Чымкент

Wikipedia дан

Чымкент, Чымкен (казакча: Шымкент) - Казакстандын түштүгүндө эң ири шаар.

"Манас" эпосунда[оңдоо]

Чымкент, Чымыгент (түрк тилдеринде кент — шаар; калктуу пункт) — «Манас» эпосундагы топоним. Көкөтөйдүн эли жайлаган жер. Ашты Үч-Каркырага өткөрмөккө аттанган Бокмурун Чымкентке өргүп, элинин эсебин алып өтөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 31, 78, 80). Географиялык реалияда Казакстандын Чымкент облусунун аймагына туура келет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4