. Шаардын жаңы көрүнүшү Рама IV (1851-68) ж-а Рама V Чулалонгкорндун (1868-1910) тушунда түзүлгөн. Алар шаарды жашылдандырып, жолдор түйүнүн курдурткан. 1900-ж. 1-темир жол ишке киришкен. Улуттук зодчийликтин эстелиги болгон 400гө жакын монастырлар (ваттар) бар. Дарыянын оң жээгинде, Арун ватында («Күн чыгыш» храмы) бийиктиги 74 м болгон, фарфордун кесектери менен кооздолгон мунара сыяктуу силуэт (ыйык Меру тоосунун өзү) борбордун архитектуралык символу. Ал эми дарыянын сол жээги тарыхый бөлүгү (Раттанакосин) королдор сарайын, храмдарды (анын ичинде Пхракэу ваты же «Зымырыт будда» храмы, 15-к.) камтыйт. Чакри король династиясынын колодон жасалган скульптуралары Пхракэу ватында жайгашып, галереянын дубал тосмолору «Рамаяна» темасында кооздолгон. Пхо ватында Будданын алтындын буусуна кармалган 45 метрлик (жаткан) статуясы (19-кылым) бар. Пхуттхансаван храмындагы алтарь Будданын колодон жасалган скульптурасы (13-кылым) жана дубалга тартылган живопись (18-кылым) менен кооздолгон. Ошондой эле 18-19-кылымдагы храм жана сарай курулуштары, Чакри король сарай комплекси (Махапрасат, 18-кылымдын башы 20-ккылым), Сиамда монументалдык эстеликтер (король Чулалонгкорндун атка мингизилген) сакталган. Улуттар үйү (20-к.), отеллдер, 20дан ашык илим коомдук ассоциациялар, илим-изилөө институттар (анын ичинде Король институту, 1933, ж. б.), улуттук китепкана, музейлер, 19-кылымдын турак-жайлары, сүрөт галереясы, улуттук театр, планетарий, зоопарк, парк бар. Ботаникалык бак экспозициясы уюшулгаи. Бангкокдо Азия оюндары (1966, 1978, 1998) өткөрүлүп турат. Бангкок өлкөнүн финансы жана өнөржай борбору. Нефть ажыртуу, жыгаччылык, химия, фармацевтика, электртехника, кагаз, металл иштетүү, күрүч актоочу өнөржайлары иштейт. Автомобиль чогултулат. Кеме верфи бар. Көркөм колөнөрчүлүк (күмүш, жыгач, карапа буюмдар) өнүккөн.