Доха

Википедия дан
Доха
араб. الدوحة
Өлкө

Катар

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1850

Аянты

132

Калкы
Калкынын саны

900 545 (2014)

Жыштыгы

6822,3 адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+3

Доха (араб. الدوحة‎, Эд-Доха) - Катар мамлекетинин борбор шаары. Түштүк-Батыш Азияда, Катар жарым аралында. Перс булуңундагы порт. Калкы 293,0 миң (2003). Эл аралык аэропорту бар. Биздин замандын 7-кылымында Араб халифатынын курамында, 13-14-кылымда Бахрейн эмирлери башкарып келген, 16-кылымда Португалиянын, 1872-жылдан Оттоман империясынын курамына кирген. 1971-жылга чейин Улуу Британия протектораты. Металл иштетүү, цемент, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн. Балык кармалат. Бермет чогултулат. Университет, педагогикалык институт, музейлер (улуттук, этнографиялык) бар. Архитектура эстеликтери сакталган. 2007-жылы Дохада XX Азия чемпионаты өткөрүлгөн.

Шаарда Катар университети жана HEC Paris бизнес мектебинин кампусу жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5