Атырау

Википедия дан
Атырау

АтырауКазакстандын батышындагы шаар. Атырау облусунун административдик борбору. Калкы 316 449 (2023)[1].

Урал дарыясынын боюнда жайгашкан. 1640-жылы Яик дарыясынын (1775-жылдан Урал) чатында негизделген. Казактар «Уйшiк», орустар - Төмөнкү Яик таш шаарчасы деп аташкан. 1734-жылы Гурьев деп аталган. 1810-жылы чеп жоюлган. 1868-жылы Орусия империясынын Урал облусундагы, 1924-28-жылдары Урал губерниясындагы (ОСФСРдын курамындагы Кыргыз, 1925-жылдан Казак АССРиндеги) шаар. 1928-30-жылдары Гурьев округунун, 1932-38-жылдары Батыш Казакстан облусунун, 1938-жылдын 15-январынан Гурьев облусунун административдик борбору; 1992-жылдан Атырау. Университет, мунай жана газ институту, Казак драма театры (1938-жылдан) бар. Заводдору: нефть ажыратуу, химиялык (полимер материалдар өндүрүшү), курулуш материалдар, тамак-аш (анын ичинен балык иштетүү жана көбөйтүү)[2].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Қазақстан Республикасы халқының жынысы және жергілікті жердің типіне қарай саны (2023 жылғы 1 қаңтарға). Текшерилген күнү 25 Апрель 2023. Түп булактан архивделген күнү 5 -март (жалган куран) 2023.
  2. “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1