Костанай облусу

Википедия дан
Отурукташкан жай
Костанай облусу
Герб
Герб
Өлкө Казакстан
Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Сандык идентификаторлор
Костанай облусу.

Костанай облусу - Казакстан Республикасындагы административдик-аймактык бирдик. 1936-ж. 29-июлда Костанай менен Торгой облусунун негизинде уюшулган. Республиканын түндүк бөлүгүндө, Тобол дарыясынын жогорку алабында жайгашкан. Аянты 196,0 миң км2. Калкы 913,3 миң (2004). Борбору – Костанай шаары Шаар калкы 54,2%. Ири шаарлары: Рудный, Лисаковск, Аркалык, Жетигара. Облустун курамында 16 район, 5 шаар, 13 шаарча бар.

Тобол (Костанай).

Облустун аймагы негизинен Торгой жана Чыгыш Урал платолорунан орун алган. Токойлуу талаа, талаа жана жарым чөл зонасында жатат. Эң бийик бөлүгү Казак Сары-Аркасы (андагы бийик жерлер: Каракуш, бийиктиги 397 м; Көкчө-Тоо, 478 м; Кайыңды-Чоку, 569 м). Кен байлыктарынан темир, боксит, никель, титан, асбест, күрөң көмүр жана курулуш материалдарынын ири кендери бар. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы –18–19°С, июлдуку 19–20°С. Жылдык жаан-чачыны 300 ммден (батышында) 170 ммге (чыгышында) чейин, анын 75%и жылдын жылуу мезгилине туура келет. Ири дарыясы – Тобол (Обдун куймасы), анын куймалары – Сынташты, Аят, Уй, Убаган. Анча чоң эмес майда көлдөрү көп. Костанай облусунун түндүк бөлүгүнүн кыртышы кара топурактуу (аймагынын 40%и) келип, тулаң жана ар түркүн талаа өсүмдүктөрү, кайың, бай терек, мырза карагай, ал эми түштүк бөлүгү коңур топурактуу, мында бетеге, тулаң чөптөр, кумдуу топуракта анча бийик эмес мырза карагай өсөт. 1930-ж. Наурызым мамлекеттик коругу уюштурулган. Облустун экономикасынын негизин тоо-кен өнөр-жай түзөт. Айрыкча темир кенин казып алуу жана иштетүү чоң мааниге ээ. Соколов-Сарыбай (Рудный шаарында), Кашар (Кашар шаарчасында), Лисаков (Лисаковскиде; мында иштетилген кен Германияга экспорттолот) кен иштетүү комбинаттары бар. Облуста Казакстандын темир кенинин 85%и казылып алынат. Ошондой эле тамак-аш (эт-сүт, сары май, ун, пиво ж. б.), жеңил (текстиль, бут-кийим), машина куруу жана металл иштетүү өнөр-жай ишканалары иштейт. Облуста республиканын эгин аянтынын 18%и, малынын 13%и жайгашкан. Айыл-чарбага жарактуу жери 18,1 млн га, анын 4723,3 миң гасы эгин аянты, 136,0 миң гасы чабынды, 450,0 миң гасы жайыт. Мурунку чарбалардын ордуна 37 ЖЧК менен АК жана жүздөгөн фирмалар ж. б. уюшулду.

Костанай облусунун аймагы аркылуу электрлештирилген Астана – Карталы темир жол магистралы өтөт. Темир жолунун узундугу 1355 км, автомобилдики 8,3 миң км. 2003-ж. жалпы билим берүүчү 729 мекеме, 8 университет менен пединститут, маданият үйлөрү, китепканалар, музейлер бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]