Актөбө

Википедия дан

Актөбө шаары - Казакстан Республикасынын түндүк батышындагы шаар. Актөбө облусунун административдик борбору. Илек дарыясынын боюнда жайгашкан. Темир жол бекети. Калкы 500 миң (2020). Автомобиль жолдор түйүнү. Эл аралык аэропорту, Феррокуйма, хром бирикмелери, айыл чарба машиналарын куруу, рентген аппаратура ж. б. заводдору, «Актюбинскхимпластмасс» өндүрүш бирикмеси, жеңил, тамак-аш өнөржайы, 9 Ж0Ж (а. и. авиация окуу жайы), театр, 2 музей бар. 1967-ж. Казакстандагы биринчи планетарий ачылган. 1869-ж. аскерий чеп катары негизделген. Шаарда Сов. Союз. Баатыры, көзгө атар мерген А. Молдокулова туулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1