Каспий бою ойдуңу

Википедия дан
Каспий бою ойдуңу.

Каспий бою ойдуңуКаспий деңизинин Түндүк жээгинде, Чыгыш Европа түздүгүнүн түштүк-чыгышында жана Батыш Казакстандын аймагында жайгашкан. Аянты 200 миң км2дей. Жапыз, түзөң рельефтүү, ички бөлүгү деңиз деңгээлинен 28 м төмөн жатат (Европанын эң чуңкур жери); чет жакалары 100 мге чейин көтөрүлөт. Туздуу дөңсөөлөр бар (эң бийик жери 149 м, Чоң Богдо). Бэр дөбөлөрү (жарыш жаткан жал, дөбөлөр) мүнөздүү (Кума жана Эмба дарыясынын чаттарында). Волга, Терек, Сулак дарыясынын дельталарын, Урал, Эмба дарыясынын төмөнкү агымдарын камтыйт. Чыгыш Европа платформасынын синеклизасын ээлейт. Чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Нефть жана газ (Урал-Эмба нефть-газ бассейни) кендери бар; көлдөрүнөн (Эльтон, Баскунчак) кайнатма туз алынат. Астрахань коругу уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]