Люксембург

Wikipedia дан
Люксембург

Люксембург (люксембургча Lёtzebuerg, фр. Luxembourg, нем. Luxemburg ), Люксембург Улуу герцогдугу (люксембургча Groussherzogtum Lёtzebuerg, фр. Grand-Duche de Luxembourg, нем. GroBherzogtum Luxemburg) – Батыш Европадагы мамлекет. Түндүк-Батышынан Бельгия, чыгышынан Германия, түштүгүнөн Франция менен чектешет (чек арасынын жалпы узундугу 356 км.). Аянты 2586 км2 (түндүктөн түштүктү карай 82 кмге, батыштан чыгышка 57 кмге созулат). Калкы 503,1 миң (2010). Борбору – Люксембург шаары Расмий тили – люксембург (мамлекеттик тил статусуна ээ), француз, немис тилдери. Акча бирдиги – евро. Административдик-аймагы жактан 3 округга, алар өз ичинен 12 кантонго бөлүнөт. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008):

Округдары Аянты, км2 Калкы, миң Адм. борборлору
Люксембург 904 350,8 Люксембург
Дикирх 1157 74,9 Дикирх
Гревенмахер 525 58,1 Гревенмахер

Люксембург – БУУга (1945), ЭВФке (1845), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына (1945), Европа советине (1949), НАТОго (1949), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмуна (1973), Европа союзуна (1993; 1958–67-ж. Европа экономикалык коомуна, 1967–92-ж. Европа коому), Евратомго (1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | edit source]

Люксембург – унитардык мамлекет. Конституциясы 1868-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – улуу герцог. Люксембург улуу герцог бийлиги Нассаус династиясынын өкүлдөрүнүн ортосунда мураска берилет. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – депутаттар палатасынан турган парламент. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген улуу герцог өкмөтү ишке ашырат. Люксембургда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Христиан-социалдык партиясы, Люксембург социалдык жумушчу партиясы, Демократиялык партия, Жашылдар партиясы жана башка.

Табияты[оңдоо | edit source]

Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Париж бассейнинин уландысы болгон (Гутланд) көтөрүңкү (бийиктиги 250–400 м) куэста түздүгү ээлейт. Түндүк бөлүгүндө (Эслинг) жапыс рельефтүү (558 мге чейин, Бургплан чокусу – Люксембургдун эң бийик жери) Арденна тоолору жайгашкан. Тектоникалык жактан бул аймак герцин бүктөлүшүнө таандык. Негизги кен байлыктары: чөкмө темир кенташтары, цемент сырьёлору, гипс, доломит, курулуш материалдары (кум, шагыл). Климаты мелүүн, континенттик климаттан деңиздик климатка өтмө; январдын орточо температурасы 0–2ᵒС, июлдуку 17ᵒС; жылдык орточо жаан-чачыны түштүгүндө 700 ммден түндүгүндө 1000 ммге чейин. Дарыялары негизинен Мозель дарыясынын алабына кирет; анын негизги куймалары: Сюр жана Ур. Сюр дарыясына От-Сюр суу сактагычы курулган (аянты 3,8 км2). Кыртышында күрөң жана чымдак-күл топурактары басымдуу. Токой Люксембургдун аймагынын 1/3 бөлүгүн ээлейт. Түндүк бөлүгү токойлуу (55%), негизинен ийне жалбырактуу дарактар (карагай, кызыл карагай) үстөмдүк кылат. Түштүк бөлүгүндө бук, эмен токойлору таралган. Вересктер жана чым көңдүү саздар көп кездешет. Өлкөнүн аймагынын 17%и коргоого алынган; Жогорку Сюр табият паркынын аймагы эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерге кирет.

Калкы[оңдоо | edit source]

Өлкөнүн калкынын 56%и жергиликтүү люксембургдуктар, 44%и иммигранттар жана алардын тукумдары (европалык өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрсөткүч). Көбү (90%тейи) Европа союзуна кирген өлкөлөрдөн; эң көп топтору – португалдар (16,2%), француздар (5,8%), италяндар (3,95%), бельгиялыктар (3,6%), англистер (1,1%), голланддар (0,8%). 20-кылымда Люксембургдун калкы 2 эседен ашык өскөн. Калкынын жалпы өсүүсү негизинен иммиграциянын эсебинен. Өлкөдөгү демогр. проблемалардын бири – улгайган адамдардын көптүгү. Өмүрдүн орточо узактыгы 80,1 жаш (аялдардыкы 82,7, эркектердики 77,6 жаш). Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 194 адам (2010). Шаар калкы 82,3% (2008). Эң ири шаары – Люксембург, башка чоң шаарлары: Эш-сюр-Альзет, Дифферданж, Дюдеданж, Петанж. Люксембургдун экономикасында 332,5 миң адам (анын ичинде 40%ке жакыны чектеш өлкөлөрдөн күнүнө келип) иштейт; алардын 1,4%и айыл жана токой чарбаларында, 10,7%и өнөр жайында, 10,6%и курулушта, 77,3и тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Люксембургдун калкынын 85тен 90%ке чейинкилери – католиктер, калгандары – протестанттар жана мусулмандар.

Тарыхы[оңдоо | edit source]

Биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта Люксембургдун азыркы аймагын кельттер мекендеген. Рим империясынын убагында биздин заманга чейин 1-кылымда Белгика-Прима провинциясынын, 5-кылымдын аягында Франк мамлекетинин курамына кирген. Люксембург аймагы 963-ж. Ыйык Рим империясына, 1136-ж. Намюрск графынын, 1214-ж. Люксембург графынын ээлигине, 15-кылымдан Люксембург герцогдугуна караган. Вена конгрессинин (1814–15) чечими боюнча Герман союзунун (1866-ж. жоюлган) курамында Люксембург Улуу герцогдугу түзүлүп, ал Нидерланд королдугу менен унияда болгон. Люксембургдун азыркы чек арасы 1839-ж. белгиленген. Лондон конференциясында (1867; Россия, Улуу Британия, Австрия, Пруссия жана Франция) Люксембург «түбөлүк бейтарап» мамлекет болуп жарыяланган. Люксембург 1868-ж. конституция кабыл алган. 1890-ж. Люксембург менен Нидерланд ортосундагы жеке уния жоюлган. Биринчи дүйнөлүк согушта Люксембургду герман аскерлери басып алган. Россиядагы революциянын (1917) таасиринен демократиялык кыймылдардын натыйжасында Люксембург конституциялык монархиясы жарыяланып, Люксембург эмгекчилери жалпыга бирдей шайлоо укугуна, 8 сааттык жумуш күнүнө ээ болгон. 1920-жылдан Люксембург Улуттар лигасына мүчө. 1921-ж. Бельгия-Люксембург экономикалык союзу түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) Люксембургду фашисттик Германия аскерлери (1940-ж. 10-майда) басып алган. 1945-ж. февралда немис баскынчыларынан бошотулган. Люксембург согуштан кийин Батыш Европа өлкөлөрү түзгөн топторго кошулуп, 1945-ж. БУУга, 1949-ж. НАТОго мүчө болгон. 1955-ж. Люксембург парламенти 1954-жылдагы Париж келишимин кубаттап, Батыш Европа союзуна кошулган. 1958-ж. Люксембург, Бельгия, Нидерланд өлкөлөрү Бенилюксту түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. 1950–60-жылдарда металлургия жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү тез өскөн. 1990-ж. Люксембургда Шенген келишимине кол коюлган жана 2002-ж. бирдиктүү валюта – еврону пайдалануу киргизилген. 1992-ж. Люксембург Маастрихт келишимине кол коюп, Европа союзун (ЕС) негиздөөчү мамлекеттердин бири болуп калган. Негизги саясий партиясы – Христиан-социалдык элдик партиясы (ХСЭП) 1919-ж. негизделген. 1995-жылдан Люксембург өкмөтүн ХСЭП мүчөсү Ж. К. Юнкер жетектейт. ХСЭП 2004-жылдагы шайлоодон кийин коалициялык өкмөт түзүп, Люксембург социалдык жумушчу партиясы менен Юнкер премьер-министр болуп калган. Улуу герцог Жана (1964–2000) тактыдан түшкөндөн кийин, анын ордун уулу Анри ээлеген (2000-жылдан).

Чарбасы[оңдоо | edit source]

Люксембург – өтө өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 40,81 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 81,8 миң доллардан туура келет (2010); бул көрсөткүч б-ча Европа союзуна кирген өлкөлөрдөн алда канча алдыда. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,964 (2007; дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 11-орунда). ИДПнин түзүмүндө тейлөө чөйрөсүнө 86% (дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири), өнөр жайына 13,6%, айыл жана токой чарбаларына 0,4% туура келет. Люксембургдун өнөр жай негизинен импорттук табигый газга жана Германиянын электр энергиясына байланыштуу. 2007-ж. 3 млрд кВт•с электр энергиясы өндүрүлгөн, ал эми керектөөсү 6,75 млрд кВт•с. Өлкөдөгү эң ири ЖЭСтин кубаттуулугу 350 МВт; ири ГЭСтери Мозель жана Сюр дарыясына курулган. Иштеп чыгаруучу өнөр жай продукциясынын басымдуу бөлүгү экспорттолот. 20-кылымдын аягынан өндүрүшү кыйла кыскаргандыгына карабастан, кара металлургия өнөр жай өнүккөн; болот прокаты өндүрүлөт. Германия, Франция, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн автомобиль заводдору жана Бельгия, Нидерланддын автомобиль кураштыруучу ишканалары үчүн түрдүү комплектөөчү тетиктерди, түйүндөрдү, агрегаттарды чыгарат. Бул продукцияларды өндүрүүгө металлургия, химия, электр-техника, айнек жана электроника өнөр жай тармактары багытталган. Ички керектөөлөрү үчүн жергиликтүү сырьёлордун (доломит, акиташ жана башка) базасында курулуш материалдар өндүрүшү өнүккөн. Аралаш типтеги (мал чарбачылык-өсүмдүк өстүрүүчүлүк) чарбачылык басымдуу. Айыл чарбага жарактуу жери 130,76 миң га (2009), анын ичинде шалбаа 45,3%, жайыт 6,7%, дан эгиндери 21,8%, тоют чөптөрү 17,7%, башка эгиндер, жүзүмзар 1%. Айыл чарба өндүрүшүнүн негизин мал чарбасы түзөт (айыл чарба продукциясынын ¾ бөлүгүнөн ашыгын берет). Башкы тармагы – сүт багытындагы уй асыроо (агрардык продукция наркынын 45%тейи); ошондой эле эт багытындагы мал жана чочко чарбалары да өнүккөн. Сүт, сыр жана май даярдалат. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк айыл чарба продукция наркынын 20%ин түзүп, мал чарбасы үчүн дан жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө багытталган. Картөшкө, буудай, сулу, арпа, кара буудай, жүгөрү жана үрөн үчүн уй беде өстүрүлөт. Мозель дарыясынын өрөөнүндө эзелтен жүзүмчүлүк өнүккөн. Сапаттуу ак шараптын жарымы экспортко кетет. Токой 89,8 миң га жерин ээлейт.

Тейлөө чөйрөсү[оңдоо | edit source]

Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын негизги сектору. Негизги тармактары: банк-финансы ишмердиктери, байланыш жана телекоммуникация, транспорт жана логистика тейлөөсү, соода жана туристтик бизнес. Финансылык тейлөөнүн өнүгүүсүнө холдинг кампанияларына, инвестициялык фонддорго карата салык мыйзамынын жана саясатынын ыңгайлуулугу, банк салымынын сырын сактоо кепилдиги жана башка шарт түзөт. Өлкөнүн банк системасынын негизги артыкчылыктары – финансылык тейлөөнүн ар түрдүүлүгү, дасыккан финансисттери жана юристтери, кардарлар жөнүндөгү маалыматтарды жашыруун сактай алгандыгы. Люксембург банк активдеринин жалпы көлөмү боюнча дүйнөнүн ири финансы борборлорунун бири болуп саналат. Люксембургда 2009-ж. 149 банк катталган, алардын көбү чет өлкөлүк кардарлар менен иштеп, эл аралык рыноктордо активдүү операцияларды жүргүзөт. Жыл сайын Люксембургга 200 миңдей турист келет; алардан түшкөн киреше 2,9 млрд еврону түзөт (2009). Люксембург – Европанын маанилүү транспорт тоому. Жүктүн көбү автотранспорт менен ташылат. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 2,9 миң км (анын ичинде тез ылдамдыктагы шоссеники 152 км; 2010). Темир жолунун узундугу 275 км (2009); 2007-ж. Франциянын тез жүрүүчү темир жолуна кошулган. Мозель дарыясында кеме жүрөт; негизги порту – Мертерт. Финдель эл аралык аэропорту иштейт. Экспортко негизинен металл жана андан жасалган буюмдар, машина, пластмасса, транспорт каражаттары жана текстиль буюмдарын чыгарып, транспорт каражаттарын, металл жана химия продуктуларын, азык-түлүк, жыгачтан жасалган буюмдарды, кагаз импорттойт. Негизги соода шериктери: Германия, Бельгия, Франция, Нидерланд, Италия, Улуу Британия.

Маданияты[оңдоо | edit source]

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону; 6 жылдык башталгыч, 8–9 жылдык жалпы орто жана орто кесиптик-техникалык билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 100%ти түзөт (2012). Ири ЖОЖдор, илимий мекемелер, музей, китепканалар Люксембург шаарында жайгашкан. Немис жана француз тилдеринде «Luxemburger Wort» (1948), «Tageblatt» (1912), «Letzebuerger Journal» (1948), «Le Jeudi», «La Voix du Luxembourg» (1982) жана башка гезиттер; «Telecran» (1978), «Revue» (1945) жана башка журналдар чыгат. Радиоуктуруусу 1931-жылдан, телекөрсөтүүсү 1955-жылдан иштейт. Люксембург аймагында алгачкы коом маданиятынын, кельттердин, байыркы римдиктердин эстеликтери сакталган. Өзгөчө түндүктө, Арденндин аскалуу тоо тармактарында көбүнчө кайра курулган 10–15- кылымдагы замоктор (Вианден, Буршед, Бурглинстер жана башка), сепилдер (Петтингдеги Петанж, 12-к. жана башка), мунаралуу бар, шаар дубалдары (Эхтернахта) жана кароол мунаралары сакталган. 10- кылымдан роман капеллалары (Люксембурдагы СенМишель часовнясы; Роспорттогу капелла,13-к. жана башка) жана базиликалар (Ыйык Пётр жана Павел, 10–12-к.); коңгуроо мунаралары, Мюнсхаузендеги чиркөө, 16-кылымдын 2-жарымында Ренессанс стили (Люксембургдагы мурдагы Ратуша, азыркы Улуу герцогдор Ак сарайы), 17-кылымдын башынан – барокко (Люксембургдагы Нотр-Дам соборунун порталы, Д. Мюллер жана башка) тарала баштаган. 17–18-кылымда эски замоктор (Эрпельданж, Петанж жана башка) кайра курулган жаңы замоктор (Витранж, Вильц жана башка) салынган. 19-кылымда классицизм эклектизмге Вильцтеги Ратуша, 1880, жол бошотот. Неороман стилинде Кольмар-Бергдеги улуу герцогдор замогу (1907–11), Ыйыктары Маврикий жана Мавр бенедикт аббаттыгы (1009–12), неоготика стилинде Дикирхтеги Ыйык Лаврентий чиркөөсү (1867–68), Пеппанжедеги Сен-Сакреман монастыры (1883) жана башка курулган. Люксембургдун түштүгүндө өнөр жайдын өнүгүшү 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында индустриялык жана турак жай курулуштарынын пайда болушун шарттаган. 20-кылымдын ортосу – 21-кылымдын башында модерн стилинде жаңы шаар кварталдары (Люксембургдагы Европ. борбор району, 1966), 2-дүйнөлүк согуштун баатырларына арналган монументтер (Вильцте, 1956), чиркөөлөр (Вильцтеги Нотр-Дам-де Фатима санктуарийи, 1949–52), турак жай жана коомдук курулуштар (Эхтернахтагы жогорку мектеп комплекси, 1970, арх. Л. Крие; Люксембургдагы Улуу герцог Жан атындагы заманбап искусство музейинин имараты, 2006, арх. И. М. Пей) тургузулган. Люксембург сүрөт искусствосу негизинен франциялык таасирде өнүккөн (Ж. Б. Фрезенин портреттери; С. Вайстын импрессионистик акварелдери, пейзажы жана башка Люксембург живопись мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири, сүрөтчү Ж. Куттердин сүрөттөрү боёкторунун түстөрүнүн ургаалдуулугу менен айырмаланат («Клоундар» цикли, 1936–37). Абстракционизм Л. Веркольенин скульптурасында иштелип чыккан. 1970-жылдарда сүрөт искусствосуна Р. Бертемес, Б. Хайарт, 1980-жылдардын аягында П. Липперт, Р. Бренди келишкен. Монументалдык скульптурада Ш. Энгельс эмгектенет. Эхтернахта (1975-жылдан баштап) жана Бурглинстер замогунда классикалык музыка (1982-жылдан); «Printemps Musical» (1983-жылдан) жана «New Orleans meets Luxembourg» жеңил музыка фестивалдары (2006-жылдан) Эш-сюр-Сюрда жана Вильцте театр жумалыктары өткөрүлөт. Ышкыбоздордун музыка ойноо салты өөрчүгөн; элдик музыка жана бий фестивалдары өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | edit source]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7