Казакстан

Wikipedia дан
(Казакстан Республикасы барагынан багытталды)

Казакстан
Қазақстан Республикасы

Flag of Kazakhstan.svg Герб
Мамлекеттик Желеги Мамлекеттик Герби
Мамлекеттик Гимни
Kazakhstan (orthographic projection).svg
Негизделген 1465-жыл (Казак хандыгы)
Эгемендүүлүк күнү 16-декабрь 1991-жыл

СССРден)

Расмий тили казакча (мамлекеттик),
орусча (расмий)
Борбор шаары Астана
Ири шаарлар Астана, Алматы, Актөбө
Башкаруу формасы Президенттик
республика
Президент
Премьер-министр
Нурсултан Назарбаев
Карим Масимов
Мам. дини Динден тышкары
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
9 чы - дүйнөдө
2 724 902 км²
1,50
Калкы
• Бааланган (2015)
Жыштыгы

17 498 145 адам (63-чи)
6,4 ад./км²
ИДП (САМ)
  • Бардыгы (2012)
  • Ар бир жанга

420,6 млрд.[1] $ (41-чи)
24 100 $
ИДП (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

225,6 млрд.[2] $ (44-чи)
13 236[2] $
АДӨИ ( 2013) 0,754[3] (жогорку) (69-чу)
Этнохороним казакстандык,
казакстандыктар
Акча бирдиги Казак теңгеси
(KZT, код 398)
Домени .kz, .қаз
ISO коду KZ
ЭОК коду KAZ
Телефон коду ++7
Убакыт аралыгы UTC +5, +6

Казакстан (каз. Қазақстан Республикасы) — Борбор Азия менен Чыгыш Европада жайгашкан мамлекет.

Дүйнө мамлекеттер арасында аянты боюнча 9-орунду ээлейт (2 млн 724,9 мин км²). Жайгашканы: батыштагы Волга дарыянын дельтасынын чыгыш жагынан чыгыштагы Алтай тоолоруна чейин, түндүктөгү Батыш-Сибирь өрөөнүнөн өлкөнүн түштүгүндөгү Тянь-Шань тоо системасына чейин.

Түндүк жана Батыш тараптан Орусия, Чыгыштан Кытай менен, Түштүктөн Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан малекеттери менен чектешет.

Административдик-аймактык түзүлүш боюнча 14 облуска жана 2 республикалык маанидеги шаарга бөлүнөт. Экономика-географиялык жактан Борбордук, Батыш, Чыгыш, Түндүк, Түштүк региондоруна бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):

Облустары

Аянты, миң км2

Калкы,

миң

Административдик борбору

Акмоло

146,2

746,7

Көкчө-Тоо

Ак-Төбө

300,6

686,7

Ак-Төбө

Алматы

224,0

1603,8

Талды-Коргон

Атрау

118,6

472,4

Атрау

Жамбыл

144,3

1001,1

Тараз

Батыш Казакстан

151,3

609,3

Уральск

Караганды

428,0

1334,4

Караганды

Костанай

196,0

903,2

Костанай

Кызыл-Ордо

226,0

618,2

Кызыл-Ордо

Маңгыстоо

165,6

374,4

Ак-Тоо

Павлодар

124,8

742,9

Павлодар

Түндүк Казакстан

98,0

663,1

Петропавловск

Түштүк Казакстан

117,3

2233,6

Чымкент (Шымкент)

Чыгыш Казакстан

283,3

1431,2

Усть-Каменогорск

Республикага баш ийген шаарлар:




Астана

0,7

550,4


Алматы

0,3

1247,9


Казакстан 1991-жылдан КМТТТга, Бириккен Улуттар Уюмуна (1992), Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (1992), ЭВФке (1992), Ислам конференциясы уюмуна (1995), ШКУга (2001) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Казакстан унитардык мамлекет. Казакстандын Конституциясы 1995-ж. 30-августта референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет башчысы бүткүл эл тарабынан 5 (2007-жылга чейин 7) жылдык мөөнөткө шайланган президент (бул биринчи президентке тийиштүү эмес). Мыйзам чыгаруучу жогорку органы Мажилис жана Сенат (эки палаталуу парламент; Мажилисте 5, Сенатта 6 жылдык мөөнөткө шайланып, 107 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы премьер-министр жетектеген өкмөт. Премьер-министр межилистин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат. Казакстанда көп партиялуу система орун алган. Ири партиялары: Улуттук-демократиялыкпартия «Нур Отан», Коомдук социал-демократиялык партия, Казакстан демократиялык партиясы «Ак-Жол», Казакстан социал-демократиялык партиясы «Ауыл», Казакстан коммунисттик элдик партиясы.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Казакстандын аймагында көтөрүдкү түздүктөр жана сары-аркалар (бийиктиги 500-600 м) басымдуу; алар өлкөнүн аймагынын 50%ке жакынын, ойдуңдуу түздүктөр (100-250 м) 30%ин, тоолор (1000-4000 м) 20%тейин ээлейт. Бийиктик амплитудасы -132 мден (Маңкыштактагы Карагие ойдуңу) 6995 мге чейин. Өлкөнүн батыш бөлүгүн кум жана шор массивдүү Каспий бою ойдуңу ээлейт. Анын чыгышында эрозиялык Мугожар жапыз тоосу (бийиктиги 657 мге чейин, Чоң Боктыбай чокусу) көтөрүлөт. Казакстандын түштүк-батыш четинде Маңкыштак ж. а. жана чөлдүү Үстүрт платосу жайгашкан. Андан чыгыштагы Туран ойдуңунда Арал бою, кум массивдүү Кара-Кум жана Кызыл-Кум чөлдөрү орун алган. Түндүктөн Казакстандын аймагына Батыш Сибирь түздүгүнүн түштүк чет жакасы (бийиктиги 100-150 м) кирип турат. Аны түштүк-батыштан Торгой платосу улап кетет. Өлкөнүн борбордук бөлүгүн ээлеген Казак СарыАркасында бийиктиги 1565 мге жеткен (Аксоран чокусу) калдык жапыз тоолор орун алган. Казак Сары-Аркасы түштүктө чөлдүү Бетпак-Талаа платосуна (деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги300350 м) өтөт. Өлкөнүн чыгыш, түштүк-чыгыш бөлүктөрүндө тоолуу рельеф басымдуулук кылат; мында негизинен Алтайдын түштүк бөлүгүнүн, Тарбагатайдын, Саурдун, Жети-Суу Ала-Тоосунун, Түндүк жана Батыш Теңир-Тоонун орто бийик жана бийик кырка тоолору ички жана тоо аралык ойдуңдары менен кезектешип жатат. Өзгөчө геоморфол. объектилерге Үстүрт платосунун тик кашаттары (жарлары) чинкалар; Алматыдан 200 км түндүк-чыгыштагы Чарын (Шарын) дарыясынын шаңшаары (каньону); өлкөнүн түндүгүндөгү Боровой курортуна жакын жайгашкан Көкчө-Тоо аскалары жана көлдөрү ж. б. кирет. Казакстандын аймагы негизинен Урал-Охота кыймылдуу алкагында жайгашкан, анын бүктөлүү структурасынын айрым жерлери жаш платформанын жабындысы менен капталган. Борбордук Казакстан бүктөлүү облусу негизинен Казак Сары-Аркасына дал келип, догоо сымал 2 бүктөлүү системасына бөлүнөт: каледондук Түндүк Казакстан (түндүгүндө) жана герциндик Жуңгар-Балкаш (түштүгүндө). Бул бүктөлүү облусунун чегинде архей-протерозой массивдери Көкчө-Тоо, Арганат, Түндүк жана Түштүк Улуу-Тоо, Ак-Тоо-Моюн-Тоо, Макбал жайгашкан. Кңдын түндүгүнө Түштүк Уралдын герциндик структурасы кирип турат. Өлкөнүн батышын анын эң чуңкур бөлүгүн Орус платформасынын Каспий бою синеклизасы ээлейт. Түштүк-батышына Жер ортолук деңиздик кыймылдуу алкагынын Түштүк Туран плитасы кирет. Кен байлыктарга бай: кара жана түстүү металлдар, уран, алтын, нефть (запасы боюнча дүйнөдө 7-орунда), газ (13-орунда), агрардык-техникалык, химиялыкжана индустриялык сырьёлор.

Климаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Казакстандын аймагы мелүүн климаттык алкакта жайгашкан. Казакстан Евразиянын борбордук бөлүгүнөн орун алгандыктан, климаты кургакчыл жана кыйла континеттик. Жайында Азор, кышында Сибирь антициклондорунун таасири астында турат. Жыл бою кез-кезде батыштан, түндүк-батыштан жана түндүктөн муздак аба массасы согуп турат. Январдын орточо температурасы түндүгүндө жана чыгышында -18°Сден түздүктүү аймагынын эң түштүгүндө -3°Сге чейин; июлдуку түндүгүндө 19°Сден түштүгүндө 28-30°Сге чейин. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. К. жаанчачынга жалпысынан жарды, аймак боюнча бирдей жаабайт. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, токойлуу талаа зонасында жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 300-400 мм, андан түштүктө, талаа зонасында 250 мм, жарым чөл жана чөл зоналарындагы түздүктөрдө 100-200 мм, түштүктөгү жана түштүк-чыгыштагы тоолордо 500-1000 мм, Алтайдын батыш капталдарында 1600 ммге чейин. Казакстанда жалпы аянты 1090 км2 болгон 1450 мөңгү бар, алардын көбү Жети-Суу Ала-Тоосунда, Теңир-Тоодо, Тарбагатайда, Алтайда жайгашкан. Казакстан дүйнөдө суу менен аз камсыз болгон регионго кирет. Казакстандын аймагында 39 миңдей дарыя жана сай бар, алардын 8 миңдейинин узундугу 10 кмден ашат. Ири дарыялары (Казакстандын чегиндеги узундугу): Иртыш (Ертис; 1700 км), Ишим (Есиль; 1400 км), Сыр-Дарыя (1400 км), Урал (Жайык; 1082 км). Өлкөнүн түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүндөгү дарыялар (Иртыш жана анын куймалары Ишим, Тобол) Түндүк Муз океандын, көп дарыялары ички Каспий деңизинин (Урал, Эмба), Арал деңизинин (Сыр-Дарыя), Балкаш көлүнүн (Иле), Тенгиз көлүнүн (Нура) алаптарына кирет. Казакстандын аймагында жалпы аянты 45 миң км2ден ашык 48 миңден ашуун көл бар, алардын көбү аянты 1 км2ден ашпаган чакан көлдөр. Ири көлдөрү: өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Балкаш, Тенгиз, Жонгор капкасындагы Ала-Көл, Сасык-Көл, чыгыштагы Зайсан, Маркакөл. Дүйнөдөгү ири көлдөрдүн Каспий жана Арал деңиздеринин акваторияларынын айрым бөлүктөрү да Казакстанга таандык. Жалпы көлөмү 95,5 км3ден ашкан 200дөн ашкан суу сактагыч бар; аларга Сыр-Дарыядагы (5,5 км3) Буктурма, Капчыгай, Чардарыя (Шардара), Тобол дарыясындагы Жогорку Тобол (0,82 км3), Каратомар (0,59 км3), Ишим дарыясындагы Сергеев (0,7 км3) суу сактагычтары кирет. Агын суулардын жалпы жылдык орточо ресурсу 100,5 км3, анын 56,5 км3и гана К-дын аймагында түзүлүп, 44 км3и чектеш өлкөлөрдөн Кытай, Өзбекстан, Кыргызстан, Россиянын аймактарынан агып түшөт. Жер астындагы суунун жылдык жалпы запасы 15,83 км3 болгон 626 кени жана участогу чалгындалган; анын 50%ке жакыны өлкөнүн түштүк, 20%и батыш аймактарында. Казакстан аймагынын континенттин ички бөлүгүндө жайгашкандыгы, аймактын кеңдик жана узундук боюнча зор аралыкка созулушу, тоо жана түздүк рельефинин кезектешип жатышы ландшафттык жана биол. ар түрдүүлүккө өбөлгө түзөт. Түздүктөрдө кеңдик, тоолордо бийиктик алкактуулук даана байкалат. Өлкөнүн түндүгүндөгү токойлуу талаа зонасынын жегичтүү кара топурагы түштүктү карай мелүүн кургакчыл талаанын кадимки кара, мелүүн кургак талаанын каралжын каштан, кургак талаанын кадимки каштан, жарым чөлдүн ачык каштан топурактары менен алмашат. Түздүк топурактуу аймактын аянтынын 1/2ин коңур чөл-талаа жана ачык-коңур чөл топурактары ээлеп, кумдуу жана такыр сымал топурактардын зор массивдери менен кезектешип жатат. Батыш жана Түндүк Теңир-Тоонун этектериндеги түздүктөрдө жана этек тоолордо боз жана ачык каштан топурактары басымдуулук кылат. Түндүк Теңир-Тоонун, Саурдун, Тарбагатайдын, Батыш Алтайдын жапыз тоолоруна мүнөздүү тоонун каштан жана тоонун кара топурактары өйдөлөгөн сайын тоо токоюнун боз жана токойдун каралжын топурактары менен алмашат. Токойдун жогорку чегинен өйдө тоо-шалбаа топурактары өрчүгөн. Дыйканчылыкка жараксыз же аз пайдаланылган топурактуу жерлер да арбын; мисалы, кумдуу массивдер 27 млн га, шор жерлер 20 млн га аянтты ээлейт. Жалпысынан топурак кыртышынын табигый күрдүүлүгү төмөн, эрозияга, дефляцияга, шордонууга ж. б. жагымсыз процесстерге кыйла дуушарланган. 1950-80-жылдары ургаалдуу пайдаланылган 11 млн га дың жер кийин аңызга айланып, чириндиси азайып арыктап кеткен. Өлкөнүн түндүгүндө, токойлуу талаа зонасында жана талаа зонасынын түндүк бөлүгүндө дүйүм чөптүү-кылкан өсүмдүктүү талаа (ак кылкан, бетеге, коңур баш, тоо сулусу, кыяк, шыбак), суу жайылмаларында түбү боштуу жана буудайытуу шалбаа таралган. Байтерек-кайыңдуу токой массивдери, кызыл карагайлуу токойчолор кездешет. Кургак талаага бетеге-ак кылкандуу өсүмдүк жамаатташтыгы мүнөздүү. Жарым чөлдөрдө шыбак-кылкандуу өсүмдүктөр үстөмдүк кылат. Чополуу жана шагылдуу чөлдөрдө ксерофиттик бадалдар жана бадалчалар, анын ичиндегалофиттер (прутняк, сарсазан, бүргөн, кокпек, солерос, ак жана кара шыбак, түлкү машак, жантак, терскен, тамариск ж. б.) да өсөт. Кумдуу чөлдөргө псаммофиттер (кум шыбагы, кум сулуусу, жузгун, кум акациясы, ак сөксөөл ж. б.) мүнөздүү. Кызыл-Кум кумдарында кара сөксөөлдөр кездешет. Кырка тоолордун капталдарынын төмөнкү бөлүктөрүнө жана этек тоолорго талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Андан өйдө бадалдар ит мурун, шилби, бөрү карагат өсөт; Иле Ала-Тоосунун түндүк капталдарында жапайы жана экме алма токойлору, долоно кездешет. Алтай жана Жети-Суу Ала-Тоолорунун орто бийик тоолорундагы ийне жалбырактуу токойлорго Сибирь кара карагайы, карагай, кызыл карагай, көк карагай, кедр (бал карагай) ж. б., Теңир-Тоого карагай мүнөздүү. Токойдон жогору жаткан субальп жана альп шалбаасы баалуу жайыт болуп саналат. Теңир-Тоонун кырка тоолорунун кырларына жакын арча (өрөк арча) токойлору кездешет. Казакстанда өзгөчө коргоого алынган 109 табигый аймак бөлүнгөн, ал өлкөнүн аймагынын 5,4%ин ээлейт. Ага 10 корук (Ак-Суу-Жабаглы, Алматы, Ала-Көл, Барса-Келбес, Батыш Алтай, КараТоо, Коргалжын, Наурзум, Маркакөл, Үстүрт), 10 улуттук парк (Алтын-Эмел, Баянаул, Бурабай, Иле-Ала-Тоо, Каркаралы, Катон-Карагай, Көкчө-Тоо, Чарын, Сайрам-Угам, Көл-Сай), 50 табигый корукча (заказник; геол., ботан., зоол., көл, саз, ландшафттык ж. б.), 26 табият эстелиги, 5 ботан. бак ж. б., 2 табият резерваты (Ертис орманы, Семей орманы) кирет. Коргоого алынган бул аймактар негизинен жер бетинин экосистемасын жана өсүмдүк жамаатташтыгын камтыйт. Республиканын аймагы аркылуу суу-сазда жашоочу куштардын 140 түрү учуп өтөт; анын 11 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. Бул сейрек жана эндемик куштардын популяциясын сактоо максатында жалпы аянты 17 миң км2 болгон глобалдуу маанидеги жер коргоого алынган. Алар негизинен Казакстандын борбордук, түштүкчыгыш жана чыгыш бөлүктөрүндө жайгашкан. Коргалжын жана Иргиз-Торгой көлдөр системасы Рамсар конвенциясы тарабынан коргоого алынган.

Шаарлары[оңдоо | булагын оңдоо]

Эң ири шаарлары[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын саны 2014-жылдын 1-июлуна карата берилген.

Бул датага карата Казакстанда 100 миң адамдан ашык 22 шаар катталган, бул шаарларда өлкөнүн 43% жашайт.

Орун Шаардын аталышы Облус Калкынын саны Орун Шаардын аталышы Облус Калкынын саны
1 Алма-Ата - 1 522 596 12 Кызыл-Ордо Кызыл-Ордо 216 313
2 Шымкент Түштүк Казакстан 858 100 13 Петропавл Түндүк Казакстан 208 202
3 Астана - 835 153 14 Атырау Атырау 199 600
4 Караганды Караганды 486 945 15 Актоо Маңызтоо 181 674
5 Актөбө Актөбө 382 922 16 Темиртоо Караганды 176 349
6 Тараз Жамбыл 354 662 17 Түркстан Түштүк Казакстан 156 986
7 Павлодар Павлодар 331 404 18 Көкчөтоо Акмола 140 685
8 Өскемен Чыгыш Казакстан 314 515 19 Талды-Коргон Алматы 137 008
9 Семей Чыгыш Казакстан 312 791 20 Экибастуз Павлодар 131 626
10 Жайык Батыш Казакстан 229 329 21 Рудный Костанай 114 285
11 Костанай Костанай 223 812 22 Жаңы-Өзөн Маңызтоо 108 961

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын басымдуу бөлүгүн (53,4%) казактар түзөт (1999-жылкы эл каттоо боюнча). Орус (30%), украин (3,7), немис (2,4) улуттары негизинен өлкөнүн түндүкжана чыгыш бөлүктөрүндө жашайт. Калгандарын татар (1,7%), уйгур (1,4), беларус (0,7), корей (0,7), азербайжан, түрк, поляк, дунган, күрд, тажик, башкырт, молдаван ж. б. улуттар түзөт. Калкынын жылдык орточо табигый өсүү темпи жогору: 2005-ж. 1000 тургунга 8,0 адам, 1999-ж. 4,6 адам туура келген. Төрөлүү 1000 тургунга 18,4 бала, өлүмжитим 1000 тургунга 10,4 адам туура келет (2005). 15 жашка чейинки балдар калктын 26,2%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар 63,4%ин, карыгандар 10,4%ин түзөт. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 65,9 жыл (эркектердики 60,3, аялдардыкы 71,8 жыл). Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 5,6 адам туура келет (2006; Евразиядагы эң төмөнкү көрсөткүч). Калк өлкөнүн түштүк, түндүкжана чыгыш облусунда жыш, батыш жана түштүк-батыш облусунда салыштырмалуу сейрек отурукташкан. Динге ишенгендери негизинен мусулман-сунниттер. Шаар калкы 43, 1% (2014). Ири шаарлары: Алматы (калкы 1 522 596 миң), Астана (835,153 миң), Чымкент (858,1 миң), Караганды (486,9 миң), Тараз (354, 6 миң), Павлодар (331, 4 миң), Усть-Каменогорск (314, 5 миң), Семипалатинск (Семей; 312, 7 миң), Ак-Төбө (382, 9 миң), Костанай (223, 8), Уральск (229, 3 миң).

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Археологиялык изилдөөлөр Казакстандын аймагында евразиялык микроиндустриялык Ашель (болжол менен 1 млн 200 миң жыл мурда) доорунда эле адам жашаганын далилдейт. Кара-Тоо тоо кыркасынын түштүк-батыш бетинин тоо этеги менен Сыр-Дарыя өрөөнүнүн (Кош-Коргон, Чок-Таш) ортосундагы аймактарда алгачкы адамдар жашаган. Ортоңку палеолитке (Мустъе доору) Кара-Суу (3 баскычтан турат), Кара-Тоо тургун жайлары, жогорку палеолитке Вишнёвка, Кудайкөл, Ч. Валиханов атындагы, Шульбинка эстеликтери таандык. Мезолит доору Казакстандын түндүк жана түндүк-чыгыш аймактарында (чакан топтордун устаканалары, тургун жайлары) жакшы изилденген. Неолит Казакстандын түндүкжана түндүк-батышында келътеминар маданиятынын (б. з. ч. 6-миң жылдыктын аягы 5-миң жылдык) варианты менен көрсөтүлгөн. Волга-Урал, орёл, маханжар, атбасар, сероглаз маданияттарына таандык эстеликтер Казакстандын батыш, түндүк-батыш жана түндүгүнөн, Усть-нарымск маданиятына таандык эстеликтер (дарыянын боюнда кайыктын формасындай Шидерты-3 көрүстөнү, Железинка кыштагына жакын жердеги мүрзөлөр) Казакстандын чыгышынан табылган. Алгачкы металл доорунун башталышында (б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягы 3-миң жылдык) Казакстан аймагынын көбүндө терсек, ботай, Иртыш боюнда шидерты жана усть-нарым тибиндеги, Волга-Урал аралыгында каспий бою жана хвалын-ортотог ж. б. маданияттар өкүм сүрүп, мал чарбачылык жана металл иштетүүнүн белгилери байкалат. Урал-казак талааларында ямный жана афанасьев маданияттарына Карагаш ж. б. көрүстөндөр таандык. Кечки коло дооруна (б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягы 1-миң жылдыктын башы) андрон маданияты жана аны алмаштырган валик карапа маданияты тиешелүү. Иртыш бою аймагында елунин маданияты, кийин армен маданияты өкүм сүргөн. Коло доорунда таш бетинде петроглифтер пайда боло баштаган. Алгачкы темир доору (б. з. ч. 8-7-кылымдарда) сак-массагет, савромат, сармат, саргат археологиялык маданияттарынын эстеликтери менен көрсөтүлгөн. Бул маданияттарга Бесшатыр, Ысык, Тагискен, Уйгарак, Чиликти, Берел, Байкара ж. б. комплекстери таандык. Казакстандын түндүк аймагында б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы б. з. 1-миң жылдыктын ортосунда Сыр-Дарыянын ортоңку агымында отрар-каратоо менен куаунчин маданияттары өнүккөн. Мурда бул жерлер Кангүй мамлекетинин курамында болгон. Жети-Суу аймагында табылган эстеликтердин көбү усундар менен байланышкан. Казакстандын батыш аймактарындагы эстеликтер (Лебедевка жана Кырык-Оба көрүстөндөрү) сармат археологиялык маданиятына, Тобол жана Ишим дарыялар аралыгындагылар саргат маданиятына таандык (4-кылымга чейинки мезгил). Элдердин улуу көчүү доорунда хунндардын таасиринен алгачкы темир доорунун маданияттарынын кээ бирлери жоголуп кеткен. Казакстан аймактарындагы маданияттардын өнүгүшүнө Улуу Жибек жолу чоң таасирин тийгизген. Б. з. ч. 7-4-кылымда Казакстандын аймагын уруу союздары мекендеген, алардын ириси сактар болгон. Б. з. ч. 4-2-кылымдарда Казакстанда усундардын (Жети-Сууда), каңлылардын (Кара-Тоо жана Сыр-Дарыя району), аландардын (Арал жана Каспий деңиздер аралыгы) уруу союздары куралган. Калк көчмөн мал чарбасы жана дыйканчылык менен кесиптенген. 6-кылымдын 2-жарымында Казакстандын аймагы Түрк кагандыгынын (кийин Батыш түрк кагандыгы) курамына кирген. Щучье көлүнө (Боровое) жакын жерде түрк эстеликтерине тиешелүү канжар, анын катарындагы эстеликтерден 1-миң жылдыктын 2-жарымына таандык көрүстөндөрдө аты менен кошо көмүлгөн маркумдун сөөгү табылган (6-кылым). 6-8-кылымдарда соода өнүгүп, жаңы мамлекеттик бирикмелер пайда болгон. Казакстандын түндүк жана борбордук аймактарында шаарлар [Тараз, Исфижаб (Сайрам), Усбаникент, Отрар, Шавгар (Түркстан шаары), Сауран, Сыгнак, Кулан, Кайлык, Талгар] өсө баштаган. 11-12-кылымдарда негизинен Казакстандын түндүк аймактарында чоң жана кичине шаарлардын саны 200гө жеткен. Казакстанда 8-кылымдын башында Түргөш кагандыгы, 8-кылымдын 2-жарымында Карлук кагандыгы өкүм сүргөн (766-ж.). 8-10-кылымдарда Казакстандын түштүгүндө суннит багытындагы ислам дини жайылган. Казак эли көчмөн эл болгондуктан, исламды баары бирдей кабыл алган эмес. Ислам дининен тышкары зороастризм, буддизм, христиан диндери да болгон. 9-11-кылымдарда Казакстандын батыш жана түштүк-батыш аймагы Огуздар мамлекетине кирген; түндүк-чыгыш жана борбордук бөлүктөрүн кимактар менен кыпчактар мекендеген. Ошол кезде Казакстандын аймагы Дешт-и-Кыпчак деп аталган. 10-кылымдын 1-жарымында Жети-Сууга Чыгыш Түркстандан келген ягма түрк уруусу Карлук кагандыгын кулатып, Караханиддер мамлекетин түзүшкөн. 10-кылымдын аягында 11-кылымдын 1-жарымында Караханиддер Кашкар, Жети-Суу, Мавераннахрды каратып алышкан. 11-кылымдын 2-жарымында Караханиддердин арасында ич ара талаш-тартыштар башталып, сельжуктар Мавераннахрды басып алышкан. 1130-ж. Жети-Сууну басып алган кара кытайлар Караханиддер мамлекетин кулатып, Борбордук Азияда өз мамлекетин түзгөн. 12-кылымдын ортосунда Кара кытай мамлекетинин начарлашынан улам, андан Хорезм бөлүнүп чыккан. 1219-21-жылдары Казакстан аймагына моңголдор басып кирип, көптөгөн шаарлар талкаланган. Моңголдордун тушунда Казакстандын көпчүлүк аймагы Алтын Ордого, ал жоюлган соң Ак Ордо, Көк Ордо, Моголстан, Сибирь, 14-кылымдын аягы 15-кылымдын башында Ногой Ордо жана Өзбек хандыктарынын курамына кирген. Ногой Ордо Жайык (Урал) жана Волга дарыясынын аралыгындагы аймакты, Өзбек хандыгы Арал деңизинен батышты көздөй Урал дарыясына, түштүгү Тобол дарыясына, чыгышы Иртыш дарыясына чейинки аймактарды ээлеген. Өзбек хандыгынын эли «өзбек-казактар» деп аталган (орус тарыхый булактарда «киргизы»). Феодалдык ич ара чыр-чатактын, эзүүнүн айынан казак уруулары Өзбек хандыгынын аймагынан Жети-Сууга (Чүй, Талас) оогон. 15-кылымдын 2-жарымы 16-кылымдын башында Жети-Сууда Казак хандыгы түзүлгөн. 16-кылымдын ортосунда Ногой Ордо, кийин Моголстан, Сибирь хандыктары кулап, алардын курамындагы казак уруулары Казак хандыгына кошулган. Казак хандыгы Улуу жүз, Орто жүз, Кичүү жүз деп бөлүнүп, казак элинин калыптануу процесси аяктаган. 19-кылымдын башында Казак хандыгы жоюлуп (1847), аталган жүздөрдүн аймактарында өз алдынча хандыктар пайда болгон. 18-кылымдын 1-жарымында казактар Жуңгар хандыгынын (ойроттор) тынымсыз чабуулуна дуушар болгон. Казактар кол жыйнап, бир нече жолу (1710, 1728, 1729) жуңгарларга каршы сокку урган, бирок жуңгарларды жеңүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, Россиянын курамына кирүүнү көздөшкөн. 1731-ж. Кичүү Жүз (Абулхайрдын демилгеси менен), 1740-ж. Орто жүз (Абылай хандын күчү менен) Россиянын курамына кошулган. 18-кылымдын аягында Казакстандын түштүк аймактарын Кокон хандыгы каратып алган.18-кылымдын 2-жарымынан Казакстандын Россия менен экономикалык жана саясий мамилелери бекемделген. 1820-жылдардын аягында Бөкөй хан жана Вали каган каза болгондон кийин, Россия Орто жүздөгү хандык бийликти жоюп, 1822-ж. жаңы башкаруу системасын киргизген. М. М. Сперанский иштеп чыккан «Сибирдик кыргыздар жөнүндө устав» боюнча 8 округ түзүлүп, округдар болуштуктарга (волост) бөлүнүп, султандар (Чынгыз-хан тукуму) башкарган. Аларга орус армиясынын офицер наамдары ыйгарылган. 1824-ж. Кичүү жүздө хандык бийлик жоюлуп, анын үчкө бөлүнгөн аймагына да султандар бийлик жүргүзгөн. Россиянын курамына киргенден кийин казак ак сөөктөрүнүн укуктары чектелген. Натыйжада 19-кылымдын 1-жарымында Россия империясына, ошондой эле Кокон бийлигине каршы (1809, 1821) Казакстан аймактарында элдик көтөрүлүштөр болгон. 1840-жылдары султан Кенесары Касымов өзүн хан деп жарыялап, казактарды бириктирип, өзүнчө башкаруу үчүн орустарга каршы күрөшкөн. 19-кылымдын ортосунда Урал жана Волга дарыясынын аралыгындагы аймакта Бөкөй Ордосу түзүлгөн (1876-жылга чейин). 19-кылымдын 2-жарымында Россиянын курамындагы казак жерлерине кокондуктар менен хивалыктар кол салып турган. Алардан коргонуу үчүн Сыр-Дарыя, Иргиз жана Торгой дарыясынын жээктерин чыңдашкан. 1853-ж. орустар кокондуктардын Ак-Мечит (кийин Перовск, азыркы Кызыл-Ордо) чебин басып алган. Ак-Мечит чеби аркылуу орустар аскерин Казакстандын түштүк аймактарына жиберүүгө ыңгайлуу шарт түзүлгөн. 1846-ж. Иле дарыясына чейинки Жети-Суунун бир бөлүгү Россия империясынын курамына кирген. 1854-ж. Верный чеби курулуп, Батыш Сибирден Жети-Сууга көптөгөн орус дыйкандары менен казактар көчүп келе баштаган. Улуу жүздүн аймагына Россиянын таасирин төмөндөтүүгө Кокон хандыгы көп аракеттенген. 1860-ж. Кокон аскерлери орустардан жеңилип, Россия империясы толугу менен Жети-Суунун аймагын өзүнө караткан. Падышалык өкмөт административдик башкаруу реформасын жүргүзгөн. Үч жүз тең жоюлган. 1867-ж. Жети-Суу жана СырДарыя облусу түзүлүп, Түркстан генерал-губернаторлугуна караган. 1868-ж. Урал жана Торгой облусу Оренбург генерал-губернаторлугунун, Акмоломенен Семипалатинск облусу Батыш-Сибирь генералгубернаторлугунун курамына кирген. Облус уездге, уезд болуштукка, болуштук айылга (100- 200 түтүн) бөлүнгөн. Жердин баары мамлекеттештирилип, облустарда россиялык мыйзамдар боюнча иш жүргүзгөн соттор, бий соттору негпзделген. 19-кылымдын 2-жарымынан Казакстандын чарбасына орус дыйкандарынын чарбасы (жер иштетүү ж. б.) таасирин тийгизген. Верный, Семппалатинск сыяктуу шаарлар көбөйө баштаган. Транссибирь магистралы жана Оренбург-Ташкент темир жол (1901-05) курулган. 20-кылымдын башында нефть алуу өнүгө баштаган. Россия губернияларында жер тартыш болгондуктан, падышалык өкмөт Столыпиндик агрардык реформа боюнча орус дыйкандарын Чыгышты көздөй көчүргөн. Натыйжада Акмоло, Торгой, Урал жана Семипалатинск облусуна 1906-12-жылдары 438 миңден ашык дыйкан көчүп келген. Социалдык жана колонпялык эзүү казак элинин нааразылыгын туудурган. 18-19-кылымдарда С. Датовдун, И. Таймановдун жана М. Өтөмисевдин жетекчилиги менен козголоңдор чыккан. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде салыктын көбөйүшү, элдин экономикалык абалынын начарлашы жана казактардын тылдагы жумуштарга алынышынын натыйжасында падышалык бийликке каршы элдин нааразылыгынын күч алышынан улам чыккан дыйкандар козголоңу улуттук-боштондук көтөрүлүшкө (1916) айланган. Көтөрүлүш басылып, ага катышкандардын көбү атылып, сүргүнгө айдалып, калгандары Кытайга качкан. Февраль революциясынан (1917) кпйин Казакстанда кош бийлик [Убактылуу өкмөт (Ташкенттеги Түркстан комитети, облусу, уезддик комитеттер, шаарларда жана болуштуктарда комиссариаттар) жана Советтер (эсерлер, меньшевиктер, большевиктер)] өкүм сүргөн. 1917-ж. июнда А. Бөкейханов жетектеген казактардын улуттук «Алаш» партиясы, декабрда «Алаш Ордо» өкмөтү түзүлгөн. Бул өкмөт улуттук автономия түзүү максатында Совет бийлигине каршы күрөшүп, жарандык согушта ак гвардиячыларды (Колчак), ак казактарды (Дутов), падышалык генералдарды колдогон. К-дын көп бөлүгүн ак гвардиячылар басып алган. Ак гвардиячылардын тылында жашыруун большевиктик уюмдар жетектеген партизандык кыймыл кеңири кулач жайган. Оренбург, Жети-Суу, Урал фронттору түзүлгөн. Казакстанда Совет бийлиги 1917-ж. ноябрь 1918-ж. март аралыгында орногон. Бирок 1918-ж. жайында түндүк-чыгышы жана батышы ак гвардпячылардын колунда калган. Ал аймактар 1919-жылдын 2-жарымында 1920-жылдын башында М. В. Фрунзе жетектеген Кызыл Армиянын бөлүктөрү тарабынан толук бошотулуп, -дын бүт аймагында Совет бийлиги орногон. РСФСР ББАК жана ЭКСтин 1920-ж. 26-августтагы декрети боюнча РСФСРдин карамагына кирген Кыргыз АССРи (борбору Оренбург) түзүлгөн. Кыргыз АССРинин курамына Акмоло, Семппалатинск, Урал, Торгой облусу, ошондой эле Закаспий облнун бир бөлүгү жана Астрахань губерниясы кпрген. 1921-22-жылдар жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын негизинде Россиядан көчүп келген орус дыйкандарынын мурда казактардан тартып алган жерлеринин көбү кайра жергиликтүү элге кайтарылган. 1924-25-жылдары Орто Азияда улуттук-мамлекеттик бөлүнүү башталып, Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облусунун түндүк аймактары Кыргыз АССРинин курамына кирген. 1925-ж. апрелде Казак АССРи деп аталып, борбору Оренбургдан Кызыл-Ордо шаарына көчүрүлгөн. 1926-29-жылдары казак айылдарында «советтештирүү» саясаты жүргүзүлүп, өлкөдө агартуу иши өнүгө баштаган. 1929-ж. Казакстандын борбору Алма-Ата шаары болуп калган. 1936-ж. Казак АССРи Казак ССРине айланган. 1941-жылдары индустриялаштыруу мезгилинде Казакстанда 200дөй ири өнөр-жай ишканалары (анын ичинде Чымкент коргошун ишканасы, Балкаш жез эритүү заводу, Караганды көмүр базасы, Түрксиб темир жол ж. б.) курулган. 1937-ж. коллективдештирүү саясатынын жүргүзүлүшү менен дыйкан чарбасынын 97,5%и колхоздорго кирген. Бирок айыл-чарбасындагы социалдык өзгөрүүлөр дыйкандар менен малчыларга чоң зыян алып келген. Малдын саны азайып, ачкачылык башталып, казактардын көбү Кыргызстанга, Кытайга ж. б. көчүп кетишкен. Натыйжада 1931-33-ж. Казакстандын калкы 1,8 млнго кыскарган. 1920-30-жылдары Казакстанда илим тез өнүгүп, жогорку окуу жайлар, илимий мекемелер ачылган. 1932-ж. СССР Илимдер Академиясынын Казакстандагы базасы уюштурулуп, айрым илимдер боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, улуттук илимпоздорду даярдаган. Ал база 1938-ж. СССР Илимдер Академиясынын филиалына айланып, Казакстандан көрүнүктүү окумуштуулар чыга баштаган: геолог К. И. Сатпаев, тилчи Н. Т. Сауранбаев, укук таануучу С. В. Юшков, микробиолог И. Г. Галузо, астрофизик Г. А. Тихов, химик А. Б. Бектуров, жазуучу М. Ауэзов, музыкант А. К. Жубанов ж. б. 1945-ж. Казак ССР Илимдер Академиясы (туңгуч президенти К. И. Сатпаев) ачылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында К. өлкөнүн күчтүү согуштук арсеналына айланган. Мында эвакуацияланган 140тан ашык ишкана жайгаштырылып, иштей баштаган. Казакстан коло, молибден, коргошун, көмүр, эт, булгаары, жүн ж. б. родукцияларды берүү боюнча союздук республикалардын ичинен биринчи орунда турган. Улуу Ата Мекендик согушка Казакстандан 100 миң адам жөнөп, а. и. 512 жоокер Сов. Союз. Баатыры (төртөө эки жолу), 60 миңден ашык жоокер орден жана медалдар менен сыйланган. Согуш жылдарында Казакстанга Волга боюндагы немистер, крым татарлары, ингуштар, балкарлар, карачайлар, калмактар, чечендер (1937-38-ж. корейлер, ирандыктар, курддар) депортацияланган. 1957-ж. чечен, ингуш, балкар, карачай жана калмактар реабилитацияланып, кайра өз мекендерине кайтууга уруксат берилген. Казакстандын аймагы (Семипалатинск ядролук полигону) ядролук сыноолорду жүргүзүүгө ыңгайлуу болгондуктан, согуштан кийин Борбордук Казакстанда Байкоңур космодрому курулган. 1954-ж. СССР жетекчилигинин дың жерлерди өздөштүрүү жөнүндө кабыл алган чечиминин негизинде 1956-ж. Түндүк Казакстандагы көптөгөн дың жерлер иштетилип, дан өсүмдүктөрү көп түшүм берген, бирок кийин табигый себептерден дың жерлер түшүм бербей, 1960-жылдары жер иштетүү абдан начар абалга келген. 1960-62-, 1964-86-ж. Казакстан КП БКны Д. А. Кунаев жетектеген. 1980-жылдары советтик коомдун терс жактары бюрократизм, паракорчулук көбөйүп, элдин нааразычылыгына алып келген, ошондой эле казактардын Улуу, Орто, Кичүү жүздөргө бөлүнүшү улуттар аралык мамилени начарлаткан. 1986-ж. кайра куруу саясатынын башталышында улуттар ортосунда тирешүүлөр күч алган. Казакстандын жергиликтүү калкынын кызыкчылыктарын эске албай, Д. А. Кунаевди кызматтан алып, ордуна Г. В. Колбиндин коюлушу 1986-ж. 17-18-декабрда Алматы шаарында казак жаштарынын демилгеси менен чыккан Желтоксан (Декабрь) окуясына алып келген. 1980-жылдардын 2-жарымынан Казакстанда коммунисттик партиянын кадыр-баркы төмөндөп, коомдо ар кандай кыймылдар (мисалы, Семипалатинск полигонундагы ядролук сыноолорго каршы экологиялык кыймыл) күч ала баштаган. 1989-ж. Казакстан КП БКнын 1-секретары болуп Н. Назарбаев дайындалган. 1990-ж. апрель айында Казак ССР Жогорку Советинин депутаттары Н. Назарбаевди президент кылып шайлаган. СССР кулагандан кийин 1991-ж. 16-декабрда мамлекеттин эгемендүүлүгү жарыяланып, Казакстан Республикасы деп аталды. 1993-ж. январда өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынган. Казакстан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (1991), Бириккен Улуттар Уюму (1992), Европа Коопсуздугу боюнча кызматташтык уюму (1992), Шанхай кызматташтык уюму (2001), Бажы союзунун (2010) мүчөсү. Экономикалык реформалар жүргүзүлүп, улуттук валюта теңге киргизилген. 1994-ж. 50 ири мамлекеттик ишкана менчиктештирилген. 1998-ж. октябрда Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, Казакстандын президенттик ыйгарым укугу 7 жылга узартылган. 1999-ж., 2006-ж. бүткүл элдик референдумда Н. Назарбаев Казакстандын президенти болуп кайрадан шайланып, президенттик ыйгарым укугу узартылган. Казакстанда ири партиялардын бири президенттик «Нур Отан» болуп саналат. 1990-жылдардын 2-жарымынан Казакстандын экономикасы капиталисттик жол менен өнүгүүдө. 1995-96-жылдары Казакстандын батыш аймактарындагы мунай чыккан жерлерди иштетүү жана Кара деңизге нефть куурун куруу боюнча Россия, Оман ж. б. эл аралык мунай иштетүүчү компаниялар менен келишимдерди түзгөн. АКШ, Кытай, Европа Союзу, Көз карандысыз мамлекеттердин мамлекеттери менен соода-экономикалык жана саясий байланыштарын өнүктүрүүдө. Казакстандын негизги өнөктөрүнүн бири Кыргызстан менен дипломатиялык мамилелер 1992-ж. түзүлгөн. Эки мамлекеттин ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүү боюнча 150дөн ашык документке кол коюлган. Алардын ичинен эң негизгилери Достук (8. 4. 1997) жана Союздук (25. 12. 2003) болуп саналат. Товар жүгүртүү 2009-жылга карата 387,4 млн долларды түзгөн. 1998-жылдан өлкөнүн борбору Астана шаары.

Чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Казакстан өтмө экономикалык деңгээлдеги өлкөлөрдүн тобуна кирген, чарба жүргүзүүдө рыноктук мамиленин негизинде өнүккөн өлкө. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 143,4 млрд доллар (2006); аны киши башына бөлүштүргөндө 9,4 доллардан туура келет. Экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү отун-энергетикалык жана минералдык сырьё ресурстары, ири өнөр-жай потенциалы жана агрардык өндүрүшү. Нефть казып алуудан жана аны экспорттоодон түшкөн киреше бюджеттин негизги булагы болуп саналат. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 54,2% , өнөр жайныкы 31,4% , курулуштуку 7,7%, айыл, токой жана балык чарбаларыныкы 6,7%. Мамлекеттик сектордогу ишканалардын ИДПдеги үлүшү 20% .

Өнөр жайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Өнөр жайынын башкы тармагы тоо-кен казып алуу (2006-ж. өнөр-жай продукциясынын жалпы наркынын 60%ке жакынын түзгөн, анын 9/10унан ашыгы нефть, газ конденсаты). Өнөр-жай продукциясынын наркынын 37%и иштеп чыгаруу өнөр жайына, 3%и электр-энергетика, суу жана жылуулук менен камсыз кылууга туура келет. Иштеп чыгаруу өнөр жайынын эң маанилүү тармактары: кара жана түстүү металлургия (продукциянын наркынын 39,6%и; 2006), тамак-аш өнөр-жай (25,0%), машина куруу (9,7%), кокс, нефть продуктулары, ядролук материалдар өндүрүштөрү (9,0%). Энергияны пайдалануу структурасында 52% ти көмүр (таш жана күрөң көмүр), 25%ти табигый газ, 19%и нефть, 4%ти суу энергиясы түзөт. 2006-ж. 64,8 млн т нефть жана газ конденсаты өндүрүлгөн. Нефть негизинен республиканын батыш бөлүгүнөн (Маңгыстоо, Атрау, Батыш Казакстан, Ак-Төбө облусу), ошондой эле түштүктө Кызыл-Ордо облусунан казылып алынат. Казылып алынган нефтинин 90% ке жакыны экспорттолот. Экспорттолчу нефтинин 3/4ү нефть куурлары аркылуу ташылат; анын 43%и Атрау – Новороссийск (узундугу 1510 км), 27%и Атрау – Самара нефть трубаларына туура келет. Ата-Суу (Караганды облусу) Алашань (Кытай) нефть трубаларынын экспорттук мааниси жогорулоодо. Экспорттук нефтинин 17%ке жакыны Атырау, Ак-Тоо деңиз порттору жана Курык бухтасындагы (Маңгыстоо облусу) терминал аркылуу жөнөтүлөт. Нефть ошондой эле темир жол транспорту аркылуу да (негизинен Кытайга) ташылат. Казак нефтисин негизинен Европа өлкөлөрү алат. 2006-ж. 12 млн тга жакын нефть ылганган. Үч нефть ылгоочу заводу (Атрау, Павлодар, Чымкент шаарында) иштейт; жылына 2,5 млн т бензин, 3,7 млн т дизель майын, 3,5 млн т мазут чыгарат. Өлкө 2006-ж. 27 млрд м3 газ өндүргөн. Казакстан табигый газ боюнча нетто-импортер, ал газга болгон муктаждыгынын 1/4 бөлүгүн Россия, Өзбекстан жана Түркмөнстандан алат. Газдын көбү Батыш Казакстандан казылып алынат; табигый жана нефть менен кошо алынган күйүүчү газ ошондой эле Атырау, Маңгыстоо, Ак-Төбө облусунан өндүрүлөт. Жылдык жалпы кубаттуулугу 8 млрд м3 болгон нефть ылгоочу 4 завод иштейт; алар Жаңы-Өзөн, Теңгиз, Жаңы-Жол, Карачаганак шаарында жайгашкан. Өткөрүмдүүлүгү жылына 150 млрд м3 болгон магистралдык газ трубалар системасы, жер алдындагы газ сактоочу 3 жай (жалпы сыйымдуулугу 4 млрд м3) иштейт. Казакстандын аймагы аркылуу Өзбекстандан, Россиядан транзиттик магистралдык газ куурлары (Орто Азия Борбор жана Бухара Урал) өтөт. 2007-ж. Россиянын, Казакстандын жана Түркмөнстандын өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн келишим боюнча Түркмөнстандын газы Казакстандын аймагы аркылуу Россияга жана Европа өлкөлөрүнө берилмекчи. 2006-ж. 94,3 млн т көмүр казылып алынып, 23-24 млн т экспорттолгон (негизинен Россияга). Казылып жаткан негизги кендери: Караганды, Экибастуз көмүр бассейндери, Шубаркол, Борлы (Караганды облусунда), Каражыра (Чыгыш Казакстан облусунда) таш көмүр кендери; күрөң көмүр Павлодар облусундагы Майкүбө бассейнинен казылып алынат. Жалпы казылып алынган көмүрдүн 2/3си Павлодар, 1/3и Караганды облусуна туура келет. Электр станциялардын аныкталган кубаттуулугу 18,3 миң МВт (2006). 2006-ж. 71,7 млрд кВт-саат электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 85%и ЖЭСке таандык. Ири ЖЭСтери: Экибастуз 1 (4000 МВт) жана 2 (1000 МВт), Ак-Суу (2400 МВт), Жамбыл (1200 МВт) ж. б. ГЭСтери: Иртыш дарыясындагы ГЭС каскады Шульба (702 МВт), Буктурма (675 МВт), Усть-Каменогорск (334 МВт); Иле дарыясындагы Капчыгай ГЭСи (434 МВт), Сыр-Дарыядагы Чардара ГЭСи (100 МВт). Ак-Тоо шаарында АЭС курулууда (2009). Темир (2005-ж. 19,5 млн т казылып алынган; 3 тоо-кен комбинатында Соколов-Сарбай, Лисаковский, Каражалда байытылат), хром (3,6 млн т Ак-Төбө облусу), марганец (2,2 млн т Караганды облусу) кен таштары казылып алынат. 2005-ж. 3,6 млн т чоюн, 4,6 млн т болот, 3,3 млн т кара металл прокаты, 1,5 млн т темир куймасы өндүрүлгөн. Түстүү металлургия өлкөнүн экономикасынын маанилүү экспорттук тармагы. 2005-ж. 34 млн т жез кен ташы казылып алынган, 418 миң т чакмакталган жез өндүрүлгөн. 2005-ж. 6,6 млн т коргошун-цинк кен ташы казылып алынып, 135,4 миң т коргошун, 357,1 миң т цинк өндүрүлгөн. Коргошун жана цинк кендеринен ошондой эле 20дан ашык түрдүү компоненттер, анын ичинде алтын, күмүш, жез, сымап, кадмий, сейрек металлдар (теллур ж. б.) бөлүп алынат. 2005-ж. 9,8 миң т алтын (өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндөгү алтын кендерин кошкондо), 812,1 миң т күмүш (негизинен полиметалл жана жез кен таштарын кайра иштетүүдөн) байытылып алынган. 4,8 млн т боксит казылып алынган (2005); Павлодар алюминий заводунда глинозём өндүрүлөт. Казакстанда титан рудасынын запасы мол (2006-ж. 25 миң т титан концентраты өндүрүлгөн). Уран рудасын казып алуу боюнча (2007-ж. 6637 т ) Казакстан Канада жана Австралиядан кийинки 3-орунда.

Өнөр жайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Машина куруу өнөр-жай ички рынокко ылайыкташкан. Алардын көбү чет өлкөлүк ишканалар менен шериктеш иштейт. Машина куруунун башкы тармактарынын бири нефть-газ өнөр-жай үчүн жабдууларды жана куур транспортун чыгарууга ылайыкташкан. Заводдору: «Казнефтегазмаш» (Петропавловск), арматура (Усть-Каменогорск), металл-прокат (Атырау), айнек-була, «Каскор Машзавод» (Ак-Тоо), насос-компрессор трубасы (Жаңы-Өзөн), нефть-газ жабдуулары (Уральск, Алматы, Ак-Төбө), оор машиналарын куруу (Семипалатинск, Алматы). «Азия-Авто» заводу (Усть-Каменогорск) «ВАЗ», «Skoda», «Chevrolet» жеңил автомобилдерин чогултат; Семипалатинск автомобиль жыйноочу заводу кореялык «Daewoo» жана россиялык «ПАЗ» автобустарын чыгарат. Астана жана Алматы шаарында вагон ремонттоочу жана жыйноочу заводдору иштейт; локомотив куруучу завод курулууда (2008). «Беларусь» тракторун жыйноочу (Павлодарда), дизелдик кыймылдаткыч жана айыл чарба машиналарын чыгаруучу, эгин жыйнагыч «Енисей» комбайнын чогултуучу заводдор (Костанай) иштейт. Электр-техникалык жана электрондук өнөр-жай телевизор, кир жуугуч машина, конденсатор, аккумулятор батереясын, трансформатор, прибор куруу заводдору рентген аппаратура (Ак-Төбө), көзөмөлдөп-ченөөчү приборлор (Көкчө-Тоо) чыгарат. Курулуш техникалары (кран, грейфер; Павлодар), подшипник (Ак-Моло облусу) даярдайт. Химия өнөр жайынан Тараз шаарындагы ири «Казфосфат» заводу Кара-Тоо, Чилисай фосфорит кендерин пайдаланып, фосфор жер семирткичин чыгарат. 2007-ж. 4,6 млн т цемент даярдалган. Жеңил өнөр-жай продукциясы 1991-2005-ж. 15 эсеге кыскарган; кездеме чыгаруу (2005-ж. 35,5 млн м3) 1980-жылдарга салыштырмалуу 8 эсе, бут кийим 28 эсе азайган. Түштүк Казакстан облусунда пахта тазалоочу заводдор иштейт. Ийрилген жип жана кездеме чыгаруучу башкы компаниялар: «Нимэкс» (негизги ишканасы Усть-Каменогорск текстиль фабрикасы), «Resmi» (Алматы кебез кездеме комбинаты). Семипалатинск, Петропавловск, Тараз, Рудный шаарында тери жана жүн иштетилет. Кийим тигүүчү жана булгаары (Алматы), бут кийим чыгаруучу (Костанай ж. б.) ишканалар иштейт.

Айыл чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Айыл чарба өндүрүшү Казакстандын азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 80% ин камсыз кылат. Айыл чарбага жарактуу жеринин аянты 222,6 млн га, анын11,4 млн гасы же өлкөнүн аянтынын 42%тен ашыгы пайдаланылат (2007). Айдоо жеринин аянты 24 млн га (1991-ж. 35,3 млн га болгон), чөп чабындысы 5 млн га, табигый тоют өсүмдүктүү аймагы 86 млн га чамасында (2007). Сугат жеринин аянты 2,6 млн га (2006). Жерди пайдалануу структурасында а. ч. ишканалары (мурдагы колхоз, совхоздор) басымдуу, алардын үлүшүнө айыл-чарбасында пайдаланылган жердин 1/3инен ашыгы, дыйкан (фермер) чарбаларына 1/2и туура келет. Элдин жеке менчик көмөкчү чарбаларындагы жердин аянты салыштырмалуу туруктуу, 0,3%тен азыраак же 308 миң га (2007). Агрардык продукциянын 1/2и жеке менчик көмөкчү чарбаларда өндүрүлөт. Эгин өстүрүүчүлүктүн башкы тармагы дан чарбасы (айдоо аянты 18,0 млн га). 2007-ж. 20,1 млн т дан жыйналган, аны киши башына бөлүштүргөндө 1300 кг дан ашык туура келет. Дан эгиндеринин басымдуу бөлүгү өлкөнүн түндүк бөлүгүндө (Акмоло, Костанай, Түндүк Казакстан облусунда). Негизги дан эгини жаздык буудай. Бардык жеринде арпа, өлкөнүн түштүк бөлүгүндө күздүк буудай жана жүгөрү, чыгышында сулу, кара буудай, түндүгүндө жана чыгышында кара күрүч өстүрүлөт. Кызыл-Ордо, Алматы облусунда күрүч эгилет. Казакстан дан экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт; жыл сайын түшүмдүн 1/2и (дан жана анын продукциялары) чет өлкөлөргө (1/2и КМШ, калганы Европа, Азия өлкөлөрүнө) жөнөтүлөт. Техникалык өсүмдүктөрдөн пахта (Түштүк Казакстан облусунда; 2007-ж. 455 миң т жыйналган), кант кызылча (Алматы, Жамбыл облусунда; 400 миң т), күн карама (Чыгыш Казакстан ж. б. облустарда; 280 миң т), ошондой эле рапс, соя, картөшкө, жашылча, бакча, мөмө-жемиш бактары, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. 2007-ж. 5,9 млн кара мал, 1,4 млн чочко, 16,2 млн кой-эчки, 1,3 млн жылкы, 145 миң төө (негизинен жарым чөлдүү аймактарда) асыралат. Алтай тоолорунун этектеринде марал чарбасы, аарычылык, түштүгүндө жибекчилик өнүккөн.

Тейлөө чөйрөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Тейлөө чөйрөсү экономиканын тез өнүгүп жаткан сектору. Анын маанилүү тармактары: дүң жана чекене соода, социалдык чөйрөдөгү тейлөө (билим берүү жана саламаттыкты сактоо кошо), мамлекеттик башкаруу, кыймылсыз мүлккө байланыштуу (турак жай-коммуналык жактан тейлөө кошо) тейлөө, рекреациялык жактан тейлөө. Банк-кредиттик система жана камсыздандыруу чөйрөсүн тейлөө, информ. инфраструктура, телекоммуникация жана байланыш чөйрөлөрү өнүгүүдө.

Транспорт жолдору[оңдоо | булагын оңдоо]

Темир жолунун жалпы узундугу 13,7 миң км, анын 3,7 миң кмден ашыгы электрлештирилген (2006). Меридиан багытындагы негизги темир жолдору: Оренбург – Ташкен, Петропавловск – Караганды – Чу, Семипалатинск – Алматы; субкеңдик багытында созулган магистралдары: Транссибирь (Петропавловск аркылуу), Ортоңку Сибирь (Челябинск – Костанай – Көкчө-Тоо – Карасук), Түштүк Сибирь (Карталы – Астана м Кулунду – Барнаул), Түштүк Казакстан (Алматы – Чу – Луговой – Тараз – Чымкент – Арыс). Достук – Алашанькоу (Кытай). Кытайды Закавказье өлкөлөрү жана Түркия менен (Каспийде паром аркылуу) байланыштырган Трансказакстан темир жол магистралы курулууда (2008). Автомобиль жолунун узундугу 90,0 миң км (2004); анын жыштыгы: 1000 км2 жерге 33 км жол туура келет. Труба транспортунун мааниси өсүүдө. Магистралдык трубалардын жалпы узундугу 23,1 миң км (2006); анын ичинде газ трубалары 11,0 миң км, нефть трубалары 10,3 миң км, продукт трубалары 1,1 миң км, газ конденсатын ташуучу трубалар 658 км. Нефтини Каспий деңизи аркылуу ташуу үчүн атайын кеме флоту түзүлгөн. Ак-Тоо – Баку (Азербайжан), Ак-Тоо – Оля (Россия) паромдук байланышы бар. Иртыш, Урал, Сыр-Дарыя аркылуу кеме каттайт. Башкы дарыя порттору: Усть-Каменогорск, Павлодар, Семипалатинск. Казакстанда жалпы 67 аэропорт бар. Негизги эл аралык аэропорттору Алматы, Астана, Ак-Тоо, Ак-Төбө шаарында жайгашкан. Байкоңур шаарына жакын самолёттун бардык түрүн кабыл алууга ыңгайлуу «Юбилейный» аэропорту жайгашкан (Байкоңур космодромун тейлейт).

Экспорт жана импорт[оңдоо | булагын оңдоо]

Сырткы соодасынын көлөмү 62,9 млрд доллар (2006), анын ичиндеэкспорту 38,8 млрд доллар, импорту 24,1 млрд доллар. Экспорт наркынын 70%тен ашыгы нефтиге, кара металл прокатына, жезге, темир куймаларына жана дан эгинине (60%и нефтиге) туура келет. Казакстан товарларын (экспорт наркы % менен) негизинен Германияга (12,4), Россияга (11,6), Кытайга (11,0), Италияга (10,5), Францияга (7,5), Румынияга (5,0) сатат. Маанилүү импорттук товарлары: машина куруу өнөр-жайынын продукциялары (машина жана жабдуулар, автомобиль, тиричилик техникасы ж. б.), болот трубалары, химикаттар, жаратылыш газы ж. б. Казакстан бул товарларды негизинен Россиядан (36,4%), Кытайдан (19,3%), Германиядан (7,4%) сатып алат.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Казакстандын билим берүү мекемелерине Илим жана билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүү «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам (2007) менен жөнгө салынат. Казакстандын билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия жана билим берүү, баштапкы, негизги орто, толук орто (жалпы орто, техникалык жана кесиптик), ортодон кийинки, жогорку, Жогорку окуу жайларынан кийинки билим берүүнү камтыйт. Мектепке чейинки мекемелерде (ясли, бала бакча, мини-борборлор ж. б.) 1ден 5 жашка чейинки балдар тарбияланат. Жалпы орто билим берүү (мектеп, гимназия, лицей, тармактык мектептер) 6 жаштан башталып, үч баскычтан турат: башталгыч (4 жыл), негизги орто (5-10-класс), толук орто (10-12-класс) билим берүү. Техникалык жана кесиптик билим берүү (кесиптик лицей, орто окуу жай, коллеж жана жогорку техникалык мектептерде) негизги жана толук орто мектептин базасында ишке ашат, окуу мөөнөтү 2-3 жыл. Кесиптик орто билим деңгээлинде (коллежге) толук орто мектептин базасында кабыл алынып, бүткөндөн кийин кыскартылган программа боюнча жогорку билимге ээ боло алат, окуу мөөнөтү 1-2 жыл. Казакстанда 176 Жогорку окуу жайлары (университет, академия, институт, ошондой эле консерватория, жогорку мектеп, орто окуу жайлар) бар, анда 770 миңдей студент билим алат (2007). Белгилүү окуу жайлары: Алматыдагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети (1928), С. Д. Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университети (1931), аль Фараби атындагы Казак улуттук университети (1934), Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясы (1944), Л. Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети (1996), Е. А. Букетов атындагы Караганды мамлекеттик университети (1938) ж. б. Башкы илимий борбору Казакстан улуттук Илимдер Академиясы (1946). 40тан ашуун Илимий изилдөө институттарын камтыйт. Илимий изилдөөнү ошондой эле Курчатовдогу улуттук ядролук борбор (1992), Алматыдагы Ы. Алтынсарин атындагы Билим берүү академиясы (1998) ж. б. жүргүзөт. Казакстанда 3,7 миң китепкана жана 150дөй музей иштейт. Казакстанда 1,8 миңден ашык басма жана электрондук ММК иштейт (2007). Эң көп нускалуу гезиттерге: «Егемендүү Казакстан» (1919), «Казакстан правдасы» (1920), «Панорама», «Деловая неделя» ж. б., көп тираждуу журналдарга «Континент», «Мир Евразии» ж. б. кирет. ММКнын көбү мамлекетке карайт. Казакстанда радио уктуруулар 1923жылдан иштейт. 21-к-дын башында борбордукжана региондук 80ден ашык радиостанция иш алып барган. Радио уктуруулар казак, орус, немис, корей жана уйгур тилдеринде жүзөгө ашат. 1958-жылдан телекөрсөтүүлөр иштеп, казак жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. 1996-жылдан Казакстанда жаңы типтеги спутник байланыш станциясы курулган. 2006-ж. 18 телекөрсөтүү станциясы иштеген. Негизги телерадио компаниясы «Хабар» (1995-жылдан), ошондой эле «Казахстан» ж. б. Мамлекеттик маалымат агенттиги Казак маалымат агенттиги (КАЗИНФОРМ, 1920-ж. негизделген). Казакстандын адабияты казак жана орус тилинде өнүккөн. Казак эли байыртадан оозеки-поэзиялык чыгармаларга бай. Алгачкы жазма чыгармасы Кадырали-бий Жалаирдин казак хандарынын генеологиясы жөнүндө жазган «Жылнаамалар жыйнагы» (17-кылымдын башы). Азыркы казак адабияты 19-кылымда калыптана баштаган. Бул учурда элдик поэзия оозекиден жазуу түрүнө өткөн (Д. Бабатайулы). 1870-ж. казак тилинде алгачкы гезит, 1911-ж. «Айкап» журналы жарык көргөн. 1912-ж. Семипалатинскиде алгачкы басмакана пайда болуп, казак тилинде китептер чыккан. Жаңы казак адабияты көптөгөн жанрларды, котормолорду жараткан Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгынан башталат. 20-кылымдын 1-жарымында казак совет адабиятын баштоочулар: А. Байтурсынов, Ш. Кудайбердиев, М. Жумабаев, Ж. Аймаутов, С. Сейфуллин, Б. Майлин, фольклордук салтты улантуучу, акын Жамбыл Жабаев ж. б. 1920-30-ж. драматургия, прозалык жанрлар повесттер, романдар ж. б. өнүккөн. 1950-60-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуш, 20-кылымдагы тарыхый окуялар жөнүндө чыгармалар (Б. Момуш уулу, «Бир түндүн тарыхы», 1954; «Аркабызда Москва», 1959; Г. Мусрепов, «Казакстандык солдат», 1949; А. Нурпеисов, «Кан жана тер», 1961-70) жазылган. Совет казак адабиятынын туу чокусу М. Ауэзовдун чыгармачылыгы болду («Абай жолу» роман-эпопеясы, 1-4-бөлүк, 1942-56, повесттери). С. Муканов, А. Алимжанов, О. Сүлейменов, М. Шаханов, К. Мухамеджанов ж. б. акын-жазуучулар казак адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошушту. Казакстан аймагындагы бизге чейин жеткен петроглифтер, карапа, коло жасалгалары ж. б. неолит жана коло дооруна таандык. Каргалы кенинен (б. з. ч. 2-б. з. 2-кылым) табылган усундарга тиешелүү алтын таажы «айбанат стилинде» жасалган. Түрк, түргөш, карлук кагандыктарынын тушунда (8-10-кылымдар) Казакстан аймагында Исфижаб (11-кылымдан Сайрам), Тараз, Отрар шаары өнүгүп, чептер, шаарчалар курулган. Караханиддердин мезгилинде Түштүк Казакстанда шаарлар көбөйгөн. Ислам дининин жайылышы менен мечиттер, кербен сарайлар, медреселер салынган (Бабажы катын, 10-11-кылымдар, Айшабүбү, 11-12-кылымдар, Байтак, 13-кылымдын 1-жарымы). Моңгол жортуулдарынан көптөгөн шаарлар кыйраган. 13-кылымдын 2-жарымынан жаңы шаарлар (1370-ж. Ак Ордонун борбору Сыгнак, Тараз, Сайрам) өсө баштаган. Экономикасы жана маданияты көтөрүлүп, монументтик курулуштар (азыр Карагандыдагы Алача хандын комплекстүү музейинин имараты) тургузулган. 14-кылымдын аягында Ясы шаарында (азыркы Түркстан шаары) Хожа Ахмед Яссавинин күмбөз комплекси салынган. 1920-жылдары жаңы үлгүдөгү архитектуралык курулуштар, (Кызыл-Ордо, Чымкент, Караганды, Алматы ж. б. шаарлар) пайда болгон. 1990-жылдары К-да учурдун талабына ылайык шаардык курулуштар жаңыланып, азыркы архитектуранын эң сонун үлгүлөрү [Казакстандын жаңы борбору Астана (япон архитектуу К. Курокаванын генералдык планы боюнча), жаңы монументтер Алматыдагы «Көз каранды эместик» (1996, арх. Ш. Валиханов), Астанадагы «Астана-Байтерек» (2002, долбоордун идеясы Н. Назарбаевдики), «Элдердин достугу» (2003, скульптор С. Нарынов)] пайда болду. 19-кылымда орус сүрөтчүлөрү В. В. Верещагин, Т. Г. Шевченко, Н. Г. Хлудовдун, ошондой эле Ч. Валихановдун казак элинин турмушун чагылдырып тарткан сүрөттөрү белгилүү болгон. Совет доорунда көркөм сүрөт өнөрү негизинен живопись (X. Хожиков, С. И. Калмыков, А. Кастеев, У. Ажиев, А. Жусупов ж. б.), графика (Г. А. Брылов, И. И. Савельев ж. б.), скульптура (А. А. Исаев, Я. К. Кусич, X. Наурзбаев ж. б.) ийгиликтүү өнүккөн. Казакстан музыкалык маданияты казак, орус, өзбек, украин ж. б. элдердин салттарын бириктирген. Калк арасында акындардын айтыштары бөтөнчө кадыр-баркка ээ. Казакта лирикалык обондуу ырлар, ошондой эле күүлөр өзгөчө өнүккөн. Элдик аспаптары: домбура, кобыз (кыяк), сыбызгы, добулбас, 19-кылымдын аягынан сурнай таркаган. Казак оозеки музыкалык өнөрүнө Абай Кунанбаев, Мухит Мералиев, Биржан Кожагулов, Курмангазы Сагырбаев, Дина Нурпеисова ж. б. чоң салым кошкон. 20-кылымдын 20-жылдарында казактын улуттук музыкалык маданияты жаңыча өнүгүү жолуна түштү. Ал өзүнүн калыптануу жана өсүү жолунда элдик музыканын салттарына, орус жана чет өлкөлөрдүн классикасына, музыкалык тажрыйбаларга таянды. Казак музыкасын изилдөө колго алынып, биринчи жолу А. В. Затаевич казак эл ырлар жыйнагын түздү. 1934-ж. Казак эл аспаптар мамлекеттик оркестри, 1935-ж. Жамбул атындагы Казакстан мамлекеттик филармониясы уюшулган. 1933-ж. Алматыда Уйгур музыкалык комедия театры, 1934-ж. Казак музыкалык театры (1937-жылдан К. опера жана балет театры) негизделген. 1934-ж. казактын туңгуч операсы «Кыз-Жибек», 1935-ж. «Жалбыр», 1936-ж. «Ер-Таргын» опералары (үчөө тең Е. Г. Брусиловскийдики) көрүүчүлөргө тартууланган. В. В. Великановдун «Калкаман жана Мамыр» (1938), И. Надировдун «Жаз» (1940) аттуу алгачкы улуттук балеттери пайда болгон. 1939-ж. Казак ССР композиторлор союзу уюшулган. Согуш жылдарында жазылган А. Жубанов жана Л. Хамидинин «Абай» операсы, Е. Брусиловскийдин «Алтын талаа» 3-симфониясы менен казак музыкасынын жаңы этабы башталган. 1944-ж. Алматыда казак консерваториясы (1963-72-ж. Курмангазы атындагы Искусство институту), 1945-ж. Казак ССР Илимдер Академиясында искусство таануу сектору ачылган. Согуштан кийин Е. Брусиловскийдин «Амангелди», М. Төлөбаевдин «Биржан менен Сара», К. Кожомияровдун «Назугум» опералары жана «Чынтемир» балети ж. б. жазылган. В. А. Великановдун «Казак симфониясы», М. Төлөбаевдин «Казакстан» поэмасы, Г. Жубанованын «Жигер» симфониясы ж. б. белгилүү симфониялык чыгармалар жазылган. Эл аспаптар оркестри үчүн жоон топ музыкалык чыгармалар жазылган. Казакстан музыкалык маданиятында кантата-ораториялык жанр жакшы өнүккөн. Калк арасында Ш. Калдаяков, А. Еспаев, Н. Тилендиевдин ырлары зор сүймөнчүлүккө ээ. Казак музыкасын өнүктүрүүдө Е. Г. Брусиловский, В. В. Великанов, С. И. Шабельский, музыка изилдөөчү-этнограф А. В. Затаевич, Д. Д. Мацуцин, дирижёрлор Г. А. Столяров, В. И. Пирадов ж. б. композиторлордун тийгизген таасири чоң. Казак музыка өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү: ырчылар Р. жана М. Абдуллиндер, Р. Багланова, Р. Жаманова, Е. Серкебаев, Б. Төлөгөнова, А. Днишев; пианисттер К. Жантилеуов, Р. Омаров; дирижёрлор Г. Догашев, Ш. Кажыгалиев; музыка таануучулар А. Жубанова, А. Мухамбетова ж. б. К. эгемендүүлүк алгандан кийин «Ак-Орда», «Мурагер», «Форманта-Кюй» ансамблдери, Курмангазы атындагы «Отрар сазы» оркестрлери салттуу музыканы өнүктүрүүдө. Анын спектаклдеринде биринчи жолу К. Байсеитова, К. Жандарбеков, М. Ержанов ж. б. ойношкон. 1998-ж. Алматыда бийчилердин «Самрук» театр-студиясы, 2000-ж. Астанада К. Байсеитова атындагы Улуттук опера жана балет театры түзүлгөн. Бий өнөрүнүн өнүгүшүнө М. Арцибашева, Д. Абиров, Б. Аюханов, М. Ф. Моисеев, З. Райбаев, Р. Байсеитова ж. б. чоң салым кошкон. 19-кылымдын ортосунда Акмолодо (азыркы Астана) театр ышкыбоздору койгон оюндар көрүүчүлөргө тартууланган. 1899-ж. театр имараты салынып, П. С. Фёдоровдун «Коломтодогу жарык» пьесасы коюлган. Кызыл-Ордодо алгачкы казак театры 1926-ж. 13-январда М. Ауэзовдун «Енлик-Кебек» спектакли менен ачылган. 1928-жылдан бул театр Алматыда иштеп, 1961жылдан М. Ауэзов атындагы Казак драм театры деп аталган. Учурда Казакстанда орус, уйгур, немис, корей ж. б. театрлары, обл. борборлордо жана шаарларда казак музыкалык-драмалык, куурчак ж. б. театрлар бар. 1925-ж. Казакстанда «Казак АССРинин беш жылдыгы» (оператор Я. М. Толчан) документ фильм, 1939-ж. алгачкы көркөм фильм «Амангелди» (режиссёр М. С. Левин) тартылган. Казак кино өнөрүнүн белгилүү чыгармалары: «Жамбул» (1953), «Сүйүү жөнүндө поэма» (1954), «Чокон Валиханов» (1958), «Алдар көсөө» (1965), «Аркабызда Москва» (1967), «Транссибирь экспресси» (1978), «Кыз Жибек» (1972), «Кайрат» (1991), «Абай» (1995), «Үч бир тууган» (2000) ж. б. Кино өнөрүн өнүктүрүүдө Ш. Айманов, Э. Уразбаев, А. Нугманов, О. Абишев, М. Беркович, М. Сагымбаев, И. Тынышбаев ж. б. режиссёрлордун эмгеги зор. 1984-ж. «Казакфильм» киностудиясына Ш. К. Аймановдун ысмы ыйгарылган. Казак киночулары менен кыргыз киночуларынын чыгармачылык кызматташтыгы ар тараптуу. Н. Жантурин, Н. Аринбасарова ж. б. казак артисттери кыргыз фильмдерин жаратууга катышкан. Казак жазуучусу М. Ауэзовдун чыгармаларын кыргыз режиссёрлору Б. Шамшиев, («Караш-Караш», 1968, «Кыргызфильм»), Т. Океев («Көк серек», 1973, «Казакфильм» ж. б.) экрандаштырган. Казакстанда элдик куудул-акындар, балбандар, акробаттар болгон. 20-кылымдын башында балбан X. Муңайтбасов менен акробатчы Ш. Кошкарбаевдин өнөрлөрү элдин купулуна толгон. 1919-ж. Верныйда (1921-жылдан Алма-Ата) А. И. Сосин жетектеген цирк коллективи өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулаган. 1970-ж. Казак цирк коллективи түзүлүп, Алматыда (1972), Карагандыда (1983), Астанада (2005) жаңы цирктер ачылган. К-дын белгилүү цирк өнөрпоздору: Ш. Алиев, К. Кунгужинов, К. Чалабаев, гимнасттар Досбатыровдор, клоундор Е. жана М. Жумагалиевдер ж. б.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • [1] Данные ЦРУ (2011)]
  • Cite error: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named .D0.98.D0.94.D0.9F
  • Human Development Report 2013(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). United Nations Development Programme (14 Март (Жалган куран) 2013). Текшерилген күнү 14 Март (Жалган куран) 2013.