Маркакөл

Википедия дан

Маркакөл, Маркакуль – Казакстандагы көл. Алтайда. Аянты 449 км2. Узундугу 38 км, тереңдиги 30 м. Тоо аралык өрөөндө, деңиз деңгээлинен 1449 м бийиктикте жайгашкан. Түштүк жээги жардуу, түндүгү ойдуңдуу. Калжыр дарыясы аркылуу Зайсан көлү (Иртыштын алабы) менен туташат. Көлдүн деңгээли 1 мге чейин өзгөрөт. Суусу тузсуз, аз минералдашкан. Ноябрда тоңуп, майда ачылат. Кар-мөңгүдөн куралган бир нече суу куят. Балыкка бай.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]