Астана

Нур-Султан‎»‎ барагынан багытталды)
Казакстандын борбору
Астана
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Казакстан
Координаттар 51°11′ с. ш. 71°24′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 4 аймак
(Алмата, Байкоңур, Сарыарга, Эсил)
Аким Алтай Көлгинов
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1830-жыл
Биринчи белгиленген 1830-жыл
Аянты 722 км²
Климатынын түрү кескин континенттик
Калкы
Расмий тили Казак тили
Калкы 743 014[1] адам
Этнохороним астаналык, астаналыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +7 7172
Почта индекси 010000
Расмий сайты http://www.astana.kz
 (казак.)  (орус.)
Астана (Казакстан)

Астана (1961-ж. чейин Aкмолинск, 1961—1992-ж. Целиноград, 1992—1998-ж. — Aкмоло, 1998—2019-ж. — Астана, 2019—2022 чейин Нур-Султан) — Казакстандын борбору.

Акмолинск шаар макамына 1862-жылы 26-сентябрда ээ болгон. 2018-жылдын 1-январына карата Нур-Султандын калкынын саны 1 035 537 адамды түздү.

Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, Ишим дарыясынын боюнда, Казак Сараркасынын түндүгүндө жайгашкан. Калкы 345,6 миң (2005). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1830-ж. Aкмоло чебинин ордунда отурукташкан. 1832-жылдан Aкмоло станицасы, 1863-жылдан округдук шаар, 1868-жылдан Aкмоло уездинин борбору. Ташкен ж-а Бухарадан Орусияга, Чыгыш Кытайдан Шиберге (Сибирь) кеткен кербен жолунун маанилүү пункту болгон. 1920-36-ж. Кыргыз (Казак) ACCРинин курамындагы губерниянын (1920-28), округдун (1928-30) республикага баш ийген райондун (1930-32), Караганда облусундагы райондук (1932-39), 1965-97-ж. облустун борбору болгон. 1939-жылдан Aкмоло облусунун, дың жерлерди өздөштүрүүдө крайдын административдик борбору болуп, экономикалык ж-а саясий абалы тез өсө баштаган. 1998-жылдан азыркыдай аталат. 1990-жылдын аягынан шаардын борбордук бөлүгүндө (жапон мөөмөрү (архитектору) К. Курокаванын генералдык долбоору б-ча) курулуш иштери жүргүзүлгөн; алар: парламент ж-а өкмөт үйү, президенттин резиденциясы, «Караотель» турак жай комплекси, «Aль-Фараби» ж-а «Самал» кичи райондору, Конгресс-холл, «Евразия» соода борбору, Ишим дарыясындагы көпүрө ж-а дарыянын сол жагында бийиктиги 97 м келген «Aстана-Байтерек» монументи. Aнда диаметри 22 м айнек шар орнотулган. Металл шардын каркасы 3 кабат түстүү айнек м-н капталган. Ал Казакстан Республикасынын 10 жылдыгына арналган көрүнүктүү монументтик курулуш.

Астана — Казакстандын маданий борбору. 28 ЖОЖ (филиалдары м-н), анын ичинен техникалык университет (1933-жылдан), С. Сейфуллин атынагы агрардык институту (1957), Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети (1998; Москва мамлекеттик университетинин филиалы), медицина (1964), музыка (1998) ж. б. академиялары иштейт. Китепканалары: Президенттик маданий борборунуку, Борбордук шаардык, А. Гайдар атындагы балдар китепканалары ж. б. А. Кастеев атындагы искусство (1935), азыркы искусство (1980-ж. негизделип, 1999-ж. Алматыдан көчүрүлүп келинген), жазуучу С. Сейфуллиндин (1988) музейлери, орус драма (1940), музыкалык драма (1991), улуттук опера ж-а балет (2000) театрлары, филармония (1997), оркестрлер бар. Маанилүү өнөр жай тармактары: «Казак айыл чарба машиналары», «Газмашаппарат» АКсы, «Астана Моторс» компаниясы, вагон ремонттоо, машина куруу, металл иштетүү, жеңил, тамак-аш өнөр жайлары, эмерек өндүрүшү бар.

Аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаардын мурдагы Астана аталышы казак тилинен алынган. Казакча бул сөз элдин баш калаасы дегенди билдирет. Бул сөз казак тилине парс тилинен келген. Анда ал "ыйык жер", "босого" деген мааниге ээ. Нур-Султан деп туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин атынан коюу чечими 2019-жылы 20-мартта кабыл алынган.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]