Сары-Арка

Википедия дан

Сары-Арка«Манас» эпосундагы топоним. Казак каны Көкчөнүн мекендеген жери:

Сары-Арканы жайлаган,
Сан казагын айдаган
Келиштирип келмеге
Кер төбөлүн байлаган,
Кезенишкен душмандын
Кесип башын чайнаган (Сагымбай Орозбак уулу, 2, 127),

— деп эпосто туруктуу сүрөттөлөт. Кийин Көкчөнүн уулу Үмөтай да ушул жерди мекендейт. Географиялык реалияда Борбордук Казакстандагы дөңсө-тоолуу кеңири аймак.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]