Кызыл-Ордо облусу

Wikipedia дан
Кызыл-Ордо облусу.

Кызыл-Ордо облусу - Казакстан Республикасында. Облус 1938-ж. 15-январда уюшулган. Аянты 226,0 миң км2 (Казакстандын жеринин 8,3%и). Калкы 607,1 миң (2004). Борбору — Кызыл-Ордо шаары Административдик-аймактык жактан 7 районго, 3 шаарга бөлүнөт. Облустун экол. абалы кийинки жылдары Арал деңизинин тартылышынан, Байкоңур космодромунун таасиринен уулуу заттар абага тарап, начарлоодо. Кызыл-Ордо облусу Сыр-Дарыянын төмөнкү агымында, Арал деңизинин чыгыш жагында, негизинен Туран ойдуңунун чегинде (бийиктиги 50-200 м) жайгашкан. Климаты кескин континенттик жана өтө кургак. Январдын орточо температурасы 13°С, юлдуку 42-44°Сге чейин жетет. Кум 60-70°Ска чейин ысыйт. Жылдык жаан-чачыны 100-115 мм. Облустун аймагында Арал деңизинин түндүк-чыгыш бөлүгү жатат. Ири дарыясы — Сыр-Дарыя. Туздуу көлдөрү көп. Жеринин көп бөлүгүн кум ээлейт. Бир аз шыбак, бетеге, шор өсүмдүктөр, жазында эфемерлер; ойдуңчаларында төө куйрук, буудайык, кум дөбөлөрдө ак сөксөөл, жылгын, шыбак, Сыр-Дарыянын жайылмасында шалбаа өсүмдүктөрү, кээде токой жана бадалдар (тал, жийде), дельтасында жана суу жээктеринде калың камыш өсөт. Кен байлыктарынан аш тузу, сульфат, мирабилит, кварц куму, гипс, алебастр, акиташ теги казылып алынат. Ошондой эле күрөң көмүрдүн, түстүү металлдардын, нефть жана газ кендеринин запасы бар. Тамак-аш (балык, күрүч актоочу, пиво кайнатуу, арак заводдору, эт, сүт, нан комбинаттары, тегирмендер) өнөр жайынын башкы тармагы. «Кызылордокүрүчмаш» АК, курулуш материалдар жана курулуш, Арал туз комбинаттары, бут кийим, токулбаган кездемелер ф-касы бар. айыл чарбага жарактуу жери 10 млн га, андан ичкери 8 млн гасына дан эгиндери айдалат. Сугат жери 215,0 миң га. Облус Казакстанда жыйналган күрүчтүн 80%ин берет. Мал чарбасында негизинен каракөл коюн багуу өнүккөн. Облустун чарбачылыгына, калктын жашоо тиричилигине Арал апааты өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Университеттер, институт, драма театры, филармония жана башка бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]