Павлодар

Википедия дан
Павлодар (2009).

ПавлодарКазакстандагы шаар (1861-жылдан). Павлодар облусунун административдик борбору. Иртыш дарыясындагы порт. Шаар 1720-ж. негизделген. Калкы 331,1 миң (2012). Темир жол бекети. Нефть ажыратуу, комбайн жана шина, картон-рубероид заводдору, алюминий, кеме куруу жана ремонттоо, тамак-аш (эт, ун комбинаттары, сүт заводу) өнөр-жай ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет (консерва даярдалат). Павлодарга жакын Иртыш – Караганды каналы өтөт. Эки университет, 8 институт, коллеж, китепканалар, драма театры, музейлер (край таануу, көркөм искусство), мечиттер, кафедралуу собор бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]