Караганды облусу
Өлкө | |
---|---|
Административдик борбор | |
Б.ири шаары | |
Калкы |
1 378 288 [1] |
Жыштыгы |
3,1 адам/км² |
Улуттук курамы |
казактар 49,75% |
Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • өрточо бийиктиги | |
Караганды облусу (каз. Қарағанды облысы, Karagandy oblysy) — Казакстандагы административдик-аймактык бирдик. Облус 1932-жылы 10-мартта уюшулган. Аянты 428,0 миң км2. Калкы 1333,6 миң (2004). Облустун курамында 9 район, 11 шаар, 16 шаарча бар. Борбору – Караганды шаары. Област Казак Сары-Аркасынын Борбордук бөлүгүн ээлейт. Негизинен бөксө тоолор менен дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу. Кен байлыктарынан таш көмүр (Караганды көмүр бассейни), темир, корунд, акиташ, отко чыдамдуу чопо, курулуш материалдары жана башка бар. Климаты кескин континенттик. Январдын Орточо температурасы –16...–17°С, июлдуку 20–21°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 мм, тоолуу аймактарында 300–400 мм. Ири дарыялары: Нура, Кулан-Өтпөс, Есил жана башка Иртыш – Караганды каналы (уз. 500 км) курулган. Майда туздуу көлдөрү көп. Жер астында суусу мол, ал кеңири колдонулат. Топурак кыртышы – корбанаттуу кара, тоолуу кара, кара күрөң жана күрөң. Өсүмдүктөрүнөн чөп (шыбак, бетеге, беде жана башка), бадал (караган, табылгы, ит мурун, ыргай жана башка) өсөт. Каркыралы, Кент, Ку жана башка тоолорунда карагай, кайың, көк терек; өзөн бойлорунда тал, шилби кезигет.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Облустун калкы Казакстандын калкынын 9%ин түзөт (2003). Казак (37,6%), ошондой эле орус (43,6%), украин (5,6%), немис (4,0%), беларус (1,5%), татар жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын Орточо жыштыгы 1 км2ге 3,1 киши (2004). Шаар калкы 83% (2003). Ири шаарлары: Караганды, Абай, Балкаш, Жез-Казган, Кара-Жал, Темир-Тоо, Шахтинск.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
- ↑ 2015-жылкы 1-январга Казакстан Республикасының облустары, шаарлары жана райондору бойунча калктын саны
- ↑ 2015-жылдын башына Казакстан Республикасынын калкынын жекелеген этностору бойунча саны
Казакстандын административдик бөлүнүшү | |
---|---|
Облустар | Абай облусу · Акмоло облусу · Актөбө облусу · Алмата облусу · Атыроо облусу · Батыш Казакстан облусу · Жамбыл облусу · Жети-Суу облусу · Караганды облусу · Костанай облусу · Кызыл-Ордо облусу · Маңкыштоо облусу · Павлодар облусу · Түндүк Казакстан облусу · Түркстан облусу · Улуу-Тоо облусу · Чыгыш Казакстан облусу |
Республикалык маанидеги шаарлар | Астана · Алмата · Чымкент |
Жоюлган облустар | Жезказган облусу · Көкчө-Тоо облусу · Семей облусу · Талды-Коргон облусу · Торгой облусу |