Пхеньян

Отурукташкан жай
Пхеньян
Өлкө КЭДР
Координаттар 39°01′48″ с. ш. 125°43′48″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышы Вангомсон, Рюгён, Кисон,
Хвансон, Наннан, Согён,
Содо, Хогён, Чанан, Хэйдзё
Аянты 1 578 км²
Борборунун бийиктиги 27 м
Убакыт аралыгы UTC+8:30
Калкы
Калкы 4 138 187 адам (2010)
Этнохороним пхеньяндык, пхеньяндыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +850 2

Пхеньян – Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) борбору. Тэдонган дарыясынын боюнда (Сары деңизге куя бериштен 89 км жогору), деңиз деңгээлинен 300 м бийиктикте жайгашкан. Климаты муссондук мелүүндүк Январдын орточо температурасы –8°С, июлдуку 24°С. Жылдык жаан-чачыны 922 мм. Өзгөчө административдик бирдикти түзүп, борборго баш иет. Пхёнан-Намдо провинциясынын административдик борбору. Калкы 4,1 млн (2010). Маанилүү жолдор тоому. Эл аралык Сунан аэропорту бар. Метрополитен, эл аралык маанидеги темир жол түйүнү (Пекин, Москва жана Владивостокту байланыштырат) иштейт. Пхеньяндын аванпорту – Нампхо. Пхеньян – Кореянын байыркы шаарларынын бири. 427–668-жылдары Когурё мамлекетинин борбору болгон. 1904–05-жылдары Япония басып алган. 1948-жылдын 9-сентябрынан КЭДРдин борбору. Өлкөнүн ири индустриясы өнүккөн жайы: кара жана түстүү металлургия, машина куруу, текстиль, тамак-аш, химия, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Пхеньян да дүйнөдөгү эң бийик «Рюген» мейманканасы (бийиктиги 332 м; 105 кабаттуу) салынган. Ыльмильдэ күзөт (дозор) мунарасы (3-кылым; 14-кылымда кайрадан курулган), Тэндонмун (3-кылым; 17-кылым), Потхонмун (10-кылым; 15-кылым) дарбазалары, байкоочу мунара (учурда Енгванжон павильону, 17-кылымда кайрадан курулган), Чэсындэ чатырчасы (3–4-кылым) сакталган. Илимдер академиясы, университеттер (анын ичинде мамлекеттик), Чоң театр, музейлер (анын ичинде жеңиш, революция, тарых, этнография, искусство ж. б.), китепканалар, сүрөт галереясы, гүлдөр павильону ж. б. бар. Пхеньянга жакын КЭДРдин негизги таш көмүр бассейни жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]