Актөбө облусу

Википедия дан
Актөбө облусу
каз. Ақтөбе облысы
Белгиси
Белгиси

Актөбө облусу картада

Өлкө:

Казакстан

Абалы:

Облус

Курамында:

12 район

Акимий борбору:

Актөбө

Түзүлгөн убакыты:

10-март, 1932-жыл

Акими:

Оңдосун Сейилуулу Оразалин

Ырасмый тилдери:

Казак, Орус

Калкы (2018):

867 828[1] (7-чи орун)

Жыштыгы:

2,88 адам/км²

Улуттук курамы:

казактар 81,35%
орустар 12,30%
украиндер 2,82%
татарлар 1,14%
башкалар 2,39% (2015-ж.)[2]

Жер аянты:

300 629 км²

ISO 3166-2 коду:

KZ-AKT

Телефон коду:

+7 713

Почто индекстери:

03xxxx

Ырасмый сайты
Актөбө облусу Уикиказынада


Актөбө облусу (Казакстан) - Казакстан Республикасында. 1932-ж. 10-мартта уюшулган. Аянты 300,6 миң км2. Калкы 730,8 миң (1997), адм. борбору - Актөбө шаары. Актөбө облусу Казак Республикасынын түндүк-батышында жайгашкан.

Жеринин бети негизинен түздүк (деңиз деңгээлинин бийиктиги 100-200 м). Борбордук бөлүгүндө Мугалжар тоосу (эң бийик жери Чоң Бактыбай чокусу, бийиктиги 657 м) түндүктөн түштүккө карай созулуп жатат. Түштүк-чыгышында кумдуу Арал бою, Каракум, Чоң жана Кичи Барсук чөлдөрү жайгашкан. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -16°С, июлдуку түндүгүндө 22°С, түштүгүндө 26°С. Жылдык жаан-чачыны 120-300 мм. Аймагынан Эмба, Илек ж. б. дарыялар агып өтөт. Ири көлү Шалкар-Деңиз. Түндүгүнө кара, түштүгүнө бозомук коңур жана боз топурактар мүнөздүү, айрым жерлеринде шортоң жерлер кездешет. Табылгы, терек, кайың (түндүгүндө), бетеге, шыбак (түштүгүндө) ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Облуста казак, орус, украин, татар ж. б. улуттар жашайт. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2ге 1,8 киши туура келет. Облустун өнөр жайы жана айыл чарба жакшы өнүккөн. Өнөр жайынын негизин кара металлургия, химиялык, машина куруу жана айыл чарба продуктуларын иштетүү түзөт. Маанилүү өнөр жай борбору: Актөбө, Алга, Октябрск, Хромтау. Айыл чарбасында кайрак дыйканчылыгы жана жайытта багылма мал чарбасы (эт-сүт багытындагы уй, кой, жылкы, төө, чочко) басымдуу. Негизинен дан эгин (буудай, арпа, таруу) айдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
  1. 2018-жылдын башынан 2018-жылдын 1-ноябрына чейинки Казакстан Республикасынын калкынын санынын өзгөрүү тууралуу. Казакстан Республикасынын Улуттук Экономика министрлигинин Статистика комитети. Текшерилген күнү 3 -январь (үчтүн айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 9 -декабрь (бештин айы) 2018.
  2. 2018-ж. Казакстан Республикасынын калкынын жеке этностору боюнча саны. Текшерилген күнү 4 -май (бугу) 2020. Түп булактан архивделген күнү 27 -март (жалган куран) 2019.