Поляктар
Поляктар ― улут. Польшанын негизги калкы. Поляк тилинде сүйлөшөт.
Динге ишенгендеринин көпчүлүгү - католиктер. Кээ бир илимпоздор Поляктардын алгачкы этногенезин луж жана помор урууларынын маданияты менен байланыштырат. Поляк эли Польша мамлекетинин түзүлүү мезгилинде калыптанган (10-11-к.).
Поляктардын этностук негизин полян, слензан, вислян, мазовец, помор уруулары түзгөн. Немец феод, баекынчыларга каршы күрөштө (13-15-к.) Поляктардын биригүүгө болгон аракети күчөгөн.
15- 16-кылымда Польшанын маданияты, искусствосу, адабияты жана илими дүркүрөп оскөн.
18-19-кылымдын аягында Поляктардын улуттук аң сезиминин өнүгүшүндө элдик боштондук кыймылдар көрүнүктүү роль ойногон.
19-кылымда өз алдынча Польша мамлекетинин жоктугуна карабастан, поляк элинин биримдүүлүгү сакталып, улуттук аң-сезими жогорулаган.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Польша помещиктик мамлекети пайда болгон. Бирок ага Батыш Польшадагы айрым жерлер кирбей калган.
Бардык поляк жерлеринин бир мамлекетке биригиши 2-дүйнөлүк согуштан (1939- 45) кийин гана ишке ашкан.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.