Батыш Казакстан облусу

Википедия дан

Батыш Казакстан облусу - (1962-96-ж. Урал облусу) Казакстан Республикасында. 1932-ж. 10-мартта уюшулган.

Казакстан Батыш Казакстан Облусу (БКО)
каз. Batys Qazaqstan Oblysy (BQO)
Батыс Қазақстан облысы (БҚО)
Батыш Казакстан Облусунун элтаңбасы (герби).
Батыш Казакстан облусу Казакстандын картасында.

Негизги маалымат[оңдоо | булагын оңдоо]

Аянты 151,3 миң км2. Калкы 617,6 миң (1999). Борбору Уральск ш. Шаар калкы 41%. Ири шаарлары: Уральск, Аксай. Облуста 12 администрациялык район, 2 шаар, 4 шаарча бар. Басымдуу бөлүгү Каспий ойдуңунда жайгашкан; түндүгүн Жалпы Сырттын тармактары (бийиктиги 263 м ге чейин) ээлейт. Аймагында негизинен кумдуу жалдар менен ойдуңдар (абсолюттук бийиктиги 45-65 м ден ашпайт) айкалышып жатат.

БКОнун райондору.

Климаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -11°...-14°С (кээде -40°С ге чейин төмөндөйт), июлдуку 22-25°С (40°С ге чейин көтөрүлөт). Жылдык жаан-чачыны 190-350 мм. Ири дарыясы Урал. Облуста 140тан ашык көл бар. Кара жана каштан топурактуу, айрым жерлерин шор баскан. Дүйүм чөп-дан өсүмдүктүү жана ак кылкан-бетегелүү талаа, шыбак-дан өсүмдүктүү жарымчөл басымдуу.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Облус нефть жана газга (газ-конденсат) бай; ошондой эле калий, магний туздары, курулуш материалдары казылып алынат. Өнөр жайынын негизги тармактары: машина куруу, металл иштетүү, тамак-аш, жеңил, булгаары-буткийим, баалуу тери ашатуу, балык ж. б. Айыл чарбасы негизинен буудай, арпа эгүүгө жана эт-сүт багытындагы мал асыроого багытталган. Кой, бодо мал, жылкы багылат. Негизги автомобиль жолдору Уральск Атырау, Уральск Ак төбө, Уральск Оренбург. Казакстандын ири шаарлары, ошондой эле чет мамлекеттердин айрым шаарлары менен аба катнашы бар.

Кашаган май соргучу.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4