Павлодар облусу
Көрүнүш
Өлкө |
Казахстан |
---|---|
Калкы |
752793 |
Жыштыгы |
5,99 адам/км² |
Телефон коду |
+7 7182 xx-xx-xx |
Расмий сайты | |
Павлодар областы - Казакстанда 1938-ж. уюшулган. Борбору — Павлодар ш.
Павлодар областы республиканын түн.-чыгыш бөлүгүндө, Иртыш дарыянын ортоңку агымында, токойлуу талаа жана жарым чөл зоналарында жайгашкан. Климаты кескин континенттик, жайы кургак, ысык; июлдун орт. температурасы 20—22°С, январдыкы —17,5...—19,5°С. Жылдык жаан-чачыны 220—305 мм. Ири дарыясы — Иртыш. Иртыш дарыясынан Иртыш — Караганда каналы жана бир йене суу сактатыч, плотиналар курулган.
Областта көл көп, көбү туздуу. Жеринин көпчүлүк бөлүгү айдоого айланган. Жаныбарлары: кемирүүчүлөр, карышкыр, түлкү, торгой, бөдөнө, өрдөк, чил ж. б. Көлдөрүндө балык көп.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
Казакстандын административдик бөлүнүшү | |
---|---|
Облустар | Абай облусу · Акмоло облусу · Актөбө облусу · Алмата облусу · Атырау облусу · Батыш Казакстан облусу · Жамбыл облусу · Жети-Суу облусу · Караганды облусу · Костанай облусу · Кызыл-Ордо облусу · Маңкыштоо облусу · Павлодар облусу · Түндүк Казакстан облусу · Түркстан облусу · Улуу-Тоо облусу · Чыгыш Казакстан облусу |
Республикалык маанидеги шаарлар | Астана · Алмата · Чымкент |
Жоюлган облустар | Жезказган облусу · Көкчө-Тоо облусу · Семей облусу · Талды-Коргон облусу · Торгой облусу |