Кескин континенттүү климат

Википедия дан

Кескин континенттүү климат – континенттик климаттын суткалык жана айлык орточо температурасынын, ошондой эле айрым метеорологиялык көрсөткүчтөрдүн өтө өзгөрүлмөлүүлүгү жана айырмаланган түрү. Айлык орточо температура кээде 70оСден ашып кетет.мКескин континенттүү климатка жаан-чачындын аз жаашы (көбүнчө 100 ммден аз), абанын нымдуулугунун төмөндүгү, бир аз булуттуулук, буулануунун көптүгү мүнөздүү. Адатта, Кескин континенттүү климаттуу аймак материктин борбордук бөлүгүндө (мисалы, Азиянын борбордук бөлүгүндө), өзгөчө тоо аралык ойдуңдарда жайгашат. Бул климатка мүнөздүү аймак – Чыгыш Сибирь; андагы Верхоянск – Оймякон аймагы, Түндүк жарым шардын суук уюлу, анда январдын орточо температурасы –50оСге, абсолюттук минимум –70оСге жетет. Кыргызстандын аймагында да Кескин континенттүү климат мүнөздүү жерлер бар. Мисалы, Ак-Сай өрөөнү. Анда январдын орточо температурасы –29оС, июлдуку 8оС, абсолюттук минимум –53,6оС (Кыргызстандын «суук уюлу»). Жылдык жаан-чачыны 257 мм.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]