Алма Ата облусу
Алматы облусу каз. Алматы облысы | ||
| ||
Өлкө: | ||
---|---|---|
Абалы: | ||
Акимий борбору: | ||
Түзүлгөн убакыты: | ||
Акими: |
Амандык Баталов | |
Калкы (2015): |
2 015 727[1] (11,57 %, 2 орун) | |
Жыштыгы: |
9 адам/км² | |
Улуттук курамы: |
казактар 70,39% | |
Жер аянты: |
223,9 миң км² | |
Телефон коду: |
728 xxx-xx-xx | |
Почто индекстери: |
04xxxx | |
Унаа коду: |
05 | |
Ырасмый сайты | ||
![]() |
Алма Ата облусу - Казакстан Республикасынын түштүк-чыгышында. 1932-ж. 10-мартта түзүлгөн. Аянты 104,7 миң км2. Калкы 1631,7 миң (1998), шаар калкы 30,3% , облустун курамында 16 административдик район, 3 шаар, 6 шаарча бар. Борбору - Алма Ата шаары. Түштүгүн Теңир-Тоо (бийиктиги 973 мге чейин), түндүгүн Балкаш бою чөлү ээлейт. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы -10°С, июлдуку 24°С. Жылдык жаан-чачыны 100 ммден (чөлдөрдө) 1000 ммге (тоолордо) чейин. Тоо этегинин климаты жумшак; январдын орточо температурасы -3...-6°С, жылдык жаан-чачыны 7001000 ммге чейин. Башкы дарыясы - Иле. Түндүк батышында Балкаш көлү жайгашкан. Минералдык булактар кездешет. Шыбак-баялыштуу, шор топурактуу жарымчөл жана чөл бийиктеген сайын коңур топурактуу кургак талаага өтөт. Тоолордо токой, субальп жана альп шалбаасы өсөт. Негизги өнөр жай тармактары: оор машина куруу жана металл ишгетүү, жеңил (текстиль, трикотаж булгаары-бут кийим ж. б.), тамак-аш (ун тартуу, май чыгаруу, консерва), эт комбинаты. Иле дарыясына Капчыгай ГЭСи курулган. Маанилүү өнөр жай борбору Алма Ата, Талгар. Сугат дыйканчылыгы өнүккөн. Эгин (негизинен буудай), кант кызылчасы, тамеки, жүгөрү айдалат. Жемиш багы, жүзүм өстүрүлөт. Кой, жылкы, төө чарбалары бар. Уй чарбасы эт багытында. Балкаш көлү менен Иле дарыясында балык кармалат. Балкашта жана Иледе кеме жүрөт. Бухара Ташкен - Бишкек - Алма Ата газ кууру курулган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
- ↑ 2015-жылкы 1-январга Казакстан Республикасынын облустары, шаарлары жана райондору боюнча калктын саны
- ↑ 2015-жыл башына Казакстан Республикасынын калкынын жекелеген этностору боюнча саны
Казакстандын акимий бөлүнүшү | ![]() | ||
---|---|---|---|
Облустар: | Абай облусу · Акмоло облусу · Актөбө облусу · Алмата облусу · Атырау облусу · Батыш Казакстан облусу · Жамбыл облусу · Жети-Суу облусу · Караганды облусу · Костанай облусу · Кызыл-Ордо облусу · Маңкыштоо облусу · Павлодар облусу · Түндүк Казакстан облусу · Түркстан облусу · Улуу-Тоо облусу · Чыгыш Казакстан облусу | ||
Республикалык маанидеги шаарлар: | Астана · Алмата · Байкоңур | ||
Жоюлган облустар: | Жезказган облусу · Көкчө-Тоо облусу · Семей облусу · Талды-Коргон облусу · Торгой облусу |