Жайык

Википедия дан

Жайык (Орол, Урал) — топоним. Эпос боюнча түрк уруулары мекендеген жерлердин бири: "Эдил, Жайык жери бар, Эне-атабыз өскөн деп, Бир кыйла элдин кеби бар" (Сагымбай Орозбаков, 2. 16),— деп айтылат. Түштүк Урал жана Каспий бою ойдуңундагы дарыя. Эдил (Волга), Ж. (Урал) дарыялары түркчө мурдагы аталышы менен "Манас" эпосунда гана эмес, казак-кыргыздардын оозеки чыгармаларында алар качандыр бир кездерде мекендеп келген жерлер катары көп эскерилет. Бул Чыңгызкандын тукумдары негиздеген Алтын-Ордонун талкаланып, анын курамындагы айрым уруулардын кийин казак-кыргыздардын арасына келип сиңип кетиши менен байланыштуу.

Географиялык реалияда Урал 1775-ж. чейин Жайык деп аталган. Түштүк Урал жана Каспий бою ойдуңундагы дарыя.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4