Мазмунга өтүү

Тбилиси

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Тбилиси
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөГрузия
Координаттар41°43′ с. ш. 44°48′ в. д.HGЯO
МэрКаха Каладзе
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү458
Биринчи белгиленгенIV кылым
Мурунку аталышыТифлис
Аянты726 км²
Борборунун бийиктиги100 м
Убакыт аралыгыUTC+4
Калкы
Калкы1 118 300 адам (2015)
Жыштыгы1540 адам/км²
Улуттук курамыгрузиндер (84,2%), армяндар (7,6%), орустар (3,0%), күрттөр (1,6%), осетиндер (1,4%), азербайжандар (1,0%)
Этнохоронимтбилисилик, тбилисиликтер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+995 32
Сайтыhttp://www.tbilisi.gov.ge
 (груз.)  (англ.)

Тбилиси (1936-ж. чейин Тифлис) – Грузин Республикасынын борбору (1921-жылдан), Тбилиси ойдуңунда, Кура дарыясынын боюнда жайгашкан. Климаты субтропиктик. Жайы ысык жана узак, кышы жумшак. Январдын орточо температурасы 1°С, июлдуку 25°Ска жакын. Жылдык жаан-чачыны 400-600 мм. Калкы 1,14 млн (2010). Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Машина куруу (станок, электровоз, приборлор, айыл-чарба машиналары ж. б.), жеңил, тамак-аш, жыгаччылык, химиялык өнөр-жай ишканалары иштейт. Грузин ИАсы, ЖОЖдор (анын ичинде университет, консерватория), театрлар (анын ичинде опера жана балет, A. С. Грибоедов атындагы орус, Ш. Руставели атындагы, К. А. Маржанишвили атындагы драма), 20дан ашык музейлер (анын ичинде С. Жанаиша, искусство, сүрөт галереясы, адабият ж. б.), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн) ж. б. бар. Нарикала цитаделинин калдыктары (4-кылым; 16–17-кылымдар), Анчисхати (6- жана 17-кылым), Метехи (1278–89) чиркөөлөрү, Сиони кафедралуу собору (6–7-кылымдар), Ростом хандын мончосу (17-кылым) сакталган. Тбилисинин түштүк-чыгыш бөлүгүндө балнеол. курорт иштейт. Туризм өнүккөн.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]