Словакия
Слоуакия, Слова́кия (словак. Slovensko), расмий аталышы — Слоуак Респу́бликасы (слоуак. Slovenská republika) — Борбордук Европадагы мамлекет.
Слоуак Республикасы | |
---|---|
|
Негизги маалымат[оңдоо | булагын оңдоо]
Калкы 5,4 млн киши (2001-жылкы эл каттоо). Аянты — 48 845 км2. Калкынын саны боюнча дүйнөдө 112- орунда, аянты боюнча 127-орунда. Борбор шаары — Братислава. Мамлекеттик тили — словак тили.
Унитардуу мамлекет, парламенттик республика. 2014-жылдын августунан бери ажосу Андрей Киска, премьер-министри — Роберт Фицо. 8 крайга бөлүнөт.
Жауропанын чордонунда жайгашкан. Континенталдык мамлекет, деңизге чыгуу жолу жок. Кургактыктан Украина, Полша, Чехия, Австрия жана Мажарстан менен чектешет.
Көпчүлүгү (калкынын 70 % жакыны) католицизм динин карманышат.
Экономикасы ыкчам өнүгүүдөгү өнөр жайлуу өлкө. ИДПнын көлөмү 2011 жылы 127,111 млрд АКШ долларын түзгөн (калктын жан башына 23 384 АКШ долларына жакын). Акча бирдиги — евро.
1993-жылы 1-январда эгемендүүлүк алган. Өтмүштө өлкөнүн аймагы көптөгөн дөөлөттөрдүн аймагында болуп келген. Мамлекеттик калыптанышы VII кылымдагы Само мамлекетинен башталып, XX к. Чехословакия чейин уланды. 2-дүйнөлүк согуш кезинде Үчүнчү рейхке көз каранды Словак мамлекети болуп, 1945-жылы кайра Чехословакия болгон.
Австрия · Азербайжан¹ · Албания · Андорра · Беларусь · Бельгия · Болгария · Босния жана Герцеговина · Ватикан · Германия · Грекия · Грузия¹ · Дания · Ирландия · Исландия · Испания · Италия · Казакстан² · Латвия · Литва · Лихтенштейн · Люксембург · Мажарстан · Мальта · Молдавия · Монако · Монтенегро · Нидерланд · Норвегия · Орусия² · Польша · Португалия · Румыния · Сан Марино · Сербия · Словакия · Словения · Түндүк Македония · Түркия² · Украина · Улуу Британия · Финляндия · Франция · Хорватия · Чехия · Швейцария · Швеция · Эстония Көзкаранды жерлер: Аланд аралдары · Гернси · Гибралтар · Жерси · Мэн аралы · Фарер аралдары · Шпицберген · Ян-Майен Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган өлкөлөр: Косово · Приднестровье ¹ Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын өтүшүнө байланыштуу, негизинен же толугу менен Азияда. ² Негизинен Азияда. |