Мазмунга өтүү

Чыгыш Казакстан облусу

Википедия — ачык энциклопедия
Чыгыш Казакстан облусу
каз. Шығыс Қазақстан облысы / Şyğys Qazaqstan oblysy
Герб
Герб
Өлкө

 Казакстан

Статусу

Облус

Административдик борбор

Үстөмөн

Ири шаары

Үстөмөн, Риддер, Алтай

Негизделген күнү

10-март 1932-жыл

Аким

Сактаганов Нурымбет Аманович

Расмий тили

Казак тили

Калкы (14)

719,4[1] (14-орунда)

Жыштыгы

7,33 адам/км²

Улуттук курамы

казактар 50,96%
орустар 44,22%
немистер 1,39%
татарлар 1,88%
украиндер 0,80%
башкалар улуттар 1,79%[2]

Аянты

97,8 км² (3,59% %, 17- орунда)

Деңиз
денгээлинен бийиктиги
 • Бийик чекити



 4509 м

Тууралыгы

км

Узундук

км

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+05:00

Коду ISO 3166-2

KZ-63

Телефон коду

7 7232

Почта индекси

F******

Интернет-домени

.kz

Автоунаа номурунун коду

F, 16

Расмий сайты
Чыгыш Казакстан облусу Уикиказынада

Чыгыш Казакстан облусу - Казакстан Республикасындагы адм.-айм. бирдик.

Түндүгүнөн Алтай Респ. (РФ), чыгышынан Шинжаң-Уйгур автоном району (Кытай), түштүгүнөн Алматы, батышынан Караганды, түндүк-батышынан Павлодар обл. менен чектешет. Облус 1932-ж. 10-мартта уюшулган. Аянты 283,2 мин км2. Калкы 1,4 млн (2013). Негизинен казактар (56%) жана орустар (40%) жашайт. Ошондой эле башка улут өкүлдөрү да бар. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 4,9 кшыи. Адм. борбору - Үстөмөн ш. Адм.-айм. жактан 15 адм. районго, 10 шаарга бөлүнөт. Ири шаарлары: Үстөмөн, Семей (Семипалатинск). Облус Евразия материгинин борбордук бөлүгүнөн орун алган. Аймагынын көп бөлүгү Алтай тоолорунда (эн бийик жери 4000 мден жогору) жайгашкан.

Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -27...-33°С, июлдуку 3237°С. Жылдык жаан-чачыны 300-600 мм, тоолорунда 900 ммге чейин. Башкы дарыясы - Эртиш. Көлдөрү: Марка-Көл, Зайсан (Буктурма суу сактагычнын курмында). Kapa, күрөң жана боз топурактуу. Тоо этегиндеги ак кылкан, түрдүү чөптүү, талаа-тоолуу талаага, андан жогору орто бийик тоо токоюна (кайын, терек, карагай, кызыл карагай) субальп жана альп шалбаасына өтөт. Облустун башкы өнөр жай тармагы - түстүү металлургия (Кендүү Алтайдагы полиметалл кенинин базасында Үстөмөндөгү коргошун-цинк, Эртиш полиметалл жана жибек кездемелер комбинаттары), өндүрүшү. Машина куруу (конденсатор, прибор куруу заводдору), жыгаччылык, женил, тамак-аш өнөр жай иштейт. Эртиш д-нда Буктурма, Шулба, Үстөмөн ГЭСтери курулган. Айыл чарбасында кайрак эгин айдалат. Сүт-эт жана эт-жүн багытындагы мал, кой, эчки, чочко, жылкы асыралат. Аары чарбасы, балык кармоо, куну чарбасы (тыйын чычкан, булгун, ондатра) өнүккөн. Эртиш д-нда кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]