Атырау облусу
| ||
| Өлкө | ||
|---|---|---|
| Административдик борбор | ||
| Тууралыгы | ||
| Узундук | ||
Атырау облусу (мурдагы Гурьев облусу) ― Казакстандын түндүк-батышындагы административдик-аймактык бирдик.
1938-жылдын 15-январында түзүлгөн. Аянты 112,0 миң км2. Калкы 453,2 миң (1997). Атырау облусунун курамында 7 административдик район, 1 шаар, 15 шаарча бар. Борбору Атырау шаары. Каспий бою ойдуңунда жайгашкан; түндүгүнөн Каспий деңизи менен чулганат. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -3,5°...-5°Сге чейин, июлдуку 24°25°С. Шамал дээрлик тынымсыз согуп турат (орточо ылдамдыгы 6-7 м/сек). Жылдык жаан-чачыны 150-200 мм. Башкы дарыялары: Урал жана Эмба. Ири көлдөрү: Индер, Жамансор, Айгыр-Көл жана башка Туздуу көлдөр да кездешет. Күрөң, шортоң жана шор топурактуу. Дан өсүмдүк-шыбактуу жарым чөл жана шыбак-баялыштуу чөл ландшафты мүнөздүү. Негизги өнөр жай тармактары: мунай, химия, балык. Облустун аймагынан мунай жана газдын ири кени табылган. Индер көлүндө калий тузунун мол запасы бар. Айыл чарбасынын негизги тармагы - кой чарбасы; ошондой эле уй, жылкы, төө асыралат. Тоют жана жашылча-бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Атырау - Орск, Атырау - Уральск, Атырау - Шевченко нефть куурлары бар. Каспий деңизинде мезгил-мезгили менен кеме жүрөт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
| Облустар | Абай облусу · Акмоло облусу · Актөбө облусу · Алматы облусу · Атырау облусу · Батыш Казакстан облусу · Жамбыл облусу · Жети-Суу облусу · Караганды облусу · Костанай облусу · Кызыл-Ордо облусу · Маңкыштоо облусу · Павлодар облусу · Түндүк Казакстан облусу · Түркстан облусу · Улуу-Тоо облусу · Чыгыш Казакстан облусу |
|---|---|
| Республикалык маанидеги шаарлар | Астана · Алматы · Чымкент |
| Жоюлган облустар | Жезказган облусу · Көкчө-Тоо облусу · Семей облусу · Талды-Коргон облусу · Торгой облусу |