Немистер

Википедия дан
Немистер (1918).

Немистер, немецтер (өздөрүн дойче деп аташат) – Германиянын негизги калкы. Жалпы саны 140 миллион киши, анын ичинен 75 млну Германияда (2012). О. эле АКШ, Канада, Казакстан, РФ, Бразилия, Европа өлкөлөрүндө (Австрия, Швейцария, Лихтенштейн, Люксембург жана башка), Латын Америкасы, Австралия жана Түштүк Африкада да жашашат. Немис тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – протестанттар жана католиктер.

Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын аягында жана биздин замандын 1-кылымында байыркы герман уруулары Германия аймагындагы байыркы калктын бир бөлүгү, Түштүк-батыш жана түштүктөгү кельттер, ошол эле Альпыдагы реталар менен аралашкан. Немистердин этностук негизин биздин замандын 1-кылымында калыптанган франктар, сакстар, баварлар жана алеманндардын уруу союздары түзгөн. 10–13-кылымда немис феодалдары караткан аймактагы батыш славяндар жана Балтика боюндагы уруулардын бир бөлүгү немис элинин курамына кирген. 19-кылымдын орто ченинде немис улуту калыптанган. Немистер дыйканчылык, мал чарбачылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет. Аялдар корсаж же кофта, бүйүрмөлүү юбка кийип, алжапкыч тагынып, жамынма жамынган. Эркектери көйнөк, тизеге чейин кыска же узун ыштан, күрмө кийип, моюн орогуч тагынышкан. 19–20-кылымда Немистерде тироль костюму, кайырма жакалуу ак көйнөк, кыска булгаары ыштан, кызыл күрмө, жазы кайыш кур, куштун канаты тагылган калпак кеңири таралган. Тамак-ашы – негизинен дан, эт, сүт азыктары, суусундук катары сыра ичишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]