Торгой платосу

Википедия дан

Торгой платосуКазакстандын түндүк-батышындагы плато сымал көтөрүңкү түздүк.

Батышынан Түштүк Урал жана Мугалжар, чыгышынан Сары-Арка менен чектешет. Уз. 600 кмдей, туурасы 300 км, бийиктиги 310 мге чейин. Узатасынан катарлаш Торгой коосу созулуп жатат. Торгой платосу - эпигерциндик платформалык түзүлүш. Туран шгатасынын түндүк учуна жана Торгой ийилүүсүнө дал келет. Деңиз, континент чополорунан жана кумдуктан түзүлгөн. Магнетит (Соколов, Сарбай, Качар кендери), күрөн темир (Аят, Лисаков), боксит (Аркалык), көмүр (Убаган бассейни) кендери бар. Торгой платосунун түндүк бөлүгү дөңсөөлүү келип, анча тилмеленген эмес, түштүгү дөңсөөлөрдөн турат. Туздуу көлдөрү көп. Түндүк бөлүгүндө эгин (буудай, таруу, арпа) айдалат, түштүгү жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4