Акмоло облусу

Википедия дан
Отурукташкан жай
Ак Молдо облусу
Герб
Герб
Өлкө Казакстан
Ички бөлүнүшү 17 район, 2 шаар
Башчысы Сергей Кулагин
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1939 жыл
Аянты 146,2 миң км²
Климатынын түрү мелүүн континенттик
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 736 528[1] адам (2015)
Улуттук курамы казактар — 49,64%
орустар — 34,14%
украиндер - 4,65%
немистер - 3,57%
татарлар - 1,82%
башка улуттар - 6,18% (2015ж.)[2]
Сандык идентификаторлор
Телефон коду 7162 xx-xx-xx
Почта индекси 02xxxx
Автоунаа коду 03
Расмий сайты http://akmo.gov.kz

Ак Молдо облусу - Казакстан Республикасынын түндүгүндө. 1939-ж. уюшулган. Аянты 121,7 миң км2. Калкы 602,2 миң (1997). Облуста 14 адм. район, 8 шаар, 12 шаарча бар. Борбору - Астана шаары. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Казак Сараркасынын (бийиктиги 899 мге чейин) түндүк-батышы ээлейт. Экономикасынын негизин дан чарбасы (негизинен буудай) жана эт-сүт багытындагы мал чарбасы түзөт. Айыл чарбасынын маанилүү тармагы - кайрак дан эгин эгүү дыйканчылыгы. Кой, эчки, уй, жылкы асыралат. Балык кармалат. Энергетикасы Караганды жана Экибастуз көмүр бассейндерине негизделип, 2 ЖЭС (жылуулук электр станциясы) иштейт. Кара металлургия, тоокен, химия, машина куруу, тамак-аш, жеңил, курулуш материалдары, фарфор-фаянс, карапа өнөр жай тармактары бар. Негизги өнөр жай борборлору: Астана, Макинск, Атбасар, Алексеевка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  1. 2015 жылкы 1 -январгв Казакстан Республикасынын облустары, шаарлары жана райондору бойунча элдин саны
  2. 2015 жыл башына Казакстан Республикасынын калкынын жекелеген улуту бойунча саны